Эльзар Өскөнбаева, ырчы: “УЧУРДА ФОЛЬКЛОР ЫРЧЫЛАРЫ ТРЕНДДЕ”

№1205

Колунан комузу түшпөгөн белгилүү ырчы Эльзар Өскөнбаева менен чыгармачылыктын ысык-суугу жөнүндө пикир алыштык. Ырчы айым убакыт тартыштыгынан улам үй-бүлөсүнө жетиштүү убакыт бөлө албай жатканын, бирок заман ушундай курмандыкты талап кылып жатканын айтат. Устат-шакирт, той, сахна тууралуу да кызыктуу ой бөлүштү. 

 

– Саламатсызбы, Эльзар айым? Кыргызда учурашкан соң дароо “эмне жаңылыктар?” деп сурайт эмеспи. Мен да ошентейин...

– Саламатсыздар. Жакында “Чоочун адамым” деген ыр жаздырып, элге алынган жакшы ырлардан болсун деп ниет кылдым. Ырда жашоо чындыгы бар экен, уккан адам ар сабынан өзүн табат окшойт. Бир үйдө чогуу жашаса да бири-бирине чоочун болуп калган жубайлар бар. Ошондой эле үй-бүлөсү бар туруп башканы жактырып калгандар бар дегендей. Улуттук филармонияда иштейт эмесминби, ал жакта “Сүймөнкул” деген мюзикл даярдап жатабыз. Жакында “Раймалы жана Бегимай” мюзикли менен Москвага барып келдик.

– Байкашымча, Москвада концертти мекендештер толкундануу менен жакшы кабыл алышты окшойт? 

– Аталган мюзиклди 27 жолу койдук, ар бири аншлаг менен өттү. Мекенибизде анчалык жүрөк дүкүлдөгөн абал болбогон экен. Москвада 5000 адам бата турган чоң залда мекендештер башкача толкундануу менен кабыл алышты. Сахнада турган бизге чейин алардын сагынычы сезилип жатты. Көшөгө жабылгандан кийин да кетишпейт десеңиз, караңгы залда телефондорунун жарыгын күйгүзүп алып колдорун көтөрүп, термелип турушканын көрүп көзүмдөн жаш сызылды. Мекенди сүйүүнүн демин мигранттардан сезип келдик. Дагы көп-көп барып, аларды руханий жактан азыктандырып, кыргыз экенин эске салып, толкундатып туруу керек экен.

– “Устатым Роза Аманова менен жолугушуп жатабыз” деп соцтармактагы баракчаңызга жарыялап калдыңыз. Негизи устат-шакирт темасына көз карашыңыз кандай?

– Ооба, кечээ устатыбыз менен жолугушуп, чер жазышып келдик. Шакирт устатты тандашы мүмкүн, бирок устат шакирттерин тандабай бирдей сүйөт экен. Анткени мен да 16 жылдан бери мугалиммин. Үч университетте фольклордук вокалдан сабак берип, шакирт таптап келем. Устатым Роза Аманова менин жашоомдо чоң орду бар инсан. Ал эжени теледен көрүп суктанып, шыктанып, ырчылыкка кызыгуум арткан. Бактыга жараша, ал киши менин устатым болуп калды. Көп нерсе үйрөндүк, беш жыл бою жеке сабак алдык. Устатым “сендей ырчылар көп, бирок сендей мугалимдик шык баарына бериле бербейт, сенин мугалим болгонуң жакшы” деп айткан эле. Айткандай эле Роза Аманова башка университетке кеткенде, ошол жылы окууну бүтүп жаткан мен анын ордунда иштеп калдым. Мугалимдикти жана ырчылыкты бирдей алып келе жатам десем болот.

Устатымдан өттүбү, мен да мага келген студенттерди бир карап эле билип калдым азыр (күлүп). Мисалы, бирин “ушул кыз окуунун аягына чыгат” десем, башкасын “ушул күйөөгө тийип кетет, өнөр жолу менен кетпейт” деп калам ичимден. Көп учурда мен ойлогондой чыгып калат, көрсө, устат психолог да болуп калат тура. Роза Аманова 15 чакты эле шакирт таптаптыр, бирок аз жана саз ырчыларды чыгарыптыр.

– Эмнеге фольклор тармагын тандап калдыңыз эле? Ал кезде бул тармак трендде эмес эле...

– Учурда тренд болуп жатат бирок... Азыр бааланып калдык. Улуттук филармонияда үч жылдан бери жандуу үн менен гана концерт берилип калбадыбы. Фольклордук ырчылар өмүр бою жандуу үндө ырдагандыктан, эми бизге талап боло баштады. Мага келсек, ал кезде “тренд-пренд” менен ишим деле болгон эмес. Роза Амановага таасирленген бойдон келип фольклорду тандап алгам.

– Ырчылыктан тышкары аялдык, энелик милдет дегендер бар эмеспи, бул жагын кантип баланстайсыз? Жеке жашоодо бактылуусузбу?

– Бактылуу өмүр болбойт, бактылуу мүнөттөр болот деген сөз бар эмеспи. Шүгүр, үч балабызды тарбиялап, жолдошум экөөбүз бири-бирибизге жөлөк-таяк болуп келе жатабыз. Бактылуу учурлар, кыйынчылыктар кезеги менен болуп турат. Баланс жагын айтсам, бирдей кармаганга аракет кылам. Азыркы учурда 5 жерде иштейм дебедимби, убакыт жетишпейт. Мамлекеттик кызмат болгондуктан гастроль пландалып калса, үй-бүлөңдү, балдарыңды таштап аймактарга чыгууга туура келет. Ушундай учурда эки жакка бөлүнүп калгандай болосуң. Менде эле эмес, кесиптештеримде деле ушундай абал.

– Балдарды тарбиялоо маселеси кандай болууда?

– Ушул нерсе мен үчүн аябай оор маселе, ойлосом жүрөгүм ооруп кетет. Анткени тарбия бере турган учурунда алардын жанында болбой калам. Күндүз жумуш, кечинде той-топурда жүрүп балдарга көп көңүл бура албай жатканымды билем. Жүрөгүм ооруйт. Анткени өзүм апамды эстегенде укмуш жылуу элестер көз алдыма келет. Таң атпай туруп ысык нан менен чай бергени, уй сааганы, тамактары, эркелеткени, кеңештери. Ал эми балдарым кийин менин эмне кылганымды эстешет болду экен деп ойлонуп калам. Формаларымды, комузумду көтөрүп алып шашып жүргөнүмдү эстешсе керек деп ойлоп жаман болом. Анан дүкөндүн тамактарын, үйгө буюртма менен алдырган тамактарды эле эстешсе керек (күлүп). Азыркы балдар кыйын да, 6 жаштагы балам “апа, неге көптөн бери тамак жасай элексиң?” десе, уялып кетем. Бирок замандын талабы да ушундай болуп жатпайбы, иштеш да керек. Бир сүйүнткөн жери – кайненем менен чогуу жашаганбыз. Мен бере албай жатканды ал берип жатат деп жүрөк ток.

– Жолдошуңуздун “үйдө көбүрөөк бол” деген талаптары болобу?

– Ал да убагында мамлекеттик кызматта иштечү, үйдө аз болот эле. Азыр жеке ишкер, чет өлкөгө тез-тез чыгып турат. Өзү үйдө көп болбогондуктан андай деле талаптары жок. Үйлөнгөнүбүзгө 15 жыл болду, эми жашоо образыбызга көнүп деле бүттүк да.

– Той-топурлар чарчаткан же тажаткан учурлар болобу?

– Устатыбыз “той ырчысы болбогула, силердин ордуңар сахна” деп көп айтар эле. Бирок жашоо башкача кетти, беш жумушта иштегеним менен, баарынын акчасын бириктирип тойдон таап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Кийин устатымдын  деле ою өзгөрүлүп калды, тамашалап “ай, тойлоруңарга мени деле кошуп алгыла” деп калат. Барбайт деңизчи эми, ошентип тамашалап калат. Күздө той мезгили күчөгөндө аябай кыйналып, чарчап, көкүрөк чоң сахнаны каалап калган учурлар болот. Ошондойдо уялып баштайсың. Жан дүйнөң ырга суусап калат, илхом келип, жаңы ыр издеп, изденип каласың.

– Сиз талантын баалаган ырчы мырзалар кимдер?

– Курал Чокоев менен Мирбек Атабековду баалайм. Бул ырчылар чет өлкөдө жандуу ырдап, Кыргыздын желегин көп желбиреткенине күбө болуп келем.

 

Нуржамал Жийдебаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо