№1205
(Башы өткөн сандарда)
Ошол мүнөттө телефонго тартып алган сүрөттөрдүн баарын өчүрүп салдым. Айсанда эмне күнөө? Мага зыяны тийген эмес. Тартса, азапты Бекзат тартсын. Ансыз деле Жараткан өчтү менин ордума алып коюптур. Жүрөк оорулуу экенин билип туруп алганына караганда, Бека аны чындап сүйгөн окшойт. Эхх... Бирөөгө зар, бирөөнө кор. Айымдын баласын бир көрүп койгондон кийин, аны менен коштоштум. Анан да жарым саат жанында отурганда эле, баары бир мурдагыдай жакын курбу боло албасыбызды түшүндүм. Менин берген суроолорумдун бирине жооп берсе, бирине үнсүз гана укмаксанга салып коюп жатты. Менде капачылыгы барбы деп да ойлоп кеттим. Болсо, эмнеде? Жоопсуз калды... Ооруканадан чыктым да, абадан терең дем алып, негедир аллеяда сейилдегим келди. Айлана кооз, жапжашыл жана ысык. Скамейкада отуруп, Эрнистке чалдым. Акча керек эле. Көпкө албай жатып, анан алды.
– Алло, мен бош эмесмин.
– Бүгүн келесиңби?
– Бош эмесмин. Иштерим бар.
– Мен күтөм сени. Маанайым жакшы.
– Азыр...- деп туруп башка бөлмөгө чыккансыды. Көпкө кытыр-кутур деген дабыш угулуп, анан мага кыйкырды:
– Сен эмне, сөзгө түшүнбөй калгансыңбы?! Катыным жанымда! Бир айткандан кийин үнүңдү басып кал да!
– Эмне кыйкырасың мага аялым, аялым деп?! Мага деле көңүл бурбайсыңбы? Анан мени менен мамиле курганын эмнең?!
– Сен бирди көргөнү калыпсың, шашпа, каныңды ичем!
– Коркутпай кал. Бар, аялыңа бар да, экинчи мага келбе!- дегичекти телефонун өчүрүп койду. Жакшы маанайым бир убакта бузулду. Мамилемди үзүп салсамбы деген ой келди. Бирок андан кийин кантип жашаарым белгисиз туман эле. Кайра кыйналарымды билдим. Ойго батып отурсам, Адилет чалып калды.
– Сенин менден башка ишиң жокпу, Адилет?
– Сагындым...
– Кечээги түндү унут. Келбе мага, ансыз деле көйгөйүм көп.
– Эмне сиркең суу көтөрбөй калган? Эч нерсени билбейм. Мен үйүңдүн алдында күтүп турам.
– Күтө бер. Мен бүгүн барбайм.
– Эмнеге?
– Бүгүн башка жакта болом,- десем Адилет дароо кызгана атырылып кирди. Ошол ошол бойдон. Окуучу кезде кандай кызганса, азыр да ошол кыялын көрсөтүп жатты.
– Айт, каякка барасың? Мен алып кетем.
– Адилет, кантип аялың эч нерсени байкабай жатат? Ага деги көңүл буруп жатасыңбы?
– Сени каяктасың деп жатам?
– Макул. Адрести азыр СМС менен жөнөтөм,- деп өчүрүп койдум. Баары бир өжөрлөнүп, өзүнүкүн бербейт. Бүгүн үйгө барбоону чечтим. Эрнист мени дагы ур-токмокко алмак. Жинине тийип албадымбы. Хмм. Ошол... Азыр суткага берилүүчү батирлердин бириндебиз. Адилет төшөктө уктап жатат. А менде уйку жок. Ордумдан туруп, Адилеттин телефонун алып, ичиндеги сүрөттөрүн карап чыктым. 1-2 жоолукчан келиндин сүрөтү бар экен. Жагымдуу келин. Эркекке айла жок экен да. Сулуу аялын чанып, менин жанымда жатат. Мен деле өзүмдү жерге түшүрбөйм. Татынакаймын. Бирок кеп сулуулукта эмес, жүрөктө. Адилеттин мага болгон сезими өчө элек экен. Билдим. Көпкө ойлондум. Балким, ошондо эле Бекзаттын байлыгына азгырылбай, Адилетке турмушка чыгып кеткенде, 2-3 баланын эне-атасы болуп, тынч жашоодо өмүр сүрмөкпүз?! Балким... Бирок анда ширин Данегим жок болот эле да. Мен кызымсыз жашоомду элестете албайм. Ал менин сүйүктүү адамымдан калган белек. Сүйүктүү... Жашоодо башка эркектин коюнунда жатып, ага көнүп, аны жактырышым мүмкүн. Бирок бирин да Мансурду сүйгөндөй сүйө албайм. Бул чындык.
22.08.ХХХХ. Бүгүн Адилет экөөбүздүн күнүбүз болду. Деги эле канча күндү да, түндү да баштан өткөрүп койдук. Адаттагыдай таңда туруп алып, жаңы ойгонгон Адилетке суроо бердим:
– Адик, аялың билип калса жаман болот. Анын алдын алдыңбы?- десем, ал жармашкан көздөрүн ушалап, мени карап “ооба” деди.
– Эмне кылдың?
– Ал билбейт дедим го.
– Мм... Түшүнүктүү, ал жөнүндө ойлонбоптурсуң дагы. Адик, аялыңа да көңүл буруп кой, жаш кантсе да, балалуу болушуңар керек.
– Хм. Ал экөөбүз балалуу боло албайбыз.
– Койчу. Үйлөнгөнүңөргө аз эле болду го. Болот да.
– Үйлөнгөнүбүзгө 3 жыл болду.
– Сен жакында эле үйлөндүм дебедиң беле?
– Хе. Эсте жок. Ал күн кечээ эле болгондой. Сөздөн адашып алгандырмын да. Сен... Жаным... Сен мага бала төрөп бересиң,- дегенде бир кызыктай боло түштүм.
– Адик, менден көптү үмүт этпе. Мен сага башында эле айткам.
– Мени жакшы көрбөйсүңбү? Билем, сен жубайымды ойлоп, кабатыр болуп жатасың. Коркпо, экөөңөрдү тең багып алганга күчүм жетет. Сени жакшы көрөм.
– Болдучу?! Анткорлонбочу! Сөз бүттү! Чыгып кет!- дегенде Адилет кроваттын четинде жиним келип отурган менин жаныма келип кучактап:
– Жинди кыз, бул бирөөнүн үйү. Сен экөөбүздүкү эмес,- деп жылмайып, кайра:
– Жаным, таарынба. Өкүнөм. Ошондо эле сени оюңа карабай алып кетип калбаганыма. Баары башкача болот беле? Экөөбүз ээрчишип жүрмөкпүз да. Балдарыбыз болмок.
– Жок. Анда да азыркыдай болуп ала жипти аттап, жаш кыз таап алат элең да. Мен отурмакмын үйдө сени күтүп. Эх, эркектер...
– Мен сени сүйгөнүм үчүн жаныңда жатам. Эгер сен аялым болсоң, эч кимге алмаштырбайт элем.
Ишенимиш болдум. Ким билет. Тагдыр бекеринен экөөбүздүн жолубузду эки ачага бөлбөгөндүр. Ал күнү жубайынын улам-улам чалганына карабай, андан келген чалууну албай, экөөбүз түнкү Бишкекти айланып жүрдүк. Адилет мага ушунчалык камкордугун көрсөтүп жатты. Эртеси кетмек. Биринчи айылдагы жубайына, ата-энесине барып, алар менен амандашып, андан соң Кытайга учмак. Бул жактан товар алып барып, кайра башка товар алып келмек. Келери менен мага келем деп улам-улам колумду өпкүлөп жатты. “Сага Кытайдан эмне ала келейин?” деди. “Мага сюрприз болсун” деп күлүп койдум.
Шаарда үйү жок болгондуктан, ижарага алып, бирге болууга шарт түздү. Менин үйүмө да бара албайт элек. Эрнист келип калса, иш чатак болмок. Бекер кабатырланыптырмын. Эрнист келбептир. Үйдөгү чыгып бара жаткандагы полдо жаткан байпагым ошол бойдон жатыптыр. Эрнист өтө таза киши. Алып коймок. Адилет менен коштошуп, үйгө келген соң кечке сулайып жаттым.
29.08.ХХХХ. Шок болуп турам! Ишенген жокмун. Эрнисттин асынып алганын уктум. Андан мурдагы күнү Оштон эжем Данек экөө келишкен. Бир сыйра кийинтип коёюн дегем. Эрнисттин картасы дагы эле менде, ошону менен шаар кыдырып келип, чай ичип үчөөбүз отурдук. Кызым сүйүнүп алган. Ар түрдүү көйнөктөрдү алып бердим. Анан да быйыл садиктин окууга чейинки даярдоо бөлүмүндө окуп баштамак.
Ошого жаш балдарга керектүү буюмдарды саткан дүкөндөн калемсаптын, дептердин түрлөрүн алып бергем. Ошого сүйүнүп, мени кучактап бетимден өптү. Канчалык бактылуу болгонумду айтпа, күндөлүгүм! Бактылуу болуп турдум. Ал күнү эжем экөөбүз чарчагандыктан жатып алганбыз. Жездем жакында жумушунан көтөрүлгөнү жатыптыр. Сүйүнчүлөдү. Түн кирип, таң атары менен эшиктин коңгуроосу шыңгыраганда барып ача калсам Эмил турат. Ал Эрнисттин айдоочусу эле. Бул жигит мага көп жардам берчү. Таң калып эле, үйгө кир десем болбойт.
– Мен шашылыш келдим. Менин бул жерде болгонумду эч ким билбесин. Эрнист Жоошевич каза болду,- дегенде эле оозумду жаап, шок абалда туруп калдым.
– Кандайча? 2 жума мурун эле сүйлөшпөдүм беле? Эмне болду?
– Чүш-ш... Акырын... "Асынып алыптыр" деп эле “менттерге” акча берип оозун жаап, анан жерге берип койду.
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |