№1205
“2 колум жоктугунан далай азаптуу күндөрдү башымдан өткөрдүм. Кичинемде балдар “колу жок” деп шылдыңдашса жаман болчумун”,- дейт каарманым. Толкунай Муратбек кызы учурда 23 жашта. Колу жоктугунун зыянын эми баласы тартышын каалабай турганын айтат.
“Мектепте окубай калдым, ушуга өкүнөм”
– Менин аты-жөнүм – Муратбек кызы Толкунай. 2003-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында төрөлүп, өскөм. Атам бир мекемеде кароолчу болуп иштейт, апам үй кожойкеси. Үйдө 4 бир туугандын эң кичүүсүмүн. Тубаса 2 колу жок туулгам. Бир колумдун ийинден ылдый 1 карыштайы гана бар, экинчисинин башы жок, тумтук. Апамдын курсагында кезимде ал катуу стресс болгонбу, ооруганбы, айтор, ушундай жаралыптырмын. Апам “элдин кеп-сөзүнөн чүнчүбөсүн” деп мени мектепке берген эмес. Окуганды, жазганды үйдө эжелеримден үйрөндүм. Бирок мектепте окубай калганыма азыркыга чейин өкүнөм. 2 килограммдан оор жүк көтөрө албайм азыр. Үйдө от жагуу, тамак бышыруу сыяктуу майда-чүйдө иштерди жасай берем. Бирок эки жакка чыкканда бир топ эле кыйналам.
“Балам чоңойгон сайын ойлоно баштадым”
– 2023-жылы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна турмушка чыктым. Жолдошумдун да ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү эле, баса алчу эмес. Мамилебиз келишпей, кийин ажырашып кеттик. Учурда балам 2,5 жашта, ата-энемдикинде жашайбыз. Баламдын ден соолугу жакшы. Ал чоңойгон сайын үйлүү жана протез колдуу болуп, иштеп, өзүбүздү өзүбүз баксак деген ойлор келе баштады. Ата-энем ушуга чейин бакты, мындан ары өз алдымча аракет кылсам дейм. Элден жардам сурап чыга баштаганымда кайрымдуулук менен алектенгендер элден акча чогултуп, Кочкордон 13 сотых жер тилкесин алып беришти. Жардам бергендердин баарына рахмат айтам. Кудай буюрса, демөөрчүлөр чыгып жатат, жазында үй тургузуу иштери башталмакчы.
“Протез кол 75 миң евро турат экен”
– Дагы бир чоң тилегим – бионикалык протез колдуу болуу. Ошондой протез тагынып иштеп жүргөн адамдар тууралуу маалыматтарды интернеттен көрүп, ойлонуп жүрөм. Түркиянын Стамбул шаарындагы клиникага интернет аркылуу кайрылсак, ал жактан “келип, текшерилип көрүшүңүз керек” дешти. Түркияга кайрымдуу адамдардын жардамы менен барып келдик. Текшеришти, андай протез кийсем болот экен. Бул жаңылык мени аябай сүйүнттү. Бирок 2 колум үчүн протезге 75 миң евро кетет экен. Мынча каражатты мен да, ата-энем да таба албайбыз. Ошондуктан элимден кайрадан жардам сурап жатам. Эл катары жумуш таап иштеп, балам экөөбүздү багып кетсем дейм. Кичинемде балдардын “колу жок” деген сөздөрүн угуп, жаман болчумун. Эми баламдын “апаңдын колу жок” деген сөздү угушун каалабайм. Баламды бала бакчага, мектепке жетелеп баргым келет. Кайрымдуу элим менин тилектеримдин ишке ашуусуна дагы да салым кошот деп ишенем.
Жардам берүү үчүн реквизит:
Мбанк: 0558 20 03 91
О!Деньги: 0558 20 03 91
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |