№1205
Тырмактай кезинен "Манас" айтып, манасчылык өнөргө жаңы дем берген жигит бар, ал — Үмөт Дөөлөтов. Үмөт мырза улуу эпосту азыркы заманга ылайык формада жаштарга да, улуу муунга да бирдей жеткирсем дейт. Каарманым ырдаганды да жакшы көрөрүн айтып берди.
– Салам, Үмөт мырза! Сизди көпчүлүк манасчы катары тааныган. Акыркы убакта ырдай калып да жүрөсүз, ырчылыкка аралашайын деген оюңуз барбы?
– Негизи, кесибим манасчы, кичинемден бери бул кайып дүйнөгө аралашып келе жатам. Манасчылыкты таштап, эстрада ырчысы болуп кетейин деген такыр оюм жок. Болгону ырчылык – бул хоббим. Адам футболго, шахматка же башка нерсеге кызыккандай эле мен да комуз менен ырдаганды жактырам. Ал эми манасчылык – бул менин дүйнөм, андан өлүп эле ажырабасам, ажырабайм го дейм. 2024-жылы чоң сахнага бир жолу чыгып ырдагам, андан бери ырдап чыга элекмин.
– Үч жашыңыздан "Манас" айта баштагансыз, абдан эле кичине кезиңиз экен. Касиеттүү Манастын жүгүн көтөрүү оңойго турбаса керек...
– Кыргызда “аккан арыктан суу агат” дейт эмеспи, мен Тыныбек манасчынын урпагымын. Уругум – Тынымсейит. Аян берилди ошол кезде эле. 2009-жылы Ысык-Көлдөгү “Рух Ордого” Монголиянын президенти келип, ошондо анын алдында "Манас" айткан элем. Айтып бүткөндө эки жигит келип мени отурган отургучума кошо көтөрүп кетти. Ошондо түш же өң эмес сыяктуу аян берилди. Бийик жерде тургандаймын, Манас ата менен Коңурбай согушуп жаткан экен. Жалындаган оттун ичинде согушуп жатканын көрдүм, ошол учурда биринин кылычы менин калпагыма тийди. Ыйлап жибердим. Апама айтсам, жүрөгү түшүп калды. Атам Чолпон-Ата шаарында врач болуп иштечү, жакын эле жерде да, келе калды. Мага дем салды, “балам, аян алыптырсың” деди. Азыр ошол калпагымдын ошол кездеги сүрөтү бар, төбөсүндө жарк эткен бир нерсе тургандай көрүнөт. Айтор, ушундай болуп кайып дүйнөгө аралашып келе жатам. Башка аяндарды айтпай эле коёюн, анткени айта турганы бар, айтпай турганы бар.
– Жаштыкка салып маани бербей койбой, баарына саресеп салып жүрөт экенсиз...
– Ачыгын айтсам, кээде жаштыкка салган да учурум болот. Көп чакыруулар түшөт, университеттерге, мектептерге барып Манас тууралуу лекция окуп жүрөм. Мага ушундай чоң жоопкерчилик берилип жатса, кантип туура эмес кадамга барам деп өзүмдү ар дайым татыктуу алып жүргөнгө тырышам.
– Азыркы учурда кайда окуйсуз?
– Беш жыл Карамолдо Орозов атындагы музыкалык мектепте окудум. Анан эмнегедир абдан тажап, комузду көргүм келбей калган учур болду. Ошондо комузумду катып салып, “болду, чыгармачылыкты таштайм” дедим. Атама өзүмдүн эмоцияларым тууралуу айтсам, “анда медицина тарабына кетесиң го” деди. Анткени атам невропатолог болуп иштеген да, азыр пенсияда. Ошентип медициналык колледждин стоматология бөлүмүнө тапшырдым. Бирок "Манас" айтып эле жүрдүм, таштаган жокмун. Кайра чыгармачылыкты сагына баштадым, баары бир жолум ушул окшойт. Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинде фольклор жаатында окуйм. Медициналык багыттагы окуумду да улантам деп ойлойм.
– Манасчы агаларыңыз менен байланыштасызбы, мамилеңиз кандай?
– Коомдо болуп жаткан айрым нерселер мени ойлондурат. Манасчылардын бирин “жакшы айтасың” деп далыга таптап, экинчисин басынткан учурлар кездешип калат. Бул туура эмес. Баарына бирдей карасак, бирин көкөлөтүп, экинчисин түртмөлөбөсөк деген изги тилегим бар. Ал эми мага келсек, манасчылар менен абдан жакын байланышта эмесмин. Кээде "Манас" театрына барып учурашып, көңүлдөрүн көтөрүп баарлашып келем. Карганбек Самаков агабыз "Манасты" ЮНЕСКОго киргизебиз дегенде жети манасчы чет өлкөгө барган элек, ошондон бери чогуу иш-чараларга катыша элекмин.
– "Манас" айтылган иш-чараларга чакырышканда акысын төлөп беришеби?
– Бир жерге барып "Манас" айтканда акча албайм, уялам алгандан. Менин дилиме жат көрүнүш бул. "Манас" айтуу – милдетим. Турмуш-тиричиликти ансыз эле жакшыртса болот. Насип буюрса боло берет экен, жакында бир катар манасчыларга жеке ишкер Нургалы деген агабыз үй белек кылды. Арасында мен да бармын. Ачкычтары тапшырылды. Насип кылган болсо, ушинтип ырыскы келе берет. Башкысы – элге кызмат кылуу керек, Манас атабыздын идеясын жайылтуу керек.
– Кыргыздын улуу мурасы болгон Манаска шек келтирип, “Манас деген болгон эмес, ал жомок” дегендерге ачууңуз келеби?
– Манасты жомок дегендер – каны бузуктар, мен аларды кыргыз деп санабайм. Мисалы, Саякбай ата эң узакка айткан манасчы, ал окуганды, жазганды билген эмес. Эгер улуу касиет болбосо, 500 миң сапты жаттап алып айтуу мүмкүн эмес. Учурда Саякбай атанын варианты үч томдук китеп. Эгерде Манас болбосо, бул касиет кантип келмек? Факт өзү эле айтып жатпайбы. Тыныбек ата "Манас" айтканда ооруп жаткан мал туруп кетчү экен. Таң калам, Манасты “миф” деп айткандар кандай кыргыздар болду экен...
– Илгери манасчылар күндөп-түндөп айтышкан деп баяндалат. Сиз эң узагы канча саат тынбай айткансыз?
– Атам экөөбүз мергенчилик кылганды жакшы көрөбүз. Бир жолу Григорьевка деген жерге аңчылыкка барып калдык, 15 жашта элем. Атам “Саякбай ата ушул жерде куш салчу экен” дегенде башкача боло түштүм. “Ата, мен "Манас" айтам” дедим. Ошондо “тогуз саат тынбай айттың” деген атам. Ал токтотпой угуп отура бериптир. Атамда да касиет бар, жаш кезинде "Манас" айтчу экен. Турдакун Усубалиевдин алдында "Манас" айтып шахмат утуп алыптыр. Атамды ата-энеси “жалгыз баласың, көз тиет, сөз тиет” деп айттырбай тыйып коюшуптур, болбосо чоң манасчы болуу ыктымалы болгон экен. А биз үй-бүлөдө үч эркекпиз, байкелерим да "Манас" айтып байге утуп жүргөндөр. Мен айтып чыкканда экөө тең токтотуп коюшту.
– Жакшы, эми өзүңүз тууралуу сүйлөшөлү. Жаш манасчынын жүрөгү бошпу?
– Азырынча бош (күлүп). Мен Манас деп жашаган адаммын, мени кандай болсом ошондой кабыл алган, касиетти түшүнгөн, сыйлаган кыз болсо дейм. Менин багытым даана белгилүү – манасчымын. Багыма ушуну жакшы түшүнгөн жубай кезиксе деп тилек кылам.
– Ырчы вокалдан сабак алып үнүн таптайт. Ал эми манасчы өнөрүн кантип курчутат?
– Манасчы китеп окуйт. Канчалык көп окусаң, ошончо тереңдейсиң. Анан манасчы "Манас" айтып турушу керек, узаккабы, кыска убакыткабы, айырмасы жок. Азыркы тапта узакка "Манас" айтууга даярданып жатам. Рекорд коюу же башка үчүн эмес, манасчылык өнөрдү даңазалоо жана жайылтуу үчүн.
– Маегиңизге рахмат! Бар болуңуз!
Нуржамал Жийдебаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |