Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

№1205

(Башы өткөн сандарда)

Жашоо бир орунда турбайт эмеспи. Күндөр өтүп жатты. Акбар үчүн гана күндүн атканы менен батканы баары бир сыяктуу эле. Убакыт токтоп калгандай эле ага. Депрессия жана жылдар бою чогулган стресс өз өкүмүн жүргүзүп жаткан. Сулк жатканы жаткан. Акыры жайына коюшту. Жан ар кимдики өзүнүкү деген чын белем, ага каттаган, абалын сураган эки адамдын да өз маселелери болуп жатты. Мариям тентек уулунун азабын тартып жатса, Эламан күндөн-күнгө артка кетип жаткан Акбардын компаниясы менен айыгыша күрөшүп жаткан.

Жалгыз калган Акбар бир күнү ордунан турду. Үй муздап калыптыр. Муздаткычты караса эч нерсе жок экен. Курсагы курулдап жатты. Аргасы жок, кийинип алып сыртка чыкты. Көптөн бери күн көрө элек жаны башы айланып кетти. Анын үстүнө оорудан кийин алсырап калгандыктан, кар үстүндө калдаңдап араң бара жатты. Дүкөн алыс эле, араң жетип  азык-түлүк алды. Кассага жеткенде дүкөнчү кыздын аны карап калганын байкады.

– Эмне менен төлөйсүз? Накталайбы же?..

Акбар алактап кетти. Акча алганды унутуптур. Бекер берчүдөй келе бергенин карасаң. Чөнтөктөрүн аңтарып, шашкалактап калды.

– Эмне, акчаңыз жокпу?- деди калтыраган бейтааныш кишиге боору ооруган кыз.

– Мен... Унутуп коюпмун. Үйүм жакын эле, кийин келип таштап кетсем болобу?

– Болот.

Кыз ишенимдүү айтты. Чын эле келип таштап кетишине ишендиби же ага боору оорудубу, ким билсин. Акбар намыстанып кетти.

– Мен чын эле таштап кетем,- деди күнөөлүү кишидей.

– Макул, таштап коёсуз да.

– Рахмат.

Дүкөндөн чыккан ал акырын кадам таштап келе жатты. Бир маалда тайгалактан буту тайып жыгылып кетти. Ушунчалык алсыраган экен, ордунан тура албай бир топко убараланды. Жанынан өтүп бара жаткан мектеп жашындагы  балдар ага таң кала тиктеп турушту.

– Мас киши окшойт,- деди бири.

– Жок, мас болсо дүкөндөн арак алмак да, карачы, жалаң азык-түлүк алыптыр. Бул ооруйт окшойт. Кел, жардам берип коёлу,- деди экинчиси.

Балдар ага жакын келишти. Бири жөлөп ордунан тургузганга аракет кылып, экинчиси колунан тартты. Тургандан кийин бири баштыгын колуна берип, экинчиси кар болгон чапанын кагып берди. Акбар ыраазы болуп кетти.

– Рахмат, балдар. Бул жакшылыгыңарды унутпайм. Канчанчы класста окуйсуңар?

– 4-класста окуйбуз.

– Бул жактан мектеп көрбөдүм эле го, алыска барып келесиңерби?

– Ооба, кошуна айылга каттап окуйбуз.

Акбар рахмат айтты да, жолун улады. Адатта 15 мүнөт баса турган жол узарып кеткендей. Эптеп үйгө жетти да, мууну калтырап отуруп калды. Бирок бул жаңы бир жашоонун башталышы эле. Айлар бою өлүү жаткан акыл-эси ордунан козголуп баштаган. “Мен кайда баратам, эмне болуп жатам? Кечээги миллионер бүгүн бир нан ала албаган бечарага айландыбы? Кантип тез эле ушул абалга жетип калдым? Эмнеден улам жетип калдым? Мындан ары эмне болот?”

Ушундай суроолор акылына келгенде жаны үзүлүп кетчүдөй онтоду. Жашагысы келбей турду. Жаркырап турган дүйнөдө өзүнө ылайыктуу бир орун калбагандай сезилди.

– Өлөйүн дейсиңби?- деди өзүнө-өзү.

– Өлө албайсың!

Тереңден чыккан бул үн да өзүнүкү эле.

– Минтип жашоонун эмне кереги бар? Тирүүнүн өлүгү болуп жашаганда эмне? Кантип өлүү керек? Кайсынысы жеңилирээк?

– Хе, өлүмдүн жеңили барбы? Өлүм бирдей эле оор.

– Болууга тийиш.

– Газды ач, эшик-терезени жап, керебетке жат да, өлүмдү күт.

– Анан?

– Анан бүтөт.

Акбар бүтөт деген жерден кайра баары башталарын билип турду. Дин илимин алганы бар, намазы бар эле качандыр бир кезде. Өзүнө кол салган адамдын акырети кандай болорун билчү. Мындай жол менен өлө албасын билди. “Өлө албайсыңбы, демек, адамдай жашоо керек” деди өзүнө. Намыстанып турду. Ичинен чыйрала, “мен бул абалдан чыгам. Кантип экенин билбейм, бирок чыгам. Мен эмнелерди башымдан өткөргөн жокмун, баарын жеңдим. Муну да жеңем” деп жатты. Куду дуба айткандай ушул сөздөрдү кайталай берди. Анан чындап эле кандайдыр бир күч пайда болду. Ордунан туруп чай койду. Бир кесим нан менен чайдын даамы башкача сезилди. Дал ушул азыкта тирүүлүктүн даамы бар экенин туйду. Көз жашы менен кошо нанды чайнап жутту. Ошол убактан кийин өзү менен өзү сүйлөштү. Күрөштү, чымырканды. Бир аз күндөн кийин кадимкидей ички дүйнөсү ойгонуп, ордунан башка адам болуп турду. Биринчи эле Эламанга телефон чалды. Амандашкан соң Эламан анын кеңсеге келишин өтүндү.

– Досум, бул жакта эмне болуп жатканын билбейсиң.

– Билем.

– Баш тырмаганга убакыт жок болуп жатат, бардык жактан атаандаштарың чабуул коюуда.

– Сен баарын ташта, мага кел. Мен кандай кылса эмне болорун, баарын айтып берем.

Эламан бир аз мурда эле эмнени сураса да башын чайкап жооп бербеген, телмирип бир жерди тиктеген досунун минтип турганына ишенбей кетти.

– Чын элеби?

– Ооба, кел сүйлөшөлү.

Эламан келгенде болгон абалдын баарын сүйлөшүп, Акбар кандай абалдан кантип чыгуу жолун көрсөтүп берип жатты. Канча жылдан бери ошол жаатта жүргөн неме иштер эмне болуп жатканын билбей коюптурбу? Эламан канча күндөн бери башы ооруп, жол таба албай жаткан нерсеге Акбар жарым саатта жол таап койгонуна баа берди.

– Башың иштейт сенин, мен айламды таппай калдым эле.

– Башым иштесе ушундай абалда болот белем...

– Эч нерсе эмес, баарынын башына келе турган нерсе. Кандай болсо да өзүңө келдиң, ошол маанилүү.

– Мага жакшы дарыгер тап, досум. Сен эми мен көрсөткөн схема менен иште, а мен ден соолуктун камын көрөйүн.

– Болуптур.

– Баары жакшыбы?

Эламан анын Мариям жана балдарын сурап жатканын сезди. Баш ийкеди. Бир нерсе болгонун Акбар анын көз карашынан сезе койду.

– Айта бер.

– Уулуң жакшы эмес чөйрөгө кошулуп алгандай. Канча айттым, апасы да ыйлап жүрөт. Болбой эле ошолор менен... Сыртынан карап жатам, бирок...

– Хм, акча көптүрүп жатат аны. Сен банк картасын блоктоп кой. Фирмадан бир тыйын да албай тургандай кыл.

– Менимче, аны антип тарбиялай албайбыз.

– Машинесине бензин куйганга акчасы калбай калганда көрөм. Сен мен айткандай кыл. Билесиңби, жакында мага кичинекей балдар жардам беришти. Коңшу айылга барып келип окушат экен. Кадимки сага жана мага окшоп кышта үшүп сабакка каттаган балдар. Мына, ушуларда мээрим бар экен. Ал эми менин балдарым анын бирин көргөн жок. Жылуу машине менен барып келип, жеке мектептерде окушту. Адам болуштубу? Кандай адам болушту? Өз ата-энесине боору ачыбаган, мээримсиз жандарга айланышыптыр. Ошонун баары оңой келген акчанын айынан. Аттиң, ата-эне өзү да билбей балдарын маңкурт кылып алат турбайбызбы?

– Сен менен мен дечи. Биз чын эле башка элек.

– Эсиңдеби, биз биринчи класстан баштап дос болгонбуз. Артыма кылчайсам, сенден башка жөндүү дос күтпөптүрмүн.

– Анын эмнесин эстейсиң, сен жакшы болуп кетсең болду, мага жетет ошо. Аз убакыт болсо да сенин ордуңда болуп көрдүм, мага эч жакпады. Сенин ордуң өзүңө эле жарашат экен.

– Рахмат сага, досум.

Ошол күндөн тартып Акбар жашоо менен чындап күрөшө баштады. Эламан таап берген элдик дарыгерлердин жардамы менен күндө машыгат. Жараланган жан дүйнөсү жана денеси да күндөн-күнгө айыгып бара жаткандай эле. Ошону менен кошо руху болуп көрбөгөндөй жаңыланып жатканын байкады. Бир гана аракети – Айкөлдү эстебөө. Аны эстесе араң чыгып келе жаткан кудукка кайра түшүп калчудай коркуп жатты. Жашоосундагы эң оор, бирок жемиштүү күндөр эле.

 

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо