КӨПЧҮЛҮКТҮ ДҮРБӨЛӨҢГӨ САЛГАН "ҮЙ КЫЗМАТЧЫСЫ" ТАСМАСЫ

№1207

Жаңырган жылда прокатта турган тасмалардын арасынан “Үй кызматчысы” (“Горничная”) аттуу фильм эки тараптуу талкууга алынууда. Бир тарап “болбогон тасма, 1 көргөндөн алыска узабайт” деп сындаса, экинчи тарап “философиялык ойлор камтылган, чоң көйгөйлөрдү көрсө болот” деп каршы чыгууда. Мындай талашка түштүбү, демек, тасмада көрөрманды өзүнө тарткан, айрымдарды чычалаткан нерсе бар. Негизгиси фильмди жаш балдарга көрүүгө тыюу салынат. Ал эми биз кызыгуу, талкуу жараткан тасма тууралуу маалымат топтодук.

 

Тарткан өлкө: АКШ

Чыккан жылы: 2025-жыл, 19-декабрь

Жанры: психологиялык триллер, драма

Режиссёру: Пол Фиг

Узактыгы: 2 саат 11 мүнөт

Бюджети: 35 миллион доллар

Топтогон каражаты: 250 миллион доллар

Башкы ролдордо: Аманда Сайфред, Сидни Суини, Брэндон Скленар

Фрида Макфаддендин бестселлери

2022-жылы жазуучу Фрида Макфаддендин “Үй кызматчысы” аттуу романы жарык көрөрү менен хитке айланган. 83 апта бою Amazon’дон буюртма кылынган китептердин сап башында турган. Ал эми The New York Times басылмасынын башкы бетиндеги ордун 60 апта сактаган. 1,5 миллион экземплярдан ашык сатылган. Окурмандарга “Үй кызматчысынын” окуясы ушунчалык жагып, чыгарма бестселлерге айлангандыктан, автор дагы 2 бөлүмдөн турган “Үй кызматчысынын сыры” жана “Үй кызматчысы байкап турат” аталышта уландысын жазган. Режиссёр Пол Фиг бул популярдуу романдын 1-бөлүмүнүн негизинде тартылган тасмасын 2025-жылдын аягында экранга чыгарды. Китептин берки 2 бөлүмү тартылабы же жокпу, убакыт көрсөтөт.

Сындаса сындай берсин...

Миң ирет сынга алынса да, фильм өзүнө корогон 35 миллион доллар каражатты бир канча эселеп актап койду. Тагыраагы, 1 айлык көрсөткүч менен прокаттан болжолдуу 250 миллион доллар түштү деп эсептелинүүдө. Бул көрсөткүч менен “Үй кызматчысы” 2025-жылдагы ийгиликтүү тасмалардын катарынан кенен орун алды.

Комедиядан триллерге

Буга чейин Пол Фиг комедия жанрындагы тасмаларды тарткан режиссёр катары таанымал эле: “Вегастагы бойдоктор отурушу” (“Девичник в Вегасе”), “Юбкачан коптор”, “Арбактардын аңчылары”, “Тентектер жана ботандар” жана башка. Акыркы жылдары ал дагы кесибинде бурулуш жасап, драма, триллер жанрына “көчүп” жаткандай. Мисалы, 2018-жылы эле “Жөнөкөй өтүнүч” аталышындагы триллер чыккан, анда да жашоосунда сыноосу көп эки айым тууралуу баяндалат. Эми минтип “Үй кызматчысын” тартты.

Эмне жөнүндө?

Милли (Сидни Суини) көп жыл түрмөдө отургандан кийин эркиндикке чыгып, үстүндө үйү, чөнтөгүндө бир тыйын акчасы жок оор абалда калат. Машинасында жашап жүрүп, байлардын үйүнө үй кызматчысы болуп орношууну ойлонот. Түрмөдөн чыккан адамда жумуш тандоо мүмкүнчүлүгү деле жок эмеспи. Анан Нью-Йорктун престиждүү райондорунун биринде жашаган Винчестерлердин үй-бүлөсүн туш болот. Аларга үй жыйнаган, тамак жасаган жана бала баккан кызматчы керек болуп жаткан экен. Үйдүн кожойкеси Нина (Аманда Сайфред) алгач Миллини жакшы кабыл алып, колдоп турат. Бирок бара-бара Нинанын өзүн кызыктай алып жүрөрү билине баштайт, бир туруп жөнү жок жерден истерика болсо, бир туруп Миллини уурулукка күнөөлөйт. Аны тынчтандырып, өзүнө келтирүү күйөөсү Эндрюнун (Брэндон Скленар) эле колунан келет экен.

Тасманын биринчи жарымында Милли менен Нинанын тиреши, уруш-талаш, истерика менен өтүп, көрөрман “ии, баягы эле тажатма сюжет” деши мүмкүн. Бирок фильмдин экинчи бөлүгүндө ою 180 градуска өзгөрөрү чын. Калгандары сиз үчүн да интрига болсун, окурман. Жалпысынан айтканда, “Үй кызматчысы” – сыртынан караганда бактылуу, ичте кылдаттык менен курулган, бирок кооптуу дүйнөдө камалып калган аялдын окуясын баяндаган психологиялык триллер.

Тартуу иштери

Тасманы тартуу иштери АКШнын Нью-Жерси штатында өткөн. Окуя болгон жер жасалма павильон эмес, чыныгы үй. Аны атайын ижарага алышкан. Режиссёр каармандар кенен үйдө гана өздөрүн эркин алып жүрө алышат деп ойлогон. Ал эми көчөдөгү кадрлар Нью-Жерсинин айланасындагы чакан шаарларда, эл көп жок тынч көчөлөрдө, дүкөн, кафелерде тартылган. Муну менен режиссёр көрөрманды техникалык эффекттер менен эмес, көпчүлүк көнгөн атмосфера, жай турмуш, күнүмдүк тиричилик менен тарткысы келген. Тартуу иштери 2025-жылдын 3-январында башталып, 14-февралда аяктаган.

Күчтүү тарабы

 Тасманын күчтүү тарабы катары каармандардын мүнөзү ар тараптуу чагылдырылганын айтсак болот. Мисалы, Нинаны башында обу жок, ыйлаак, истеричка, акылынан адашып бара жаткан аял катары көрөбүз. Бара-бара мындай жүрүм-турум бекеринен жаралбаганы, катылган коркунучтуу себептери бар экени ачыкка чыгат. Авторлор мындай белгилердин артында коркунучтуу себептер болушу мүмкүн, кайдыгер болбоо керек деген чакырык ташташкан.

 Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси чагылдырылган. Өзүнүн күчүн, үстөмдүгүн, басымын камкордук деп түшүндүргөн, ошого ишенген, аял да ишениш керек деп көзөмөл кылган эркек... Ошон үчүн да тасма айрым эркектерге жакпай, көрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгүн кинотеатрга курбусун же эже-сиңдисин ээрчитип алып барган айымдар түзүп жатат дешет.

Алсыз тарабы

 Кино сынчылар “Үй кызматчысынын” алсыз тарабы деп эротикалык сценалардын ашыкча көптүгүн айтышкан. Албетте, тасманын сюжетине жараша мындай сценалардын болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок окшошкон да, окшошпогон да жерден баш каармандардын декольтесин көрсөтө берүү ашыкча дешет.

 Тасмада айрым окуялардын ортосундагы байланыш билинбей, кескин түрдө биринен экинчисине өтүп кеткен учурлар көп. Мындан улам айрым учурлар көрөрманга түшүнүксүз бойдон калат. Китепти окуган адам гана эмнеге андай болгонун түшүнө алат.

 Көпчүлүк сюжеттик линиялар көрөрманга белгилүү, азыр эмне болорун ар ким айта алат, табышмактуулук жок.

 

Асыл Орозбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо