№1207
Кыргызда “Аккан арыктан суу агат” дейт. Эстрада ырчысы Элизат Абдырахманованын чыгармачыл жолду тандашы да бекеринен эмес. Маекте чоң атасы – белгилүү комузчу Нурак Абдырахманов, анын фамилиясын алып жүрүүнүн жоопкерчилиги, шоу-бизнес дүйнөсү тууралуу сүйлөштүк.
– Кандайсыз, Элизат айым? Нурак Абдырахманов деген аттын сизге канчалык жардамы тиет?
– Сыйлап турушат. Анткени улуу инсандын небереси болуу – сыймык эле эмес, чоң жоопкерчилик дагы. Чоң атам Нурак Абдырахмановдун аты мага ар дайым дем берет. Ал кишинин чыгаан инсан экенин 8-класс кезимде түшүнүп, ошондон тарта жакшы окууга, өзүмдү татыктуу алып жүрүүгө аракет кылдым. Азыр дагы ар дайым фамилияма татыктуу болууга умтулам.
– Фамилияга таянбай, ырчы катары өз алдынча элге таанылуу сизге кыйынчылык жаратпайт да?
– Негизи өз алдынча эле чыгып, өз күчүм менен жолумду табууга аракет кылам. Чоң атамдын атына таянып алдыга чыгайын деген ниетим жок. Бирок сурап калышса, жашырбай ачык эле айтам "Нурак Абдырахмановдун небересимин" деп. Бул мен үчүн сыймык.
– Ырчылык багытты тандашыңыз ал кишинин таасириби?
– Чоң атамдын жөнөкөйлүгү, ак көңүлдүгү башкача эле. "Адамдарга жылуу мамиле кыл, текеберликке алдырба, кандай кырдаал болбосун адамдык сапатты жоготпо" деген насааттары анын мага калтырган эң чоң белеги болуп калды. Албетте, чоң атамдын комузду мыкты черткени, обондору менен ырлары жүрөккө күчтүү таасир калтырчу. Анын ар бир күүсүнөн терең маани, ар бир ырынан улуттук рух сезилип, өнөргө болгон көз карашымды кичинемден калыптандырды десем болот.
– Кичинемден деп калдыңыз. Бала кезиңизди эстеп берсеңиз...
– Ушул жерден тактап айта кетсем, мен Нурак чоң атамдын бир тууган инисинин кызы болом. Бирок кичинемде анын колунда чоңойдум. Мени Нурак атам “ай тегерек, күн тегерек” деп эркелетер эле. Өзүмдүн атам комузду 6 жашымда колума карматып, алгачкы сабактарды берген. Ал эми Нурак атам чоң күүлөрдү үйрөтүп, өнөрдүн терең маани-маңызын түшүндүргөн. Бала кезимден бери ар кандай сынактарга, концерттерге активдүү катышып, сахнанын тарбиясын эрте көрдүм. Ошондо эле ырчы, комузчу болууну кыялданчумун. Үн жана музыка аркылуу адамдарга сезим жеткирсем дечүмүн. Ошондой кыялдар дем берип, өнөргө болгон жолумду ачууга түрткү болду да.
– Автордук ырларыңыз барбы? Жалпы канча ырыңыз бар?
– Ооба. “Кайгырба”, “Жүрөк оту”, “Жайна”, “Ата-энем”, “Куса болдум” жана башка обондорум жарыкка чыгып жатат. Азыркы тапта ушул 5 автордук ырым бар. Арасынан өзүмө эң жакканы “Кайгырба” дегер ырым.
– Чыгармачылык инсанга бир өзгөчөлүк керек дешет. Сиздин фишкаңыз эмне?
– Этно стилде кийинип, өзүмдү эркин алып жүргөндү жакшы көрөм.
– Өнөр жолунда сизди эмне кыжалат кылат же капалантат?
– Капалантып, маанайды түшүргөнү – кээде угармандардын ырдын маанисине эмес, шаңдуу же шаңдуу эместигине карап баа беришкени. Мындай учурларга көңүл бурбаганга аракет кылам.
– Демөөрчүңүз же продюсериңиз барбы?
– Азырынча жок. Продюсер издеп жатам учурда.
– Жолдошуңуз чыгармачылыгыңызга кандай карайт?
– Башында каршы болгон эле, азыр туура түшүнүп, колдоп турат. Бул абдан маанилүү жана шыктандыруучу нерсе. Чыгармачылыктын жолунда кыйынчылыктарды жеңүүдө колдоо көрсөтө турган адамыңдын болушу чоң бакыт.
– Аял катары сахна менен жеке жашоону айкалыштырып, чогуу алып кетүү кыйын эмеспи?
– Эки балам бар. Ооба, кээде чыгармачылык менен үй-бүлөнү айкалыштыруу кыйын болот. Тең салмактап, эки тармакты тең ийгиликтүү алып кетүүгө аракет кылып келем.
– Ырлардын тематикасы боюнча сүйлөшсөк. Мурдагы ырларыңыздан жаңы ырларыңыздын айырмачылыгы эмнеде?
– Жаңы ырларым көбүнчө лирика жанрында, терең сезимге жана ой жүгүртүүгө багытталган. Ал эми мурунку ырларым көбүнчө ретро стилде эле. Бул жыйынтык чыгармачылык сапарымдагы өзгөрүүлөрүм, обон жана тембр жаатында изденүүлөрүм десем болот.
КЫСКА-НУСКА
– Эл билбеген бир артыкчылыгыңыз?
– Комуз үйрөтүүдөгү жекече ыкмамдын бар экени.
– Комузбу же кыл кыякпы?
– Комуз.
– Элизатты эки сөз менен сүрөттөп берсеңиз?
– Ырчы жана обончу.
– Ырчы болбосоңуз ким болмоксуз?
– Информатик.
– Сахнага чыгарда сөзсүз жасаган адатыңыз?
– Бата кылуу.
– Атак-даңкпы же из калтыруубу?
– Из калтыруу.
– Кадимки жашоодо кандай адамсыз?
– Абдан жөнөкөй.
– Акыркы жолу эмнеге сүйүндүңүз?
– Алтын зер буюм сатып алганыма.
– Соцтармакта эсиңизде калган комментарий?
– “Чын эле чоң атасындай таланттуу экен”.
– Бирөөдөн алган унутулгус белегиңиз?
– Ичине кичинекей мамалак салынган букет гүл.
– Эгер сиз гүл болсоңуз?
– Ак роза болмокмун.
Мээрим Дербишалыева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |