Ирина Дүйшенакунова, 40 жашта: “КЫЗЫМА ИНДИЯДАН ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТУУГА МУКТАЖБЫЗ”

№1205

Дагы бир каарманыбыз Динара айым. Ал кызынын ден соолугу үчүн көпчүлүктөн жардам суроого аргасыз.

 

“Кызым тубаса оорулуу төрөлдү” 

– Аты-жөнүм – Ирина Дүйшенакунова, учурда 40 жаштамын. Кичи мекеним – Нарын районунун Чет-Нура айылы. Мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайда 1 жылдай окуп, анан жашоо-шартка байланыштуу окууну уланта албай калгам. Бишкекке келип иштеп жүрдүм. 2013-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылына турмушка чыктым. Жолдошум 2-топтогу майып. Дүлөй, дудук, бирок жакшы адам. Учурда кыздарым 10, 8, анан 3,5 жаштарда. 8 жаштагы кызым балдардын шал оорусу, гидроцефалия деген дарттар менен төрөлдү. Ошол күндөн азыркы күнгө чейин ооруканалап келем. 

“Бир топ оору менен күрөшүүдө”

– Кызым бир аз торолгондо Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жаттык. Ал жактан текшеришип, диагноздору – тубаса дудуктук, дүлөйлүк, гидроцефалия, бет нервинин тубаса невропатиясы, жамбаш муунунун дисплазиясы дешти. Кийин ооруларына аллергиялык ринит, Квинте шишиги, глоссит дегендер кошулуп, кызым бат-бат ооручу болду. Дарттын терс таасирлеринен улам азыркыга чейин тең салмагын кармап түз баса албайт. Эки көзү жакшы көрбөйт, көз айнек тагынат.  Сүйлөбөйт, укпайт. Туулганда эле бир көзүнүн кирпиктери ичкери карай өсүп туулган. Ошого көздөрүн өйкөп, кызымды жүдөтөт. Муну блефаропластика жасатып, кирпиктерин калыптагыдай абалга келтирсе болот дешкен. Бирок каражат жок, азыркыга чейин жасата албай келем. 4 жашка чейин баскан жок. Буттары жаны жоктой шалактап турчу.  

Кызым ооруган сайын Токтогулдан Бишкекке алып келип дарылатуу кыйын болгондуктан, 2018-жылдан бери Бишкекте батирлеп жашап келем. Жолдошум "атамдан калган үй каралбай калат" деп Бишкекке келбеди. Ошентип экөөбүз ажыраштык. Бирок ал кайра үйлөнгөн жок, колунан келишинче жардам берип турат.

“Тапканымдын баары дарыга кетүүдө”

– Бишкекте батирлеп жашаш кыйын экен. Кыздарымды багайын деп иштебеген ишим калган жок. Пол, идиш жууп, товар алып-саттым. Тапканым батир акысына, кызымдын дарыларына кетип, тамак-ашка жетпей калат. Кызымдын операциясына акча чогултуу үчүн жума күндөрү мечитке барып кайыр сурайм. 2023-жылы кызымдын мурунку оорулары аз келгенсип, резидуалдык энцефалопатия дегени кошулду. 2025-жылы Бишкектеги дудук, дүлөй балдардын атайын жатак мектебине киргиздим. Мектебине жакын батирге чыгайын десем, акысын 20-25 миң сом экен. Айла жок арзандыгына карап Чыгыш-5 кичи районунун аймагындагы эски, шарты жок 1 бөлмөлүү батирде жашап жатам. Жакында бул үй да “сноско” кетет дешүүдө, анда кайда барып жашайбыз, билбейм.

Жакында Индиянын бир клиникасы менен байланышсам, кызыма кохлеардык имплантация операциясын жасап, угуусун калыбына келтирсе боло тургандыгын айтышты. Буга 32 миң доллар кетет экен. Ошого кайрымдуу элден жардам сурап чыгууга аргасызмын. Кызымдын угуп калышына, келечеги үчүн салым кошууңуздарды суранам.

 

Жардам берүү үчүн реквизит:

Мбанк: 0990 406017

О!Деньги: 0708 460583

Оптима банк: 0708 460583

O!Bank  Visa: 4196 7200 4233 0653

 

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо