Дилшат Кангелдиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ЫРЧЫ КАТАРЫ МЕНИ "НАСИЛЕТ" ЫРЫ ТААНЫТТЫ”

№1207

Гезитибиздин бул чыгарылышында белгилүү ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Дилшат Кангелдиева менен маектештик. Улуттук филармонияда 25 жыл эмгектенип элге эмгегин арнаган Дилшат айым чыгармачылык, устат-шакирт, жеке жашоонун түгөнбөс кызыктары тууралуу ой бөлүштү.

 

– Саламатсызбы, Дилшат эже? Маегибизди чыгармачылыгыңыздан баштасак. Ырчы катары сиздин жан дүйнөңүздү ачкан чыгарма кайсы болду?

– Саламат! Сөзүн акын Кыялбек Урманбетов жазган “Насилет” чыгармасы десем болот. Бул ырды атайын буюртма менен жаздырып, байлыкты же мансапты эмес, адамдын жан дүйнөсүн даңазаласын, ырда жүрөктөн чыккан ой толгоолор камтылсын дегем. Алгачкы вариантында ыр Ысык-Көл тууралуу болчу, агай өтүнүчүмдү аткарып, кайталангыс кылып жазып берди. “Насаат” же “Санат” эмес, аталышын да өзгөчө кылып “Насилет” деп атадык. Дал ушул ыр мени элге ырчы катары таанытты. Чыгармачылыкта алгачкы кадамдарым “Күзгү” ыры менен башталып, андан соң “Жаш өмүрүңдү өткөрбө”,  “Жакшы адамдар көп болсо экен” деген ырларымды да эл жакшы кабыл алды. Негизи белгилүү бир темалар менен чектелип калгым келбейт, ар бир ырым – жашоого болгон көз карашымдын, изденүүлөрүмдүн жыйынтыгы. “Жакшы адамдар көп болсо экен” деген ырым финансылык киреше алып келди. Жакшылыктарга, тойлорго ушул ыр менен чакырылып жаттым. Эмгегим бааланып, “Эмгек сиңирген артист” наамы ыйгарылды. 

– Үй-бүлөдө сиздин негизги сынчыңыз ким?

– Жолдошум менен балам чыгармачылыгымды толук колдошот. Ар бир жаңы чыгармамды даярдаганда сөзсүз түрдө жолдошума угузам, ал сын-пикирин айтып, кеңешин берет. Ошондон кийин гана угармандарга тартуулайм. Мындай чыгармачылык байланыш биздин үй-бүлөлүк да, өнөр жолундагы да бекем биримдигибиздин белгиси.

– Демек, жолдошуңуз чыгармачылыкта демөөрчүңүз?

– Ооба. Жолдошумдун аты Саадатбек, чыгармачылыгыма салымы чоң. Бир курста окубасак да, искусство окуу жайында чогуу билим алганбыз. Үй-бүлө кургандан кийин улуттук филармонияда “Камбаркан” фольклордук ансамблинде бирге иштедик. Мен ал жакта 25 жыл эмгектендим, ал эми жолдошум азыркыга чейин ишин улантып келет. Бир нече музыкалык аспапта эркин ойнойт, көбүнчө джаз жана классикалык музыка багытына кызыгат. Мен фольклор жана эстраданы тандап, жолумду ошол багытта уланттым. Өз алдынча жеке ырчы болуп чыгышыма да жолдошум себепчи болду. Анын сунушу жана колдоосу менен жеке ырчы катары сахнага кадам таштадым.

– Кандай чоң эне болуп жатасыз?

– Арууке, Марям аттуу неберелерим бар, чоң эне катары бактылуумун. Неберелүү болуу жашоомо өзгөчө кубаныч алып келди. Аларга болгон мээримим чексиз, үзүлүп-түшкөн чоң энемин. Чөнтөгүңдө акыркы акчаң калса да, небереңе бир нерсе алып бергиң келет экен. Марям мага жакын, кичинесинде белим ооруганча көтөрчүмүн да (күлүп). Неберелерим – жан дүйнөмдүн жарыгы. Алардын күлкүсү, сүйүнүчү дем берип, жашоого болгон сүйүүмдү арттырат. 

- Ар дайым жылмайып жүрөсүз. Сизде деле маанай жок, кабак бүркөлүп калган учур болобу?

- Жылмайып жүрүү ар кимдин эле колунан келе бербейт. Менин жылмаюум жасалма эмес, табияттан берилген мүнөз. Атайын жылмайып жүрөйүн деп аракет деле кылбайм. Жан дүйнөм назик болгондуктан, айланамдагы адамдардын маанайын бат сезем. Капа болуп турган адамды көрсөм, анын маанайын көтөрүп, жакшы нукка буругум келет. Филармонияда иштеп жүргөн кезимде белгилүү комузчу, устатым Нурак Абдырахманов: “Дилшат келгенде күн жарк этип кетет” деп калар эле жарыктык. Жылмайып учурашуу, адамдарга жылуу мамиле кылуу – бул менин жашоо образыма айланган сапаттар. Мен үчүн жылмаюу адамга берилген эң жөнөкөй, бирок күчтүү белек. 

– Дагы деле мурдагыдай жапжаш көрүнөсүз? Мунун сыры эмнеде?

– Абдан кубанычтамын. Азыркы учурда көпчүлүк адамдар жаш көрүнүп калышты. Мунун себеби, албетте, жашоо-шартыбыздын жакшырышына байланыштуу. Кийим-кече, стиль, баары замандын талабына жараша өзгөрдү. Позитивдүү маанайда жашаган адам да табигый түрдө жаш көрүнөт. Мында генетиканын да ролу чоң деп ойлойм, анткени апам да өз курагынан жаш көрүнчү. Адам өзүн кандай алып жүрсө, анын жаш курагы да ошого жараша көрүнөт. Жан дүйнө жаш болсо, адамдын жүзү да, жүрүм-туруму да ошону чагылдырат окшойт.

– Чыгармачылык жолдо ызы-чуу, интригалардан алыс болуу канчалык кыйын болду?

– Менде дайыма бир максат бар болчу – үй-бүлөмдүн жашоо-шартын элдикинен кем кылбайын деген. Ошол максат үчүн көп эмгектендим. Эмгек кылсаң, үзүрү сөзсүз болоруна ишендим. Эң негизгиси, адам  принциптеринен тайбай жашаганы жакшы. Ушак-айыңга аралашпай, убакытты бекер нерселерге коротпой, өз жолуң менен түз жүрүү маанилүү болду.

– Өзүңүздү ырчылыктан башка тармактан сынап көргөн учурлар болдубу?

– Өнөр адамдары тынымсыз изденүүдө жүрүшөт. Өзүмдү көп тармакта сынап, башка тармакта иштеп да көрдүм. Баары бир кайра эле ырчылык өнөрдү багып, аны сактап келе жатам.

– Чыгармачылык жолдо эң оригиналдуу, эсте каларлык комплиментти кимден уккансыз?

– Жүрөгүмдү сүйүнткөн, унутулгус комплиментти балам айткан. 2000-жылы “Камбаркан” фольклордук ансамблинин коштоосунда жеке концертимди өткөргөм. Устатым, агайым Насыр Давлесов мени дирижёр кылгысы келчү. Ошол концертте бардык өнөрүмдү көрсөттүм. Концерт аяктап, агай сахнага чыгып мени куттуктаганы жатканда 9 жаштагы балам чуркап келип, “апа, сизде мындай талант бар экенин билбептирмин” деп жатпайбы. Ошол сөз баарыбыз үчүн күтүүсүз болду, агайым да таң калып, жылмайды. Баламдын  таза, чын жүрөктөн айтылган сөзү – эң унутулгус сыйлык болду. Өнөрдүн күчү кээде дал ушундай жөнөкөй, бирок чыныгы сезимден билинет экен.

– Ал күнү балаңыз сизди сахнадан биринчи жолу көргөн беле?

– Жолдошум экөөбүз тең эс алуусуз иштегендиктен балабыз менин ата-энемдин колунда болду. Уулум Кубанычбек ошол концертте биринчи жолу апасын сахнадан көрүп сүйүнүп, балалык эмоциясы менен жакшы сөзүн арнап кубанткан.

– Кандай хоббиңиз бар?

– Аябай кыялкеч аялзаттардын биримин. Гүлдү өзгөчө жакшы көрөм, бүчүр байлап, жалбырактары жайылып гүлдөй баштаганда башкача кубанам. Ошондой майда көрүнгөн кереметтер чыгармачылыкка эргүү берет. Саякаттоону да жактырам, жаңы жер, жаңы аба жан дүйнөмдү сергитет.

– Жасалма интеллект ырчы үчүн жардамчы боло алабы?

– Жардамчы боло албайт. Себеби – жандуу эмес, ошондуктан адамдын жан дүйнөсүн толук алмаштыра албайт. Ал курал гана, кантип колдонсоң, ошого жараша пайдасы тиет. Мен дагы колдонуп көрдүм, жаккан жок. Жүрөктөн чыккан чыгармадай тереңдикке жетпейт. Ыр, обон, поэзияда жүрөктөн чыккан сезим жакшы.

– Жаш ырчылардын чыгармачылыгынан эмнени көргүңүз келет?

– Көп нерсе заманга жараша болот. Азыркы учурда жаштардын изденүүгө умтулуп, ар тараптуу өнүгүп жатканы кубандырат. Ар бир мезгилдин талабы,  угарманы бар, ага жараша ар бир ырдын тагдыры болот экен. Бир ыр элге бат жетип, тез кабыл алынса, кээ бири канча каражат, эмгек жумшалса да күтүлгөндөй болбой калат. Бул чыгармачылыктын мыйзамы. Мен жаштарды колдойм, аларга жол ачууга аракет кылам.

 

Мээрим Дербишалыева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо