№1205
Каныкей – таланттуу ырчы гана эмес, инсан катары да терең ойлору, жашоого бекем көз карашы бар адам. Аны менен баарлашуу дайыма кызык, анткени күтүүсүз пикирлерди, жоопторду айтат. Бул жолку маегибиз да сизди кайдыгер калтырбайт, окурман.
– Каныкей айым, бактылуулук эмнеде экен?
– Бактылуулук – жан дүйнөнүн тынчтыгы деп ойлойм.
– Жан дүйнө тынчтыгына жетүүнүн кандайдыр бир “рецеби” барбы?
– Ден соолук – адамга берилген эң чоң аманат. Анын негизи тынч уйку жана туура тамактануудан башталат. Убакытты туура пайдалануу, денеге кам көрүү – узак жана сапаттуу жашоонун ачкычы. Ар бир нерсеге шүгүр айтып гана чыныгы жан дүйнө тынчтыгына жетүүгө болот. Адамдын сулуулугу сырткы келбетинде эмес, жан дүйнөсүндө. Ар бир адам сулуу, ошентсе да баарынан бийик турган сулуулук – чынчылдык. Чындыкты айта албаган адам алтургай өз оюнан да эркин эмес. Чынчылдык адамды күчтүү жана эркин кылат.
– Күйөрмандар билбеген кандай адатыңыз же сапатыңыз бар?
– Кулагым абдан сак, ошондуктан жымжырт бөлмөдө уктайм. Ызы-чуу жерде уктай албайм. Үйдөгүлөр менин тынчтыкты сүйөрүмдү жакшы билишет, эс алуума шарт түзүп беришет. Бул үчүн жолдошума жана балдарыма ыраазымын.
Анан күйөрмандар билбейт, пародисттик өнөрүм бар. Бирөөлөрдү көп деле туурай бербейм, кээде Саламат Садыкова эжекемдин сүйлөгөнүн өзүнө окшоштуруп туурап калам. Ырдоо стили боюнча Майрам Дүйшөкеева эжекеге окшоп ырдап коём. Акыркы кезде композитор Каныкей Эралиева эженин “Бала жыты” деген ырын көп ырдачу болдум. Ушундай залкарлар менен замандаш болуп, аларга жолугуп, баарлашып, кеп-кеңешин угуп калганыма абдан кубанам!
– Үй-бүлөдө талаш-тартыш болуп турат эмеспи. Сизден катачылык кетсе, моюнга оңой эле аласызбы?
– Ката кетиргениңди сезүү – өсүүнүн башаты. Мен катамды танбайм, тескерисинче, анын үстүнөн иштейм. Анткени катасын моюндабаган адам өзүнө-өзү душман. Өмүр бир ирет берилет. Бир катаны миң жолу кайталабоого аракет кылган адаммын.
– Жолдошуңуз сизге кандай кеңештерди берет?
– Жолдошумдун эң чоң кеңеши – бул мени сүйгөндүгү. Калган нерсе маанилүү эмес. Анткени чыныгы колдоо сүйүүдөн башталат.
– Балдарга кандай апа болуп жатасыз? Өзүңүзгө берген бааңыз...
– Балдарым үчүн абдан камкор апамын. Балам менен кызым мени сулуу, тыкан, иштерман апа деп сыпатташат. Чындыгында мен алардын ар бир кыймылын жүрөгүм менен сезем. Ар бир апага мүнөздүү мээримдүүлүк бар.
– Бала тарбиясында эмнелерге басым жасоо керек деп эсептейсиз?
– Балдарга өзүнө ишенүүнү үйрөтүү зарыл деп эсептейм. Кичине ийгилиги болсо да мактап, ишеничин арттыруу үчүн колдоп турам. Биз бала кезде мындайга анчейин көңүл бурушпайт эле, мактоону көп уккан эмеспиз. Ошол себептен коркокпуз. Мисалы, мен мектеп курагында тартынчаак элем. Байкасам, 35 жаштан ашкандан кийин ачылдым. Буга себеп – турмуш куруп, эне болуп, билим алып, иштеп, адамдык сапаттарым ачылган сайын менде курчтук жана өзүмө ишеним пайда болду. Бул тажрыйба азыр өз балдарымды туура багытта өстүрүүгө жардам берет.
– Мисалы, сырттан караганда Каныкей токтоо көрүнөт. 35 жаштан кийин ачылган Каныкей чынында кандай?
– Мен негизи ар түрдүүмүн, ал көбүнчө кырдаалдан жана адамдардан көз каранды. Бирок эң негизгиси – көбүнчө табиятка көңүл бурам. Табиятымдан кандай болсом, ошого жараша элемин.
– Чыгармачылыкта бир топ жолду бастыңыз. Сындашты, макташты, багыт беришти... Сизди баарынан көп эмне такшалтты же бышырды?
– Бар болгон бүтүндөй жашоом менин ким экенимди аныктайт. Ошондуктан “Эл тараза жана сынчы” деген сөз бекер айтылбаса керек деп ойлойм. Элдин арасынан чыккан карапайым кызмын, мени эл бышырды, эл такшалтты. Элим менен гана бийикмин.
– Ырчы дайыма эле сахнада жаркырап тура бербейт да. Көшөгө артындагы түйшүктөр тууралуу айтып берсеңиз?
– Мени эки жүздүүлүк капа кылат. Сахна артында эмнелер гана жок. Мисалы, агы да, карасы да, муңу да, жыргалы да. Устатынан өткөн шакирти кем калбайт, арманга батканы, жароокери, айтор, эсеби бүтпөгөн ар түрдүү инсандар бар. Ошон үчүн кээде таң калбай деле коём. Кесиптештер ар түрдүү болушат экен. Мени бири жактырса, башкасы жактырбайт. Артымдан сөз кылгандар да жок эмес. Мисалы, Карамолдо Орозов атындагы оркестрде жетекчилик кызматымды тапшырып, ырчы катары гана калсам “Каныкей жумуштан таптакыр кетиптир” деп ушак чыгарышты. Кээ бир асылдарым кайгырып, ал эми кай бири иш бөлмөбүздөгү менин гүлдөрүмдү ыргытып жиберишкен (күлүп). Бул окуядан абдан көп тыянак чыгардым. Мисалы, улуу залкар Таттыбүбү Турсунбаева эжебиз жанындагы эле кесиптештеринен көп запкы жеген дешет. Кырчындай кезинде көзү өткөн ага аябай ичим ачышат. Эгер Таттыбүбү эжебиз тирүү болгондо мен азыр аны коргомокмун. Жан үрөп, аябай колдоп, суук көздөрдөн калкалап “жаша, жайна” деп жан тартар элем. Албетте, жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт. Ошондуктан эгер катаңды сезсең, дароо аны оңдоого талпыныш керек. Кудайдын каарына калуу – эң чоң жүк жана айтылып бүтпөс арман. Ошондуктан эл алдында туура жашаш керек. Баарына Кудай жана эл күбө.
– Сахнага чыкканда элдин кайсы реакциясы сизге абдан жагат? Кол чапканыбы же тынчтанып ырыңызды тыңшап калганыбы?
– Эл баарына маани берет жана жактырган ырчысына суктангысы келет. Ошондуктан мен дагы адамдарды абдан суктандырганга кызыгам. Бул үчүн ар түркүн боёк жана образдарды колдоном.
– Бүгүнкү кыргыз коому эмнеге муктаж деп ойлойсуз?
– Эң зарыл нерсе – билим. Билими жок адамдарды көрүп, жаным кейийт. Мисалы, ката жазылган тексттерди көрүү мени абдан тынчсыздантат. Сабаттуу, катасыз жазууга өтө маани берем, тилекке каршы, азыркы учурда социалдык тармактагы жазышуулардын абалы начар. Муну көрүп “жаштар туура эмес багытта баратабы?” деп кыжалат болом.
– Демек, кыргыз тилинде сүйлөөгө да маани бересиз?
– Албетте. Менин жакшы билген жана эне тилим – кыргыз тили. Ошондуктан эң чоң жетишкендигим, сыймыктанганым – бул кыргыз тилинде мыкты сүйлөө. Грамматикасын дагы, стилистикасын дагы абдан жакшы билем. Кыргыз тилинде туура жазуу, туура сүйлөө мен үчүн оорчулук эмес, тескерисинче, ыңгайлуулук. Анткени өзүм да калемгер адаммын. Атайын мактанайын же жакшы көрүнөйүн дебейм. Болгону калемимдин курчтугу, патриоттук сезимим десем болот.
– Эгер ырчы болбосоңуз, кайсы кесипти тандамаксыз?
– Мен чын дилимден жакшы көргөн кесип бар, ал – медицина. Эгер ырчы болбосом, сөзсүз доктур болсом керек эле деп кыялданам. Жөн эле доктур болбой, сөзсүз бир ачылыш жасоого аракет кылмакмын. Ырчы болуп жөн эле ырдап койбостон, ыр, обон жаратып келем го. Анын сыңарындай, доктур болсом, илимдин тереңине кирип, заманыма керектүү ачылыштарга салым кошууга далалат кылмакмын.
Мээрим Дербишалыева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |