Ымыркайлардын өлүмү азайып, энелердин өлүмү өстү         

№1206

Кыргызстанда 2025-жылы ымыркайлардын өлүмү 4,2 пайызга азайды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылды.

Өлүм көрсөткүчү 1000 балага 13 жарымды түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 4,2 пайызга төмөндөгөн. Ошол эле учурда ымыркайлар өлүмүнүн себептеринин түзүмү өзгөрүүсүз калган. Биринчи орунда – перинаталдык мезгилдеги оорулар 65,7 пайыз же 1224 бала. Экинчи орунда –  тубаса өнүгүү кемтиктери 15,5 пайыз же болбосо 289 бала. Үчүнчү орунда – дем алуу органдарынын оорулары 8,2 пайыз же 152 бала.

Ал эми энелердин өлүмү, тескерисинче, өстү. Мисалы, 2025-жылы 48 факт катталды, бул мурунку жылга салыштырмалуу 35,4 пайызга жогору. Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетовдун айтымында, энелердин жана балдардын өлүмү саламаттык сактоо системинин абалын чагылдырган маанилүү көрсөткүчтөр болуп саналат. Министр бул боюнча бир жуманын ичинде тийиштүү чаралардын комплексин иштеп чыгууну тапшырды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо