№1204
“21 жаштагы уулумду Жаңы жыл алдында балдар токмоктоп салышты. Учурда абалы абдан оор. Шектүүлөрдүн экөөсү гана суралып, калганы ээн-эркин жүрүшөт. Күнөөлүүлөрдүн баарынын мыйзамдуу жаза алышын талап кылабыз” дейт Венера Канаева аттуу каарманыбыз. Окуя кандайча болгон, тергөө кандай жүрүүдө?
“Оор операция жасалды, бир капталы иштебейт”
– Аты-жөнүм – Венера Канаева. Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында үй-бүлөм менен жашайм. 4 балам бар. 2025-жылдын 30-декабрында Канттагы цемент-шифер комбинатында иштеп жаткан 21 жаштагы уулум Ислам Усубалиевди бирге иштешкен балдары сабап, 4 күн комада жатты. Башына операция жасалып, чоң гематома алынды. Учурда абалы оор, ооруканада. Бир капталы кыймылдабайт. Дааратканага барууну билдирүүчү нерв, рефлекстери иштебейт, айта албайт. Булдуруктап сүйлөйт. Айткан сөздөргө толук түшүнүп, ой жүгүртө албайт. Суроолорго үстүртөн гана түшүнүп, “ооба” же “жок” деп гана жооп берет. Сол көзү көрбөй жатат. Мушташ болгон окуяны эстей албайт. Ушундай абалга жеткирип токмоктогон балдардын экөөсү гана убактылуу камакка алынып, калгандары эркиндикте жүрүшөт. Эмне үчүн? Калгандары да жооп бериши керек да.
Уулум сабалып ооруканага түшкөн күнү эле милицияга арыз жазганыма карабай, кылмыш иши 2-январда түштөн кийин ачылган. Угушубузга караганда, токмоктогон балдардын чоң кызматтарда иштеген туугандары милицияга чалып, кылмыш ишин ачтырбоого аракет кылышкан. Биз муну билип калып, социалдык тармактарга чыгып өлкө башчысынан, УКМК жетекчисинен жардам сурай баштаганыбызда гана токтоп калышкан. Кылмыш иши толук ачылып, күнөөлүүлөрдүн баары табылып, мыйзамдуу жазаларын алышын талап кылабыз.
“Оозунан кан чыгып кетти”
– Окуя 2025-жылдын 30-декабрында болгон. Уулум Ислам "жаңы жылдык корпоратив болот" деп үйдөн саат 5терде чыгып кеткен. Өзүм мектепте кароолчу болуп иштейм. Жумушта отурсам, түнкү саат бирде уулумдун сүйлөшкөн кызы чалып "Исламбек байланышка чыкпай жатат, кабар алып коёсузбу?" деди. Муну угуп үйдөгү чоң уулум Талгатка чалдым. Ал “келди, ичип алыптыр” деди. Үйгө барсам Талгат "Д. деген досу үйгө машинасы менен алып келип таштады. Ислам эч нерсе билбейт, мас. Экөөбүз биздин машинага эс алсын деп жаткызып койдук" деди. Барсам, эс-учун билбей жатат. Ойготсом турбайт. Эсине келтирейин деп муздак суу чачсам реакция жок. Дагы суу чачсам ичиркене түшүп, оозунан кан атып кетти.
Карасам, бир көзү кызарып жүрөт. Абдан ичип алган дейин десем, арактын жыты деле билинбейт. Үйгө киргизип, кийимдерин которо баштадык. Ошондо денеси көгөрүп баштады. Көрсө, суук көгөртпөй кармап туруптур денени. Муунткандай колдун издери моюнунда жүрөт. Эч нерсени сезбеген, көзүн ачпаган бойдон уулум катуу калтырап-титирей баштады. Башындагы шишигинин өлчөмү чоңоюп кетти. Биз ошондо токмоктоп, ал тургай өлтүргөнгө аракет кылышкан экен деп жуурканга орогон бойдон Кантка, ооруканага алып жөнөдүк.
“Врачтар балаңар комада дешти”
– Врачтар башын рентгенге тарттырып көрүп “уулуңар комада, абалы өтө оор. Башына кан куюлуп жатат. Дароо реанимацияга” деп дүрбөп калышты. Мен Бишкекке алып кетели десем, “балаңар жолдо машина 2-3 силкингенде эле өмүрү менен коштошот. Биз азыр өлүмдөн алып калууга, өтө оор абалдан канча пайыз болсо да өткөргөнгө аракет кылабыз. Эртең санавиация менен алып кете бергиле. Азыр милицияны чакырабыз” дешти. Ошентип балам реанимацияга киргизилди. Түндө 2 жолу суранып кирип чыктым, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатыптыр.
Исламдын сүйлөшкөн кызына “уулум реанимацияга түшүп калды” деп жаздым. Кыз "Ислам мага буларды жазган" деп, анын СМСтерин скриншот кылып жөнөттү. Анда балам “Я короче пишу заяву на имя А.У., Т.Р. и.т.” деп жазыптыр (ред.: аты-жөндөрү толук жазылбады). “Эмне болду?” десе, “токмоктошту” деген мааниде сөз жазыптыр. Анан ал кыз келип, баарын айтып берди. Көрсө, Ислам ага тигинтип жазгандан кийин дайыны чыкпай калганда кыз мага “кабар алып коюңуз” деп чалган экен.
“Бул мушташ эмес, өлтүрүүгө болгон аракет деп жатышты”
– 1 саат күтсөк, милиция келбеди. Ысык-Ата РИИБине барсам, мени түнкү нөөмөттөгү тергөөчү айымга киргизишти. “Милиция эмнеге барган жок?” десем, “бошошкон жок, эми барышат” деп койду. Арызымды жазып бүтөрдө врачтар чалып чакырып калышты. Ооруканага кайра келсем, 4 милиция кызматкери келип калыптыр. Алардын өздөрүнчө “бул мушташ эмес, өлтүрүүгө болгон аракет” деп айткандарын уктум. Андан кийин милицияга барып көрсөтмө берип келдим.
Мен уулумду үйгө жеткирген Д. аттуу жигитке чалып окуя тууралуу сурасам, ал “балаңыз суранганынан барып, түнкү саат 11:30дарда унаама салгам. Балдар менен чабышып кеттим деген” деди. “Унаага мас болуп түштү беле?” десем, “ооба” деди. Андан ары түшүндүргөнүнө караганда, ал баламды 1 сааттай алып жүрүп, анан үйгө жеткирип койгон экен.
“Кылмыш ишин 3 күн дегенде козгошту”
– Ооруканадан комадагы баламды 31-декабрда Бишкекке алып келип, башын томографияга тарттырдык. Нейрохирургдар “башына тезинен операция жасалышы керек, гематома бар” дешти. Макул болдук, операцияга алып кирип кетишти. 3 сааттан кийин операция бүттү деп реанимацияга которушту.
2-январда уулумду сабаган балдар эркиндикте жүргөнүн угуп калдык. Сиңдим Ысык-Ата РИИБинин менин арызымды алган тергөөчүсүнө чалып, “кылмыш ишин эмнеге козгогон жоксуңар?” деп сураса, ал “кылмыш ишин козгогонго “доказательство” жетишпейт” деп жооп берет. "Токмок жеген бала комада, бул эмне, далил эмеспи?" десе, тиги телефонун өчүрүп, ошону менен жок болот. Токмоктогон балдардын чиновник туугандары ишти козготпоого аракет кылып жатканын угуп, социалдык тармактарга чыга баштадык. Ошондо гана Ысык-Ата РИИБинен, Чүй ОИИББинен бизге чалып, жардам көрсөтөбүз дешти.
Ошентип, кылмыш иши 2-январда түштөн кийин ачылды. Кылмышка шектүү деп балам СМСинде аты-жөнүн жазган 2 бала камакка алынды.
Учурда экөө кандай көрсөтмө берип жатканын билбейбиз. Болгону бизге милициядан “азырынча баарын тактап, камераларды карап жатабыз. Толук маалымат бере албайбыз, тергөө купуялуулугу” деп гана маалымат беришти.
Уулум 5-күн дегенде көзүн ачты. Абалы мен жогоруда айткандай. Арыз-дообуз: шектүүлөрдүн экөөсү гана суралып, калганы ээн-эркин жүргөндүгүндө, кылмыш ишинин кеч козголгонунда, тергөөнүн жай жүрүшүндө. Шектүүлөрдүн баары табылып, жазаларын алышын талап кылабыз. Балабыз качан бутуна туруп оңолот, операциянын, дартынын зыяны качан биротоло кетет, аны бир Кудай билет.
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы: “Тергөө амалдары жүрүүдө”
– 2025-жылдын 31-декабрында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө ооруканадан Дмитриевка айылынын тургуну, 2004-жылы туулган У.И. аттуу жаран ар кандай дене жаракаттары менен жеткирилгени тууралуу билдирүү түшкөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, У.И. жаракаттарды белгисиз адамдар тарабынан сабалгандан алганы аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.
Аталган кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Т.Р. жана 2005-жылы туулган А.У. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка адамдар да аныкталып, учурда аларга карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |