№1205
4 жашында алгачкы жолу камера алдына чыгып, ошондон бери ал орундан түшө элек. Арадан 20 жылдан ашык убакыт өтүп, азыр өзү жаш актёр-актрисаларга кеңеш айткан тажрыйбалуу устатка айланды. Бирок өзүнүн жүзүндө дале балалыктын сүртүмдөрү бардай сезилет. Сөз учурда Түштүк Кореяда эле эмес, көптөгөн өлкөлөргө таланты менен белгилүү болгон актриса Ким Ю Жон тууралуу.
Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул
Туулган жылы: 1999-жыл, 22-сентябрь
Жылдыз белгиси: бийкеч
Бою: 165 сантиметр
Кесиби: актриса, модель, ырчы
Тартылган белгилүү дорамалары: “Айдын кучагындагы Күн”, “Булут менен тартылган Ай жарыгы”, “Күнү-түнү иштеген Сэт-Бёль дүкөнү”, “ХХ кылымдын айымы”, “Менин Жиним”, “Кымбаттуу Икс” жана башка
Печеньени жарнамалап...
Кичинекей Ким Ю Жон корей кино сүйүүчүлөрүнүн көз алдында чоңойду. Өзүнө дээрлик коёндой окшош эжеси экөө ырдап, так секире бийлеп, активдүү, бактылуу балалыктын кучагында өсүшкөн. Эки карындашын караган агасы да бар. Ю Жон ыр, бийден сырткары кичинекей ханбийкелердин образында болгонду жактырчу, сыналгыдан көргөн кино, мультфильмдеги каармандарды келиштери аткарат эле. Алгач үй-бүлөсү анын талантына жөн гана кол чабышса, бара-бара чоң энеси небересиндеги “чымынды” байкап, жаш таланттарды таптаган агенттикке алып барган. Алгачкы жолу 2003-жылы, 4 жашында печеньенин жарнамасына тартылган кыз дароо көпчүлүктүн колдоосун алып, ошол учурдагы эң жаш актриса болуп калган. Тагыраагы, 4 жашынан баштап киного аралашкан, эң алгачкы тасмасы “Демилитаризацияланган аймак” деп аталган. Ал эми биринчи “Эң мыкты бөбөк-актриса” кино сыйлыгын 9 жашында «Ильжимэ» аттуу мелодрамадагы ролу үчүн алган. Ошондон бери анын карьерасында көп убакытка созулган тыныгуу болгон жок, кино талаасында, шоу-бизнесте талыкпай эле эмгектенип келе жатат.
Оор, бирок жагымдуу кесип
Ондогон тасма-сериалдарга көрк кошту, кошуп келе жатат. Кичинесинде башкы каармандардын жаш чагын ойночу. Мисал катары учурунда хит болгон “Айдын кучагындагы Күн” дорамасын алалы. Анда каарманыбыз ханбийке Хе Ён Унун жаш чагын ойногон. Бул сериал жаш актрисанын көпчүлүккө таанылышына олуттуу салым кошкон десек болот. 5-классты аяктаган убакта кичинекей Ю Жон 13 дорама, 15 тасмага тартылууга үлгүргөн. Элестетиңиз, мындай тыгыз графикке чоңдордун чыдашы кыйын, анан жаш кыз үчүн кандай оор болгонун. Ошентсе да киного болгон сүйүүсү баарын жеңүүгө жардам берген. Убактысы аз болгонуна карабай мектепти жакшы баалар менен бүтүргөн, бирок андан кийин жумушуна басым жасап, билимин жогорку окуу жайларда тереңдетүүнү каалаган эмес. Чоңоюп калган актрисаны алдыда чыныгы башкы ролдор күтүп турган.
Кумурска...
Азыр актрисанын кесибинде баары гүлдөп турган убак. Жыл сайын жаңы долбоорлор, жаңы образдар. Эгер анын карьерасына көз салып жүргөн болсоңуз, акыркы жылдары экранга чыккан “Күнү-түнү иштеген “Сэт-Бёль дүкөнү”, “ХХ кылымдын айымы”, “Менин Жиним”, “Кымбаттуу Икс” долбоорлорунан кабарыңыз болсо керек. Өзгөчө 2025-жылдагы талаш-тартышка, суроо-талапка ээ болгон эмгектеринин бири “Кымбаттуу Икс” сериалындагы социопат, психопат айымдын ролу болду. Буга чейин аны оң каармандардын катарынан көрүп келсек, аталган дорамадан кийин Ю Жондун муздак көз карашын, мыкаачылыгын унута электер көп. Кино сынчылар да А Жиндин ролу актрисадагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканын баса белгилешти.
Кинодон сырткары эмне кылат? Ю Жон күнүмдүк жашоосунда дээрлик бош убактысы болбой турганын айтат. Киного тартылбай турган маалда ток-шоулорго катышат, иш-чараларды алып барат, моделдик кесиби да бар: ырчылардын клиптерине, жарнамаларга тартылат, театрда иштейт. Айтор, жакындары аны тынбай эмгектенген кумурска менен салыштырышат.
Камера артында...
Албетте, толук кандуу эс албай, дайыма чыңалуу абалында жүргөн бийкечтин ооруп калганы 2018-жылы билинген. Врачтар ага “гипотиреоз” (калкан бези организмге керектүү маанилүү гормондорду жетиштүү деңгээлде бөлүп чыгарбай калат) диагнозун коюшкан. Ал мезгилде Ю Жон “Кумарлануу менен тазалоо” сериалына тартылып жүргөн эле. Байкасаңыз, башка кинолоруна салыштырмалуу дал ушул сериалда Ю Жондун бир аз толуп калганы көрүнөт. Мунун баары оорусуна байланыштуу. Бактыга жараша өз убагында дарыланып, тасманы аягына чейин тартып бүтүшкөн. Убагында бул жеңил комедия, романтика жанрындагы дорама көп көрөрман топтогон.
Пластика
Кичинесинен бери камера алдында өссө да, актрисанын сулуулугун пластикалык операцияга байланыштыргандар бар. Буга Ю Жон чынында эле чычалайт. Жүзүндөгү өзгөрүүлөр жаш куракка байланыштуу экенин, балалык кездеги томпоюп турган бети азыр шылынып, чоң кыздардын дооруна өткөнүн айтат. Кореялык пластикалык хирургдар Ким Ю Жондун жүзү идеалдуу деп эсептешет.
Сүйүү талаасы бош
17 жашында алгачкы жолу “Кореянын эң ийгиликтүү жаш адамдары” деген тизмеден орун алган, атактуу “Форбс” басылмасында. Андан бери бул басылманын бир нече тизмегинде жаңыланды. Ушундай ийгиликтүү айымдын жанында күчтүү мырзанын жүргөнү билинбейт. Болсо да катуу сыр тутса керек. Сериалдардагы өнөктөштөрү менен болгон “химиясына” жөн гана актёрдук оюн, дос, кесиптеш деген жоопторду берет. Идеалдуу мырза катары жашы актрисадан улуу, өзүнө өзү суктанбаган, туура тамактанган адамды сүрөттөйт. Бир маегинде актёр Ким Ян Хо жагарын айтып күлгөнү бар.
Үйдө
Үйдө көпчүлүк сыяктуу эле мышыгын кучактап диванда жатып алып сыналгы көргөндү, музыка укканды жактырат. Достукка бекем, эң жакын курбусу шоу-бизнес дүйнөсүнөн эмес, мектептен бери бирге келе жаткан классташ кызы. Актрисанын көпчүлүккө белгилүү хоббиси – сүрөт тартуу, ал эми көпчүлүк биле бербеген дагы бир кызыгуусу – балык уулоо.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |