АЙЛЫГЫҢЫЗ КИНОНУН АТЫ БОЛСО, АЛ КАНТИП АТАЛМАК?

№1205

Бул жолу маданият, шоу-бизнес өкүлдөрүнө тамашалуу суроо узаттык. Карызы бар келин алат белеңиз? Эгер сиздин айлыгыңыз кинонун аты болсо, ал кандай аталмак? Бул суроолорго ким кандай жооп бергени кызык болсо, төмөнгө көз жүгүртүңүз. 

 

Чыңгыз Мамаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “АМАН КАЛГАН” ДЕГЕН АТ ЖАРАШМАК”

– Карызы бар келин боюнча... Албетте, уулумдун тандоосун сыйлайм. Эгер уулум жактырып калса, жакшы кыз болсо, ала бермекпиз.

Ал эми айлыгым көптөгөн фильмдердин аталышына туура келет. Мисалы, “Апокалипсис”, “Аман калган”(“Выживший”), “Жоголуучу”... Эгер тамашалуу десек, анда “Саламатсыңбы жана кош бол” деп аталмак. Анткени айлыгым эч нерсеге жетпейт. Колго тийгенде бир көрөбүз, ошону менен жоголот. Бирок ошого да топук кылып жашайбыз. “Бакыттын артынан кубалап” тасмасын да кошо кетейинчи. Анткени элдин арзуусуна качан татыйбыз деп аз айлыкка карабай иштеген фанатмын.

Анапия Райымбекова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “БАКЫТТЫН АРТЫНАН КУБАЛАП...”

– Буюрган күнү дагы келин алармын деп даярданып жүргөн кезим. Эмнеси болсо да түшүнүктүү, билимдүү, адептүү кыз болсо дейм. Салтты, наркты билген жерден куда күтсөк деген тилегим бар. “Карызы бар келин алат белеңиз?” деген суроого келсек. Карызы болсо дагы Кудай балама нике кайып кылып буюруп койсо, балам жактырса, ал кызды келин кылып алмакмын. Карызынан балам экөө кутулушмак. Башкысы – экөөнүн жашап кетиши да.

Ал эми айлыгым кинонун аталышы болсо, “Жүрөктүн шыбыры” болмок. Анткени айлык орточо. Өзүм тандаган кесип болгондуктан жүрөгүмдүн шыбырын угуп иштеп келем. Бизнеске кеткен жокмун. 1-апрелден баштап айлык 100 пайыз көтөрүлөт деп жатышат. Андай болсо аталышы “Бакыттын артынан кубалап” болуп калат го дейм.

Кутман Жолдошов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “АКЫРКЫ ДУЭЛЬ” ДЕГЕН АТАЛЫШ БЕРМЕКМИН”

– Эки жаш баш кошуп жаткандан кийин жаңы жашоолору таза башталышы керек го деп ойлойм. Эстүү кыз болсо, карызы бар экенин ачык айтып эле тиет. Чоң карызы барлар айтпай тийип алгандан өздөрү деле чочулашат го дейм. Кандай болгон күндө да баламдын тандоосуна каршы чыкпайм. Жашоо аныкы.

Ал эми алдыда айлык көбөйсө, азыркы учурдагы акыркы айлыгыма “Акыркы дуэль” деген фильмдин аталышын ыйгармакмын.  

Жаныш Момунов, аранжировкачы: “КЫЙЫНЧЫЛЫК МЕНЕН “КАРМАШУУ” БОЛМОК”

– Балам сүйүп, карызы бар экенин билип же билбей алып келип калса, айла жок төлөйсүң да. Келин келгенде эле карызын айтпаса да, кийин акырын четин чыгара баштаса керек.

Мен ырчыларга аранжировка жасагандан тышкары Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте концертмейстр болуп иштейм. Айлык азыраак. Айлыгым кинонун аталышы болсо, “Аман калган”, “Көрүнбөгөн конок”, “Гладиатор” же “Кармашуу” демекмин. Эгер аранжировкадан акча таппасам, тиги айлык менен кыйынчылык менен кармашып жашамакмын го.

Алтынбек Ажалиев, куудул: “МЕНИ КАРМА, ЭГЕР КАРМАЙ АЛСАҢ...”

– Нике кайып болсо, карызы бар кызды келин кылып ала беребиз. Төлөп кутулуу жоопкерчилиги уулум экөөндө болот да.

Мен каражатты тамадалыктан, куудулдуктан табам. Кирешем орточо, ошондон фильмдин атын атасам, “Мени карма, эгер кармай алсаң” деген ат жарашат. Анткени тойлорду жакшы алып барып, эл мындан да көбүрөөк чакырса, көп тапсам дейм. Акча болсо “Мени карма, эгер кармай алсаң” дейт. Эми качан “Кедей аймактан чыккан миллионер” болом деп жүрөм (күлүп). 

Чынара Дооронова, ырчы: “КҮҢ ИЗАУРА” ДЕП АТАЛМАК”

– 2 уулум үйлөнүп-жайланган. Колубузда жүрүп бизге бала болуп калган кайнимдин баласы бар, эми ошол баламды үйлөйбүз. Акча табылат, балам жактырып турса, карызы болгон күндө деле ал демекмин. Эгер балам сүйлөшкөн кызынын чоң карызы бар экенин билсе, анын артынан кыйынчылык, чатак чыгарын сезсе, анда өзү деле албайт го дейм.

Айлыгым тасманын аталышы болсо, “Аман калган”, “Күң Изаура” болмок. Көп мээнет кетет, бирок эмгек акыга аз төлөнөт. Маданият тармагында иштегендерден мендей айлык алгандар көп эле.

Анара Шайымкулова, ырчы: “БАКЫТТЫН АРТЫНАН КУБАЛАП...”

– Эгер кыздын көп карызы бар экенин билсем, келин кылып алмак эмесмин. Азыр кыздар акылдуу, карызы болсо төлөп, анан турмушка чыгат го деп ойлойм. Майда-чүйдө карыз эч нерсе эмес.

Ал эми айлык боюнча... Пайгамбар баарына ыраазы дегендей, айлыгымдын аз экенине карабай иштеп келем. Кинонун аталышы болсо, “Бакыттын артынан кубалап” болмок, анткени сабырдын артынан көп береке келет дегенге ишенем. 

Нурзада Самарбекова, ырчы: “ТҮШҮҢҮЗГӨ ДА КИРГЕН ЭМЕС...”

– Карызы бар кызды келин кылып алат элем, эгерде карызы бар экенин жашырбай айтса. Алган карызы жакшы иштерге жумшалса, аны төлөөнүн жолун билген жоопкерчиликтүү жан болсо. 

Ал эми экинчи суроого жооп берсем, мурун окуу жайда окуп жана иштечүмүн. Ошондогу маянама фильмдин аталышын койсом, “Дүйшөмбүгө чейин аман калуу” деген да туура келбейт болчу. Анткени абдан аз эле. Эми буюрса, мамлекеттик иште иштеп калсам, айлыгым көбөйсө, анда “Түшүңүзгө да кирген эмес” болобу, ким билет.

Талант Гуламов, куудул: “АЛ КИНО "ТҮПКҮРДӨ" ДЕП АТАЛМАК”

– Кыргыздар илгери “кырк байталдын карызы карызбы?” дешкен да. Уулум кийин эр жеткенде сүйлөшүп алып келип калса, карызын чогулуп төлөмөкпүз. Башка арга жок да.

Ал эми кинонун аталышы боюнча айтсам, менде айлык жок. Концерттен жыргатып деле акча таппайм. Ижара акы, билет жана башкаларга көп кетет. Түшкөн кирешемден фильмдин аттарын койсом, “Закым”, “Түпкүрдө”, “Шамалга буюккандар” же “Трумандын шоусу” болмок. Закым деген жалганчы элес да. Кирешем да ошондой, эч нерсеге жетпеген же койбогон. Мен каражатты КамАЗ айдап табам.

 

Канымжан Усупбекова

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо