Жаркын Мамырканова, 33 жашта: “КЫЗЫМДЫН КӨЗҮ КҮН МЕНЕН ТҮНДҮ АЖЫРАТЫП КАЛСА ДЕП ТИЛЕЙМ”

№1206

“Кесибим боюнча иштей алган жокмун”

– Аты-жөнүм Жаркын Мамырканова, учурда 33 жаштамын. 9-классты бүткөндөн кийин  колледжге тапшырып билим алгам. 3 балам бар. Эң улуу кызым 6, ортончу кызым 2 жарым, уулум 1 жашта.

Мен 1 жашымда ата-энем ажырашып кетип, апам экөөбүз Нарындын Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында таенемдер менен чогуу жашадык. Колледжди бүткөндөн кийин кесибим боюнча иштей алган жокмун, Бишкекте түрдүү жумуштарда иштеп жүрдүм. 26 жашымда болочок жолдошум менен таанышып, Ат-Башы районунун Талды-Суу айылына турмушка чыктым. Күйөөмдүн бир көзү жакшы көрбөйт, кесиби – ветеринар. Толук кандуу иштебей, жумушуна барса барып, болбосо барбай жүрө берчү. 2020-жылы үй-бүлөбүз менен Бишкекке көчүп келип, батирлеп жашап баштадык. Мен балдар менен үйдө болуп, акча каражатынан кыйналып кеткен учурларда ара-чолодо иштеп жүрдүм. Анткени улуу кызым тубаса майып, 2 көзү көрбөйт, башка да оорулары бар. Аны үйгө калтырып кетүү мүмкүн эмес. 

“7 ай вагондо күн өткөрдүк”                

– Жолдошум шаарда жашоо кыйын экенин билип туруп, айылдагы адатын карматып бирде иштесе, бирде иштебей, жашообуз татаалдады. Же батир акысын убагында бере албайбыз, же тамак-ашка жеткизе албайбыз. Айла кеткенде Кант шаарына көчүп барып, бир вагондо 7 ай жашадык. Үч балалуу болгондон кийин деле жолдошум “кой, эми жакшылап иштейин, үй-бүлөмдү багайын” деген жок. Ошентип  чырдашып жүрүп, 2025-жылдын октябрында ажыраштык. 3 баламды жетелеп бир батирге чыгып, өлбөстүн күнүн көрүп кыйналып жашап жатканыбызды угуп-көргөн боорукер адамдар бизди Бишкекке, Арча-Бешик конушуна алып келип, 1 бөлмөлүү батирге жайгаштырышты. Элден жардам сурап акча чогултушуп, батирдин 4 айлык акысын төлөп беришти. Ажырашкандан бери күйөөм бир да жолу балдарынан кабар алган жок.

“Улуу кызым тубаса сокур төрөлдү”

– Жогоруда айткандай, улуу кызым оорукчан. Кош бойлуу кезде мен сарык оорусу менен ооруп калып, кызым 25 апталык болуп ара төрөлгөн. 980 грамм салмакта ыйлабай жарыкка келди. Врачтар текшерип көрүшүп, 2 көзү сокур төрөлгөнүн, психикасында да маселе болушу мүмкүн экенин айтышты. Убагына жетпей төрөлгөндүктөн өпкөсү жетилген жок, өз алдынча дем ала албайт деп дароо жандандыруу бөлүмүнө алып кетишти. Ал жакта 10 күн кармап, анан 2 ай кювезде жаткырышты. Жасалма тамактандыруу менен чоңойду. 2 айга толгондо врачтар “кызыңардын көзүнө операция жасатуу үчүн Орусияга барышыңар керек. Бизде мындай татаал операцияны жасоого керектүү аппараттар жок” дешти. Ар кимден акча чогултуп алып бардык. Ал жактан Бишкектегидей эле “2 көзү тең тубаса ретинопатия, көздүн тор челинин көз чарасынан толук ажырап кетиши” деген диагноз коюшту. Операция жасашты, 7 күн жатып, анан кайтып келдик. Тубаса ретинопатия дартында патологиядан улам ичтеги баланын көзүнүн тор кабыкчаларына кан барбай, сокур туулат экен. 

“2 жыл мурун талма оорусу кошулду”

– Кызым көп ооруп, 2 жашында гана баса баштады. 3 жаш 9 айында врачтар башын компьютердик томографияга тарттырып, электроэнцефалографиядан өткөрүшүп, “акыл-эси өспөй калган” дешти. Кызым эмдигиче сүйлөй элек, өзү тамактана албайт. Тамакты кашык менен жегизип, чайды бөтөлкө менен беребиз. Дааратканага барам дегенди да билдире албайт. Түнкүсүн такма жалаяк кийгизебиз. 2 көзү көрбөгөндөн улам басканда ар нерсеге урунуп кыйналат. Күн-түн эмне экенин билбейт, ошого көбүнчө түн жарымында туруп алып ойнойт. Ары-бери басат. Өз алдынча кыйкырып-өкүрөт. Жерге ооналактап ыйлайт. Ар нерсени чачат. Чоңойгон сайын жуунтуу да азап болууда. Кыйкырып суудан чыга качып, тепкиленип жиндейт. Эшикке чыкканда, ооруканага алып барганда, сыртка чыгарганда балдардын коляскасында алып жүрүүгө туура келет. Ооруганда дене табын өлчөө да кыйын, градусникти алып ыргытат. Автобуска салып алып жүрүү мүмкүн эмес. 2 жыл болду, башка оорулары аз келгенсип талма дарты кошулду. Оорусу кармаганда калтырап-титиреп, оозунан көбүк чыгып, тырышып жатып калат. Андайда такси чакырып ооруканага жөнөйбүз. 

“Индиядан операция жасатсам дейм”

– Көп ооруп, түндө ыйлагандан, тигинтип түн ортосунда туруп алып өз алдынча кыйкыргандан коңшуларыбыз эртеси бизге даттанып, жаман көрүп келишет “түндө уктатпай койдуңар” деп. Биз жашаган батир узунунан салынып, жанаша 3 батир бар. Ошого кыйкырык угулат. Өткөндө көзүнө кайрадан операция жасатсак болот бекен деп Индиянын клиникаларынын бирине кайрылганбыз. Алар диагноздорун окуп көрүп “жарык, караңгыны сезип ажырата алгандай гана кыла алабыз. Толук көрүп кетиши мүмкүн эмес” дешти. Жарык, караңгыны ажырата алса деле чоң жеңиш болмок, күн-түндү билип калмак. Бирок операцияга кетчү каражатыбыз жок.

Экинчи кызымдын ден соолугу жакшы эле. Бетинде анар (гемангиома) бар. Врачтар аны кийин чоңойгондо өзү алдыргысы келсе алдырса болот дешкен.

Тили чыга элек, “апа”, “нан”, “суу” деген аз гана сөздү айтат. Уулум анемиядан жабыркайт. Ага кайрылып сүйлөгөндө, урушканда кээде гана реакция кылбаса, көбүнчө реакциясы жок. Баса элек, жөрмөлөп жүрөт. 

“Апам экөөбүз да оорукчанбыз”

– Шарты жок ушул 1 бөлмөлүү батирге айына 8000 сом төлөйбүз. Чоң кызымдын майыптыгына 8000 сом жөлөк пул чыгат. Аны дайыма эле батир акысына төлөп коюп, тамак-ашыбыз жок, өп-чап жашоо өткөрүп келатабыз. Биз менен апам да чогуу жашайт, ал психикалык жактан азыраак жабыркайт. Оорусу кармаганда кээде эмне кылып жатканын, эмне сүйлөгөнүн аңдай албай калат. Апамдын өзүнүн жер тилкеси да, үйү да жок. Бирок мага балдарды караганга жардам берет. Менин да көзүмдө миопия дарты бар, алысты көрө албайм. Башым катуу ооруганда эч нерсе кыла албай жатып калам. Күчтүү дары ичмейинче басылбайт. Мурун 2 бөйрөгүмө суук тийип, убагында дарылата албай өнөкөткө өтүп кеткен, ошого көп ооруйт.

Элге эмнеге жардам сурап чыгып жатканым түшүнүктүү болду окшойт. Кызымдын көзүнө операция жасатып алсам деген чоң үмүттөмүн. Анан элден жардам болсо, жер тилкесине ээ болуп калсак дегенде эки көзүбүз төрт. Азырынча билинбейт, 3 айдан кийин батир акысын кантип төлөп баштайм, белгисиз.

Жардам берүү үчүн реквизит:

МБанк: 0500 201924

О!Деньги: 0500 201924

Оптима банк: 0500 201924 

 

 Канымжан Усупбекова      


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо