№1204
Америка мамлекетинде жаралып, башка өлкөлөргө тараган тортту биздеги эле кондитердик үй, тамактануучу жай, дүкөндөрдөн оңой табууга болот. Анткени аз убакыттын ичинде популярдуулугун арттырып, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланды. Какао аралашкан кызыл жумшак бисквит менен кремдин айкалышы кайталангыс даам бергендиктен “жеген да арманда, жебеген да арманда” деген кепке татырлык. Демек, жасап да көрүү керек.
Кызыктуу фактылар
• АКШда 19-кылымдын аягында пайда болгону менен, 1940-жылдан кийин популярдуулугу арта баштаган. Көбүнчө түсүнө карап Рождество, Валентин күнү жана Пасха сыяктуу майрамдарда жасашкан. Ал эми Канада, Австралия, Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдө белгилүү болгондон кийин ал жактарда үйлөнүү үлпөттө да негизги даам катары жайылган.
• Торттун популярдуулугунун өсүшүнө 1989-жылы чыккан "Болот магнолиялар" ("Стальные магнолии")тасмасы да себепчи. Анда торт үлпөт тойдо көрсөтүлгөн.
• Табигый какао менен айран, уксус өңдүү кычкыл азык кошулганда реакция жүрүп, кочкул кызыл корж пайда болгон. Кийин мындай түстү алуу үчүн кызылчанын ширесин да колдонушкан. Азыркыга чейин кулинарлар тамак-аш боёгунун ордуна кызылчанын, мөмө-жемиштердин ширесин колдонууну сунушташат. Бирок анчалык каныккан кызыл түс чыкпайт.
• Түсүнө карап торттун аты көп өзгөргөн. Мисалы: мала кызыл түсүнө карап дарбыз торту да дешкен, кийин кыпкызыл өңүнө карап шайтандын торту, оттуу торт, кызыл сырдуу торт жана башка деп да аталган.
Корж жасоо
Керектелүүчү азыктар:
Ун – 220 грамм
Какао – 10-12 грамм
Көптүргүч – 10 грамм
Жумуртка – 2 даана
Кумшекер – 150 грамм
Айран (1%) – 180 грамм
Тамак-аш боёгу – 5 грамм
Өсүмдүк майы – 120 миллилитр
Чымчым туз
Даярдоо ыкмасы:
1. Айранга тамак-аш боёгун кошуп аралаштырабыз.
2. Ун, какао, көптүргүчтү кошуп аралаштырып алабыз.
3. Жумурткага кумшекерди жана чымчым тузду кошуп, миксер менен агарганча чалуу керек. Буга айран менен өсүмдүк майын кошуп аралаштырсак, орточо суюктуктагы камыр даяр болот.
4. Торттун тегерек формасына эки бөлүп бышырабыз. Форманын диаметри 20-23кө чейин болушу керек жана астына фольга оройбуз. Эгер тегерек форма жок болсо, нан бышырган төрт чарчы табага бир эле куябыз. Ысып турган электр мешинде 180 градуска 25-30 мүнөт коюп бышырабыз. Муздатып, тегерек корждорду жалпагынан экиге бөлөбүз, баары 4 корж болот. Эгер табага бышырсак, аны үстүнөн төрт чарчы коржго бөлөбүз. Үстүнкү беттерин кесип, күкүмдөй майдалайбыз. Бул кооздоодо пайдаланылат.
Кремин даярдоо
Керектелүүчү азыктар:
Быштактуу сыр – 400 грамм
Кумшекер упасы – 120 грамм
Коюу сүт (сливки 33%) – 300 грамм
Даярдоо ыкмасы:
Алгач быштактуу сыр менен кумшекер упасын чалабыз. Ал экөө аралашкан соң гана коюу сүттү кошуу туура. Крем коюуланганча чалабыз. Көп чалса ирип кетет.
Мөмө-жемиш толтурмасын даярдоо
Керектелүүчү азыктар:
Тоңдурулган мөмөнүн бири –
200 грамм
Кумшекер – 80-100 грамм
Жүгөрү крахмалы – 1 аш кашык
Даярдоо ыкмасы:
Торттун бул бөлүгү сөзсүз болушу керек эмес, бирок мөмө өзгөчө даам берет. Бул үчүн тоңдурулган алча, карагат же малина мөмөсүн колдонобуз. Баарын мискейге салып, отко коёбуз. Кайнаганча аралаштыра беребиз, болбосо түбүнө күйөт. Бир кайнатып оттон чыгарабыз. Муздаган соң коюуланат.
Тортту бириктирүү
1. Тортту жакын арада дасторконго коюш керек болсо, корждордун үстүнө сүттөн аз-аздан куюп сиңиребиз. Эгер бир түнгө коюуга убакыт болсо, кремден нымдуулук сорот, сүт сиңирүүнүн кажети жок.
2. Кремди төрт бөлүккө бөлөбүз. Бири сыртын каптоо үчүн көбүрөөк болушу керек.
3. Торт үчүн жука тактага кремден ортосуна бир аз сүртүп, биринчи коржду жайгаштырабыз. Кремди корждун калыңдыгында сүртүп, экинчи коржду коюп, кремден жука сүртүп, чекелерине тосмо сымал кремден сыгып, андан соң мөмө-жемиш толтурмасын салабыз. Кийинки катмар да ушундай болот. Акыркы коржду коюп, тегерек форманы сыртынан кийгизип, өлчөмүнө жараша диаметрин кичирейтип тыгыздап, муздаткычка коёбуз.
4. Нымдашкан тортту үстүнө, капталдарына кремден сүйкөп тегиздейбиз. Корждун кооздоо үчүн алып койгон күкүмдөрүн капталына жана ортоңку бөлүгүн ачык калтырып жабыштырып чыгабыз. Күкүм бүткөн жерге мөмө-жемиштерди же ар кандай печенье түрлөрүн тизип кооздойбуз.
Асел Ишенбай кызы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |