ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 26-январдан 1-февралга чейин

№1205

КОЙ
(21.03–20.04)

Бул аптада маанайыңыз жогору болуп, алдыңыздан кандай иш чыкпасын майын чыгарганга даяр болосуз. Досторуңуздун бири сизге маанилүү болгон иште жардам колун сунат. Финансылык жаатта бир аз түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн. Жеке жашооңузда сиздин ойду өзгөртө турган, олуттуу чечим чыгара турган окуя орун алат. Алдыда тойго байланыштуу даярдыктардын башталышы күтүлөт. Аптанын аягы сизди сапарга чыгууга мажбурлаган чакырыктардан баш тартыңыз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Түшүңүздөн аян берилет. Айрыкча аптанын биринчи жарымында көргөн түштөрүңүзгө маани бериңиз. Жумушта аракет кыла бериңиз, үзүрүн көп узабай көрүп, натыйжада капчыгыңыз кампаят. Жеке жашоодо сиздин жоопкерчиликтүүлүгүңүздү талап кылган иштер чыгат, бир нече адамдын жашоосуна жакшы өзгөрүүлөрдү киргизишиңиз мүмкүн. Кол өнөрчүлүк менен алектенгендердин иши илгерилейт. Түгөйүңүз менен “өзү түшүнүп алсын” дебей, ачык сүйлөшүү жыйынтык берет.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Эгиздерди маалыматка бай апта күтөт. Бир нече адам менен жолугасыз, уккан маалыматтардын көбү сизге пайда алып келбейт, ошентсе да мурда кызыгуу жаратып келген суроолорго жооп аласыз. Интеллектуалдык активдүүлүк үчүн ыңгайлуу мезгил, эгер кайсы бир курска барып жаңы нерсе үйрөнгүңүз келип жүрсө, алга! Романтика жаатында олуттуу темаларды чукуп чыгып, сүйлөшүүгө, бир чечим чыгарууга туура келет. Дем алышта үй тиричилиги менен алек болосуз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Үйүңүздө болобу же жумуштабы, баарын иретке келтиришиңиз керек. “Чыгармачыл баш аламандык” деген шылтоо жарабайт. Иретке келтирип алсаңыз, жаңы нерсе баштоого эргүү табасыз. Батирде жашагандар башка жерге орун которуусу мүмкүн. Бойдоктор бул аптада сүйүктүүмдү табам деп күтпөй деле койсо болот. Саякат, достор менен жолугуу деген нерселерди аптанын экинчи жарымына пландаңыз. Негизгиси эс алуу күндөрүн жалгыз өткөрбөңүз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Сиз үчүн бул аптанын девизи – унчукпоо. Анткени кокустан талаш-тартыш жараткан окуяга кабылышыңыз мүмкүн. Анан да маанилүү иштерде ой кошпой, талашып-тартышпай, унчукпай эле койгонуңуз оң. Анын ордуна өзүңүздүн моралдык, физикалык абалыңызга көңүл буруңуз. Үйдөн чыкканда электр приборлорун өчүрүп, розеткадан баарын сууруп кеткенди унутпаңыз, өрт чыгуу коркунучу бар. Көптөн бери жолуга элек адам менен кездешип, пайдалуу белек алышыңыз мүмкүн.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Бүтпөй келген иштерди бүтүрүүгө, маселелерди чечүүгө ыңгайлуу апта. Жумушта пайдалуу сунуш түшөт, коркпой эле макулдук бере бериңиз. Жүрөгү боштордун акырындан жасаган аракети оң жагына чечилип, жактырган адамы жакшы жооп айтат. Чет тилдерин билген бийкечтер котормочулук же тил үйрөтүү курстарын ачса жакшы пайда табышат. Ири буюм же кыймылсыз мүлк алам деп тургандар коркпой эле сатып ала бериңиз, келишим ийгиликтүү болмокчу.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Карьераңызда өзгөрүүлөр күтүлөт, жумуш алмаштырууңуз ыктымал. Жеке жашоодо үй-бүлөгө, тууган-урукка да көңүл бөлүү керек. Финансылык жааттагы толуктоолордун арты менен көптөн бери эңсеп келген нерсеңизди сатып аласыз. Кан басымга байланыштуу көйгөйү барлар сак болушу керек, кан басым төмөндөшү же жогорулашы ыктымал. Сулуулук жаатында билим алып, иш баштасаңыз жемишин тез арада көрө аласыз. Дем алышта колуңуз бошобой, үйдө болбой калышыңыз мүмкүн.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Аптада эч ким менен ачылып сүйлөшкүңүз, башкалардын сырын уккуңуз келбеген абалда болосуз. Бул чаяндар үчүн мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Андыктан жалгыз аткарылчу жумуштарды колго алганыңыз жакшы, болбосо алаксыткан адамдарга кыжырлана бересиз. Аптанын экинчи жарымында чээнден чыгып, жолугушууга барууга туура келет. Балдарыңыздын ийгилиги кубантат. Үй-бүлөдө түгөйүңүз ашыкча провокация жасабаса эле, гармония орун алмакчы.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Жаачылар үчүн апта динамикалуу жана окуяга бай өтөт. Келбетке кам көрүп, сулуулук жаатында косметологиялык процедураларды жасашыңыз мүмкүн. Башкалардын жумушун моюнга жүк кылып, бүтүрөм деп алдын ала сөз бербей туруңуз. Үйдөгү керексиз буюм-тайымдардан, кийим-кечелерден арылганыңыз оң. Жакын досторуңуздун жакшылыгына күбө болуп, тоюна чакыруу алышыңыз ыктымал. Эс алуу күндөрү сизге сырттан көз салып жүргөн адамдан кат алышыңыз күтүлөт.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Аптада өзүңүзгө магнит сымал ийгиликтерди, жакшылыктарды жана көп адамдын көңүл буруусун тартып аласыз. Убагында бул ийгиликти кармап, каржы жаатын оңдоо үчүн пайдаланып калган жакшы. Өткөн чакта тынчыңызды алып келген оору басаңдап, өзүңүздү жеңил сезип каласыз. Текеберчилик сизге жарашпайт, артка тартышы мүмкүн, андыктан бул сапатка бөгөт коюу керек. Дем алыш күндөрү үйдө болбойсуз, же жумушка байланыштуу жолугушуулар, же конокко чакыруулар күтөт.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Бул күндөрү жетекчилик менен талашып-тартышууга тыюу салынат. Болбосо карьераңызда көп бут тосуулар орун алат. Материалдык абалыңыз туруктуу абалын сактайт. Жакындарыңыздан жагымдуу белек аласыз. Кол үзүшкөн адам горозинтто пайда болуп, жолугуп, ортодогу түшүнбөстүктөрдүн себептерин аныкташыңыз күтүлөт. Бир нерсе жасайын десеңиз кол көтөрүлбөй, энергияңыз жок абалда болосуз. Демек, жумуштан тыныгуу жана эс алуу керек.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Убакыт эмне болуп өтүп жатканы билинбей, жашооңузда эч нерсеге жетишпей жаткандай сезим жаралышы мүмкүн. Оюңузду позитивге буруп, майда нерседен бакыт тапканга аракет кылыңыз. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири үйгө керектүү буюм сатып алып кубанасыз. Документ иштери менен алек болбой туруңуз, бүтүрө албай убара тартышыңыз мүмкүн. Дем алыш күндөрү үйдө отурбай, сизге энергия тартуулаган нерсе менен алек болуңуз, тоого чыгыңыз, киного барыңыз, сейилдеңиз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо