№1205
Кичине балдарда да урологиялык оорулар кездешет. Аларды убагында дарылабаса, бала келечекте тукумсуз болуп калышы мүмкүн. “Баланын ден соолугуна кам көрүп, оору бар-жогун байкап туруу зарыл”,- дейт уролог Бакберген Кабаев. Макала балдарда кездешкен урологиялык оорулар тууралуу.
ОРХИТ
Орхит – инфекциялардан улам урук безинин (жумуртка) сезгениши. Көбүнчө бездердин бири сезгенет. Оорунун белгилери:
• Урук бези чоңоюп шишип, калтанын (мошонка) териси кызарып, ысып, ооруй баштайт.
• Баланын дене табы 39-40 градуска чейин көтөрүлөт.
• Чыйрыгуу, алсыроо, калтырап-титирөө менен коштолот.
• Жука чурайдагы бездер да шишийт.
• Заара кылуу кыйындап, катуу оорутуу менен коштолот.
• Заара менен кошо былжыр суюктук, ириң же кан чыгат.
• Көңүл айлануу, кусуу, ич өтүү күтүлөт.
• Орхит менен ооруган 10 баланын ичинен орточо сегизинин урук бези менен кошо анын бир капталында узунунан жайгашкан эпидидимис да сезгенет.
Эпидидимис деген эмне?
Эпидидимис бул – кичинекей түтүкчө сымал орган, анда сперматозоиддер өсүп жетилип, топтолуп, кыймылдуу болуп турат. Муну менен көбүнчө 10-14 жаштагы балдар оорушат. Дарылабаса эпидидимистин функциясы бузулуп, бала кийин тукумсуз болуп калышы толук мүмкүн. Андыктан педиатрга, балдар урологуна көрүнүү зарыл.
Орхитти вирустар козгошот
• Вирустар. Көбүнчө кулактын алды жагындагы шилекей бездерин шишитип жиберчү тепме оорусунун өтүшүп кетишинен келип чыгат. Тепмени парамиксовирустар козгойт.
• Бактериялар. Ичеги таякчалары, стафилококк, стрептококк, энтеробактерия сымал бактериялар жаратат. Организмге кирген бактериялар заара менен барып, урук безинде сезгенүүнү жаратат.
• Козу карын сымалдар.
• Лейкоз (кандын рак оорусу)
Кайсы учурларда оорунун жаралуу коркунучу чоң?
• Жука чурайдын жаракаты. Мисалы, тепкенден, ургандан, бир нерсенин үстүнө катуу жыгылгандан.
• Жаш өзгөчөлүгүнө карабай оор жумуштарды көп жасаганда. Жалпы организм менен кошо урук безине күч келет.
• Иммунитеттин төмөндүгү.
• Суукка катуу урунуу.
• Тубаса патологиялар. Баланын жыныстык мүчөлөрүнүн тубаса туура эмес түзүлүп калышы.
• Табарсыкка жасалган операциянын терс таасири.
• Кант диабети.
• Жыныстык жашоого эрте аралашкан өспүрүмдөр жыныстык жактан жугуучу ооруларга кезиккенде.
Дарылоо
Баланы ооруканага жаткызып дарылатуу керек болот. Дарылоо ичине буларды камтыйт:
• Дене табын түшүрүүчү, сезгенүүнү кетирүүчү, кусууну токтотуучу дары-дармектер
• Диета
• Операция. Дары-дармектер жардам бербеген учурда, заара менен кошо ириң чыкканда колдонулат. Урук безин сактап калууга аракет жасалат.
Оору жаралбашы үчүн
• Баланын жеке гигиенасына көз салуу, иммунитетин бекемдөө.
• Спорт менен машыкканда жука чурайынын жаракатка кабылбашына көз салуу.
• Заара кылгысы келген учурда дароо ажатканага жөнөө. Болбосо заарада микробдор көбөйүп, сезгенүүнү жаратат.
БАЛАНОПОСТИТ
Баланопостит бул – баланын жыныстык мүчөсүнүн башынын кызарып, шишип сезгениши. Бала заара кылганда ачыштырып, кычыштырып оорутат. Дарт өтүшүп баштаганда жыныстык мүчөсүнүн баш жагына майда жаралар чыгып кетет. Ооруну бактериялар, козу карын сымалдар, вирустар козгошот. Курч кармаган, аллергиялык, ириңдүү, өнөкөт түрлөрү бар. Өтүшүп кеткенде, өзгөчө заарасына кошо ириң чыга баштаганда баланын абалы оорлойт, башка оорулар да жаралышы мүмкүн.
Илдетти жаратуучу факторлор төмөнкүлөр:
• Жыныстык органдардын начар гигиенасы. Мисалы, баланы убагында жуунтпоо, ич кийимин убагында алмаштырбоо, мында жыныстык мүчөсүнүн башына кир топтолуп калып сезгенет.
• Кайсы бир самынга аллергия жаралганда.
• Балага тар ич кийим кийгизгенде жыныс мүчөсүнүн башы ич кийимге сүрүлө бергенден.
• Бала кир колу менен көбүрөөк кармалаганда.
• Чоңдор колдонуучу интимдик каражаттарды колдонгондо.
• Балада фимоз, кант диабети же терчилдик бар болсо.
Дарылоо
• Сезгенүүнү, шишикти кетирүүчү дарылар, дары майлар
• Ачыштыруу, кычыштырууну басуучу антигистаминдик каражаттар
• Балада кант диабети бар болсо анысын кошо дарылоо жүргүзүү
• Баланын гигиенасына көз салуу, эгер фимоз оорусу бар болсо анда баланы сүннөткө отургузуу
СУУ КАЛТА
Суу калта – урук безинин биринин же экөөсүнүн тең кабыкчасында суюктуктун толуп калышы. Ушундан улам урук безинин калтасынын көлөмү чоңоюп, басканда, заара кылганда кыйынчылык жаралат. Суюктуктун өлчөмү бир нече миллиграммдан 1 литрге чейин же андан көп болушу ыктымал. Бул бир нече себептерден келип чыгат:
Тубаса түрү. Мында ич көңдөйү менен уманын ортосундагы каналча жабылбай калат.
Кийин пайда болгон түрү. Көбүнчө жаракатка кабылуудан болот.
• төрөлүп жатканда умасы жаракатка (соккуга) дуушар болсо,
• жука чурайдагы бездердин сезгенишинен улам жаралат,
• баланы бешикке бөлөгөндө шимекти туура эмес коюп, умасы кысылып калса жана башка.
Жеңил түрүндө дары-дармектер менен дарылоого болот. Оор түрүндө баланын жашына карабай операция жасалат. Жумуртканын кабыкчасы ачылып, андагы суу чыгарылып, сезгенген кабыкча калыбына келтирилет. Оору өтүшүп кеткен болсо, кабыкча алынып салынышы мүмкүн. Операция жасалбаса, бала кийин жыныстык жактан шал, тукумсуз болуп калат.
ГИПОСПАДИЯ
Гипоспадия – тубаса оорунун түрү. Башкача айтканда, заара чыгаруучу түтүкчөнүн оозунун жыныстык мүчөнүн башында эмес, башка жагында, мисалы, ортосунда, аягында, чатка жакын жайгашып калышы. Себептери: бала курсакта кезинде энесинин ичимдик ичип, тамеки чеккенинен, катуу талгак болгондугунан, уулуу дары-дармек же химиялык заттарды, бензин, керосин сатып иштегенинен, тукум куучулуктан жана башкадан болот.
Акыркы убактарда бул диагноз менен ооруканага кайрылгандар көбөйүп жатканын айтышат адистер. Бейтаптардын арасында өспүрүмдөр, үйлөнүү курагына жетип калгандар да бар. Бала туруп заара кыла албай (чачырай берет), отуруп заара кылууга аргасыз болуп калат. Дарылап айыктыруу операция ыкмасы менен гана ишке ашат. Заара чыгаруучу түтүкчө жыныс мүчөнүн баш жагынан чыгарылат. Операция бир нече этап менен жасалат, андыктан бир топ убакыт керектелет. Заара чыгаруучу түтүкчөнүн дефекти оорураак болгон учурда баланын денесинин кайсы бир жеринен былжыр чел алынып, ошол колдонулат. Операция үчүн эң жакшы курак – 2-6 жаш деп эсептелет. Эгер жасатпай койсо, баланын жыныстык мүчөсү ийрейип, кийин бала жыныстык катнашка жарабай калат.
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |