Шахрезада Аскарова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ЭМГЕГИМ АРХИВДЕ САКТАЛБАСА ДА, ЭЛДИН ЭСИНДЕ САКТАЛУУ”

№1205

Атактуу ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шахрезада Аскарова менен маңыздуу маек курдук. Чыгармачылыктагы узак жана өрнөктүү жолу, жеке турмушу, бүгүнкү жашоосундагы баалуулуктар тууралуу айтып берди. Бул маек анын турмуштук философиясын жана руханий дүйнөсүн ачып берген жылуу баарлашуу болду.

 

– Саламатсызбы, Шахрезада эже? Ден соолугуңуз жакшыбы? Азыркы учурда активдүүлүгүңүз кадимкидей байкалууда, маектер, жолугушуулар...

– Рахмат! Ден соолук жакшы. Ооба, маектешүүгө чакырган жерлерге барып жатам. Өз нугумда чыгармачылыктын жолун улантуудамын. Концерт бербесем да жолугушууларда, жакшы саамалыктарда ырчы катары ырларымды тартуулап жүрөм.

– Үнүңүздүн табигый тембри жылдар өтсө да өзгөрбөй, мурдагыдай эле жагымдуу экен. Мунун сыры эмнеде?

– Менимче, үн биринчи кезекте Кудайдан берилген аманат. Аны сактоо үчүн өзүмдү кыйнаган жокмун. Үн – жүрөктүн күзгүсү да. Сахнада жүргөнүмө 50 жылга жакындап калса да, үнүмдүн тембрин деле билбептирмин. Ооруканага жатып калганымда көп нерсеге саресеп салып, терең ой жүгүртүүгө убакыт болду. Ошол кезде ким кандай ырдайт, үн менен эмнени жеткирсе болору жөнүндө көп ойлондум. Балким, көп жылдык тажрыйбанын жыйынтыгында баа берүү болду окшойт бул. Үн деген — жөн гана добуш эмес, аны 60 тамырың менен сезишиң керек.

– 70 жашка жакындап калган бул мезгилди чыгармачылык жолуңуздагы кайсы баскыч деп баалайсыз? Даанышмандыкка жеткен мезгилби же жаңы демби?

– Чыгармачылык жол мезгилге жараша уланып кете берет экен. Бир кезде башталган жол өз нугунда уланууда. Кудайга шүгүр, чыгармачылыгым токтоп калган жок, ирети менен жай, бир калыпта келе жатат. Ошентип отуруп 70 жашка да келип калыптырмын.

– Элдин сизге болгон сүйүүсүн кайсы убактарда билдиңиз?

– Чыгармачылык эл менен да. Гастролдоп, ар бир айылга, ар бир ишканага, мекемеге барып концерт койчубуз. Советтер союзу кулаганда турмуш өзгөрүп, мектептерде, бала бакчаларда иштеп калдык. Ырчылар эки ажырым жолго түштүк. Айрымдары кафе, ресторандарда иштей башташты. Мен да ошол учурда чыгармачылыкта бир аз тыныгуу алдым. Ал кезде архив деген түшүнүк жок эле. Жазма да, тасма да сакталган эмес. Бирок алыскы айылдарга барып, эл менен жүз көрүшүп, концерт койгон күндөр жүрөктө калды. Архивде жок болсо да, элдин эсинде калганы – бул эң чоң сыйлык. Кайсы жерде жолукпайын, таанып, жылуу сөз айтып жаткан күйөрмандарымды көрсөм, чыгармачылыгым текке кетпептир деп ыраазы болом.

– Сахна менен жашоо эмнени көбүрөөк үйрөттү?

– Сахна мага адамдар менен мамиле түзүүнүн негиздерин үйрөттү. Өнөрпоз – элдин аң-сезимине тарбия, үмүт жана жарык жеткирген булак. Ал эми жашоо күчтүү болууну жана бир келген өмүрдө жаркырап жашоону үйрөттү.

– Кайсы ырыңыз сиздин тагдырыңыз менен эң жакын байланышта деп эсептейсиз? Эмне үчүн?

– Акындарга ырлары өз баласындай болсо, мага ар бир ырым инсандай сезилет. Обону Түгөлбай Казаковго, сөзү Шербет Келдибековага таандык “Түнкү ыр” чыгармам өзүмдүн жашоомдой сезилет. Себеби ал ыр менин мүнөзүмдү, ким экенимди, ички абалымды, сезимдеримди ачып берет. Менин жан дүйнөмдүн күзгүдөн чагылуусу сыяктуу. Жүрөктөгү сезимди угарманга тартуулайбыз да. Ошондуктан ырлардын сөзүнө абдан маани берем. Поэзиянын кайсы саптары мени толкутса, ошол ырды аткарам.

– 1980-90-жылдардагы ырларыңызды жаңылап ырдап чыгуу пландарыңыз барбы?

– Ырларым көбүнчө кайгылуу экен. Ырчы катары ар тараптуу репертуар түзүүнүн маанилүү экенин түшүндүм. Бирок байкасам, көбүрөөк мекенге, аялзатына арналган ырлар. Убагында хитке айланган ырларымды жаңылап ырдап чыгуу тууралуу жаштар айтып жатышат. Бул идеяны ишке ашырса болот. Изги тилектерим жана жаңыланууга дем берген максаттарым бар.

Элдин табитине жараша шаңдуу, балдарга арналган ырларды аткарып калдым. Азыркы агымга толук кошула албай, той ырларына көп маани бербей жатам.

– Сахнадан алыстай түшкөнүңүз менен, балдар чыгармачылык тобу менен иштешет экенсиз. Балдар менен иштешүү кыйынбы?

– Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөр жашаган үйдө жашагандыктан, алардын балдары менен чыгармачылык мугалим катары иштешип, тарбия берип, жетелеп келем. Бул үйдө 18 жылдан бери жашайм. Кошуналарымдын ишенимине ээ болуп, алар мени “домком” кылып да шайлашкан. Демилге көтөрүп, кошуналарымдан “Кайраттуу шайыр апалар” деген топ түздүм. Алар белдемчи, элечек кийишип, кыргыздын каада-салттарын, санжырасын айтып, ар кандай иш-чараларга активдүү катышып келишет. Бул мен үчүн гана эмес, эл үчүн да руханий чоң салым.

Жашым жогорулап калды. Азыркы вазийпам – коомдук ишмер, аксакалдар кеңешинин мүчөсүмүн. Чыгармачыл инсан, устат катары элге кызмат кылып, ушул иштерди алып барып жатам. Бул чоң баалуулук. Мен “ардактуу эс алуудамын” деп четке чыгып кетпейм. Тескерисинче, акыл-насаат айтып, эл аралап коомдук иштерди улантсак, позитивдүү ойлор менен алдыга жылууга болот деп ишенем.

– Жашоодо кандай сыноолордон өттүңүз. Андай учурда күчтү, энергияны кайдан алдыңыз?

– Энени бала менен сынабасын. Кызым 5 жашында оорукчан болуп, аны 20 жыл  багып, 25 жашында ажал алып кетти. Бул жашоомдогу эң чоң сыноо болду. Азыр майда-чүйдө сыноолорго жеңил гана карайм. Учурда кайрымдуулук менен чыгармачылыкты айкалыштырып, өз миссиямды аткарып, ушул аркылуу кыйынчылыктарды жеңип келе жатам десем болот.

– Чоң эне болгон кандай экен? Неберелериңиз тууралуу айтып берсеңиз...

– Уулум менен келиним – менин тирегим. 3 неберем кубаныч тартуулайт, аларга мээрим төккөн чоң энемин. Балам жана 2 неберем чыгармачылык менен алектенип келет. Бирок социалдык тармактарга чыгууну каалашпайт.

– Артка кылчайып, жаш Шахрезада Аскаровага бир гана кеңеш бер десе, эмне айтмаксыз?

– Сонун суроо. Жаш кезде өзүмдү дайыма экинчи орунга койчумун. Азыр менде андай нерсе жок. Өзүңдү артка калтырбай, өз алдыңча ойлон жана аракет кыл деп кеңеш берет элем. Бул жашоодо ар бир адам өзүнө берилген мүмкүнчүлүктөрдү колдонушу керек экен.

– Жашооңузда кубанычтуу күндөр көп болсун! Бар болуңуз!

 

Мээрим Дербишалыева

 

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо