МУЗДАК АБА ЫРАЙЫНДА ТЕРИ КУРГАЙТ

№1205

Бет териси кургап, түлөп баштадыбы? Буга муздак аба ырайы себепкер. Суукта бетке кандай кам көрүү керектиги менен бөлүшөбүз.

Кышкысын...

Чынында эле башка жыл мезгилдерине салыштырмалуу кышкысын тери бат кургап кетет. Эмнеге? Анткени эшикке чыкканда муздак аба, шамал теринин коргонуу катмарын бузат. Ал эми үйдө жылуулук системи (батарея, үй жылытуучу жабдыктар, от жаккан меш, кондиционер жана башка) иштейт. Андыктан бөлмөдөгү аба кургак болуп, териге нымдуулук жетишпей калат. Бул учурда бет териси сезимтал болуп, кургап, түлөп баштайт.

Кам көрүү

1. Жайкысын жеңил кремдерге, гелдерге басым жасасаңыз, кышкысын бул кремдердин терини коргоого алы жетпейт. Андыктан кышкысын курамында церамид, сквалан, майлар, ниацинамид жана гиалурон кычкылы бар косметикалык каражаттарга өткөн оң. 

2. Күндө бетти жууш керек, бирок ашыкча тазалайм деп агрессивдүү ыкмаларды колдонгон болбойт. Мисалы: ысык мончого бат-баттан түшүү, скраб, пилинг, пенка дегендерди күнүгө колдонуу жарабайт. Анын ордуна курамында щелочь жана майлуу кислоталар жок, жумшак гелдерди тандаган туура. Ысык да эмес, муздак да эмес, бөлмө температурасындагы сууга жуу керек. Эгер тери майлуу эмес болсо, атайын жуучу каражаттарды кечкисин эле колдонуп, эртең менен таза суу менен эле жуунуп койсо болот.

3. Аба муздак болгону менен, күндүн ультрафиолет нурлары баары бир бар. Андыктан күндөн коргоочу крем сүйкөгөндү унутпайбыз. Анан да үйдө аба кургак болсо, тери жабыркай берерин унутпаңыз. Алдын алып бөлмөгө чакан идиштерге суу куюп коюңуз, бат-баттан суу чүпүрөк менен полду жана башка жерлерди жууп-нымдап туруу керек. Күнүмдүк суу балансын толуктап, таза суу ичүүнү унутпаңыз.

4. Макияж керек. Кыш – макияж үчүн ыңгайлуу мезгил. Тоналдык жана башка кремдер бет терисине кошумча коргоочу каражат болуп берет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо