БАСКЕТБОЛ ЖЫЛДЫЗЫ СТЕФЕН КАРРИ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

№1207

Баскетбол жылдызы Стефен Карри Forbes’тун рейтинги боюнча 2025-жылы дүйнөдөгү эң көп акы төлөнүүчү 50 спортчунун катарына кирди. Жылдык кирешеси 156 миллион долларды түзүп, атактуу футболчу Криштиану Роналдудан (275 миллион доллар) кийин 2-орунда турат. Өз клубунун жана АКШ курамасынын эң мыкты оюнчусу тууралуу кызыктуу маалыматтар төмөнкү макалада.  

 

АНКЕТАСЫ

Туулган жылы – 1988-жыл, 14-март

Туулган жери –  АКШ, Огайо штаты, Акрон шаары

Бою – 1 метр 88 сантиметр

Салмагы – 84 килограмм

Жетишкендиктери – Улуттук баскетбол ассоциациясынын 4 жолку чемпиону (2015, 2017, 2018, 2022)

Үй-бүлөлүк абалы – жубайы, 3 баласы бар

 

Плеймейкер же команданын “мээси”

Стефен Карри 2009-жылдан бери Улуттук баскетбол ассоциациясынын (НБА) “Голден Стэйт Уорриорз” командасында ойноп келе жатат, плеймейкер. Плеймейкер – команданын “мээси” жана лидери, тактика жагынан машыктыруучунун жардамчысы. Өнөктөштөрүнө топту шакекчеге киргизүүгө ылайыктуу учурларды түзүп берүүнүн чыныгы устасы. Оюн талаасындагы аралыкты так аныктап, бат, туура чечим кабыл алат. Атаандаштарынын күчтүү жана алсыз жактарын билип, ошого жараша ойнойт.

 

Үй-бүлөдө жалаң баскетболчулар

Биздин каармандын атасы Делл Карри да, иниси да баскетболчу. Атасы “Шарлотт Хорнетс” командасында 10 жыл, башка командаларда 6 жыл ойногон. Кичинесинде атасы 2 уулун өзү ойногон беттештерге ала барып, матч алдындагы машыгуучу оюндарга катышчу. Бош убактысында атасы 2 уулуна баскетбол ойноонун сырларын үйрөтүүгө далалат кылган. Бирок кичинесинде Стефендин бою узун эмес жана алсыз болгондуктан баскетбол ойнойм десе, балдар шылдыңдашар эле. Ошого намыстанып үзбөй машыгып, топту шакекчеге ыргытуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыга баштайт. Иниси да баскетболчу болуп чыгып, Улуттук баскетбол ассоциациясында 350дөн ашык беттешке катышкан.

 

Көз оорусунан жапа чегет

Мектепти бүткөндөн кийин Стефен политехникалык университетте окууну көздөгөн. Бирок аталган окуу жай ага спорттук стипендия сунуштаган эмес. Ошого Дэвидсон колледжине тапшырып, анын баскетбол командасында ойноп баштаган. 2019-жылы Карри бала кезинен кератоконус оорусунан жапа тартарын айтып чыккан. Кератоконус – көздүн тунук челинин жукара башташынан улам көрүүнүн начарлоосу. Ошого оюнчу склердик линза тагынып жүрүүгө аргасыз. 

 

Окууну бүтпөй калган

Колледжде 3 жыл окуган кезде 104 оюнда ойноп, жакшы жыйынтык көрсөтүүгө жетишкен. Алгачкы эле жылы “Жаңы оюнчулардын мыктысы”, кийинки сезондо “Эң мыкты оюнчу” деп табылган. 2008-жылы АКШнын студенттик чемпиондугунда алдынкы оюнчулардын символикалык 2-курамына кошулса, кийинки жылы 1-курама командага өтөт. Стефен 3 жыл окуган соң колледжди бүтпөй, профессионалдуу оюнчу болууну чечип, окуудан чыгат.

 

Профессионалдык карьера

2009-жылы НБАнын профессионалдык командаларынын жаңы оюнчуларды таандоосунда “Голден Стэйт Уорриорз” клубуна 7-номердеги оюнчу катары кабыл алынат. Кошулгандан тартып командада плеймейкер катары өзүн көрсөтөт. Команданын жылдызы Монта Эллис Стефендин келиши менен кайрадан өзүнүн чабуул коюучу коргоочу позициясына кайтат. Стефен 2009-2010-жылкы сезондун жарымында 3 ирет, башкача айтканда, январь, март, апрелде Батыш конференциясынын жаңы оюнчуларынын мыктысы аталат. “НБАнын жаңы оюнчусу” наамы боюнча 2-орунду ээлеп, команданын №1 оюнчусу атка конот. Аталган сезондо 30дан упайды 8 ирет топтоп, аягында “Портленд Трэйл Блэйзерске” каршы оюнда рекорддук 42 упайды топтойт. Мындай рекорд жаңы оюнчулар арасында Робертсондун тушунан бери, башкача айтканда, 1961-жылдан бери кайталана элек болчу.

 

44 миллион долларлык келишим

2010-жылы 10-февралда “Лос-Анжелес Клипперс” менен болгон оюнда Стефен 36 упай топтоп, трипл-дабл (1 оюнда 10дон кем эмес упайга ээ болуу) жасайт. Акырындап оюндарда анын жыйнаган упайларынын саны жогорулай берет. 2012-2013-жылкы сезон башталар алдында Стефен “Уорриорз” менен 4 жылга 44 миллион долларга келишим түзөт. Баскетболчу аналитиктер аталган команданын Стефендин жаракатын билип туруп келишим түзүшүн кооптуу кадам деп баалашкан, анткени келишим түзгөнгө чейин каарманыбыз жаракат алып операция жасаткан эле. Ага карабай беттештерге ийгиликтүү катышат, 272 ирет 3 упайлык топ ыргытып салуу менен НБАда жаңы рекорд коёт. Ошентип, андан кийин да анын ыргыткан ташы өйдө кулап жүрүп отурат.

 

Эң баалуу оюнчу

Стефендин салымы менен “Уорриорз” 2014-2015-сезондо 67 ирет жеңишке жетишип, НБАда рекорд коёт. Бул Батыш конференциясында жана лигадагы мыкты ийгилик болчу. Стефен сезондун туруктуу эң баалуу оюнчусу аталат. 2015-2016-сезондо “Уирриорз” НБАнын тарыхында болуп көрбөгөндөй рекордду коюп, 3 упайлуу топ салуунун санын 402ге жеткирет.

 

Ийгиликсиз сезон

2019-2020-жылкы сезон “Уирриорз” үчүн кыйынчылык менен башталат. 30-октябрда беттештердин биринде команданын көп жылдык лидери Стефен сол колун сындырып алып, оюндан 3-4 айга четтейт. Көп өтпөй коронавирус пандемиясы башталып, команда үчүн сезон бүтөт. 2020-2021-жылкы сезондо Стефен жаракатынан айыгып, мурунку калыбына келет. Алтургай кайрадан сезондун ийгиликтүү оюнчусу боло алат. Ушунун өзү анын канчалык таланттуу оюнчу экенин айгинелеп тургансыйт.

 

Барак Обама менен мамилеси жакшы

Каарманыбыз 2011-жылы 30-июнда сүйүктүүсү Айеше Александрга баш кошкон. Экөөнүн 2 кыз, бир уулу бар. 2019-жылы 31 миллион долларга Калифорниядан үй сатып алганы белгилүү. Бут кийим чыгаруучу ири компаниянын жүзү. Атасына окшоп поп-корнду жакшы көрөт. Гольфту да мыкты ойнойт. Учурунда АКШнын президенти Барак Обама менен бирге гольф ойногону, аны менен азыркыга чейин жакшы мамиледе экендиги айтылат.

 

 

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо