№1205
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Сырт аймагында тарыхы эне жана баланын өлүмүнө байланыштуу деген көл бар. Анын таржымалы кандай?
Үркүндүн азабынан...
Өкүргөн-Көл – деңиз деңгээлинен 3628 метр бийиктикте жайгашкан көл. Жалпы аянты 1,15 чарчы чакырым. Төрт мөңгүдөн агып чыккан суулардан куралган. Эл оозунда айтылган уламышка караганда, 1916-жылдагы Үркүн учурунда бир үй-бүлө кыргынга учурап, жаш келин ымыркайын кучактап жалгыз калат. Эмне кылсам деп акыл калчайт. Ошондо аман калуу үчүн төө минип алып Кытай тарапка бет алат. Анткени Үркүндө эл Кытайды көздөй качканын уккан эле. Ымыркайы экөө эки-үч күн жол жүрөт. Алдынан Үркүндө каза болгон адамдардын денелерин жолуктуруп жүрүп отурат.
Төөсү менен көлгө чөгүп кетишет
Баратып Жетим-Бел кырка тоосунун этегиндеги жайык көлгө туш келет. Көлдү айланып өткүчөктү күн уясына батып, караңгы кирчүдөй сезилет. Ошондо келин жолду кыскартып, тоңгон көлдүн үстүнөн өтүүнү чечет. Бирок көлдүн жарымына жетип-жетпей келин жаңылыш чечим кабыл алганын сезет. Аңгыча муз чарт жарылып, келин ымыркайы, минген төөсү менен көлгө чөгүп кетет. Төө боздоп, ымыркай ыйлап, келин кыйкырып жардам сураганы менен, аларга жардамга эч ким келбейт. Өкүргөн-Көлдүн аталышы ушул окуяга байланыштуу деп айтылат. Көл кышкысын тоңуп, жайкысын толкуп турат.
Акыркы жылдары экологиялык туризмге кызыгып, табигый жаратылыштын кооздугуна, анын ичинде Өкүргөн-Көлгө саякат жасаган жарандрдын, туристтердин саны арбып барат. Табигый кооз жарталышты көздүн карегиндей сактап, келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү башкы милдетибиз Аталган көлгө саякаттоо үчүн эң жакшы убакыт – июнь айынан сентябрь айына чейин.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |