Турат Жумаев, төкмө: “АКЫН КӨП СӨЗДҮ ЭМЕС, ТӨП СӨЗДҮ АЙТЫШЫ КЕРЕК”

№1207

Жылдар өттү, далай суулар акты, көп нерсе өзгөрүүдө. Бирок төкмө акындыктын табияты өзгөрбөсө экен деп тилегендер көп. Биздин маектеш Турат Жумаев да дал ошондой пикирде. Жакында атактуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин элесине арналган айтышта баш байгени утуп алган Турат мырзаны кепке тарттык.

 

– Кандайсыз, Турат мырза? Жакында өткөн акындар айтышында баш байгени утуп алышыңыз менен куттуктайбыз!                 

– Жакшы, чоң рахмат! Залкар акын Элмирбек Иманалиевдин урматына уюштурулган биринчи айтыш эле. Негизи улуу инсандарга арналып көп эле айтыштар болуп келет, бирок эл булбулу Элмирбектин элесине арналган айтышта баш байгени жеңип алуу мен үчүн чоң сыймык болду. Анын үстүнө бул менин эң алгачкы баш байгем болуп кубанып турган учурум.

– Маектин ушул жеринен Элмирбек Иманалиевди эскере кетсеңиз ашыкча болбос...                                            

– Төрт аягы тыбыраган жоргодой, төрт тарабы төп келишкен өзгөчө акын эле. Төкмөлүгү төгүлүп, жазма акындыгы башкача, жазуучулугун сөз кылып бүтпөс, комузчу, манасчы, ырчы, айтор, өнөрдү боюна сиңирип алган өзгөчө адам эле да жарыктык. Кечээги өткөн айтышта буларды айттым:

Бир манасчы чыга элек,

Бир канча уруу элдер бар.

Бир төкмө төгүп чыга элек,

Кыртышы жука жерлер бар.

Бир обончу чыкпаган,

Талантка жарды
элдер бар.

Ал эми бизде,

Бир кенедей денеде,

Бир канча өнөр ээси бар,

Элмирбектей шерлер бар...

Кыргыздын багына бүткөн, азыркы замандын Токтогулу эле агабыз. Аттиң, бардык өнөр топтолуп, бирок өмүрү кыска болуп калганын карабайсызбы. Бирок шакирттери бул ысымды сыймык менен алып жүрөбүз.

– Жакшы. Айтышып бүтүп сахнадан түшкөндөн кийинки төкмөнүн абалы кандай болот?                                          

   – Түрдүү эмоциялар болот. Кээде сахнадан түшкөндөн кийин эргүү келип калат. Кээде элдин ушул көйгөйүн айтайын деп атайын камынып чыккан учур болот. Элдин көксөөсүн сахнадан айтып алганда акында бактылуулук пайда болот. Байгеден да чоң ырахат алган убак ошол. Айта албай калган нерселер да болуп калат. Кээде акынды убакыттын тардыгы чектесе, кээде атаандашың күтпөгөн жерден чабуул жасап жиберет.

– Сахнада ичтеги ойду айтпай калган коркунучтуубу же туура эмес сүйлөп алуубу?                                            

 – Айтылбай ичте калган нерсе бир күнү чыгат, ал жүрөктө жүргөн эле болсо сөзсүз чыгат. Коркунучтуурагы, туура эмес сүйлөп алуу го дейм, менимче. Пендеге туура эмес сүйлөө жарашпайт, төкмөгө андан да оор болот. Бир сөздөн эле кетип калат. Түпкүлүгүндө жакшы эле ойду айтайын дегенсиң, бирок жеткирүү ыкмасы жакшы болбой калгандыктан эл туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн.

– Ошентип туура эмес айтып алганыңызга өкүнгөн учурлар болду беле?                                           

– Жаш кезде көп эле болгон. Туура эмес же шашып айтып алган, устаттарыма тийишип алган убактар болгон. Жаштык, кызуу кандуулук, элге көрүнүү аракети, эмоция акылга үстөмдүк кылып жиберген учурлар болгон. Ошол убактарда өкүнгөм.

– Демек, азыркы тапта ар бир сөздү таразалап, жети өлчөп, бир кесип айтышасыз?                                       

 – Ооба. Угарманга көп сөз эмес, төп сөз керек деген жоопкерчилик моюнда турат дайыма. Даярдыксыз айтышка чыгып алган туура эмес, дайыма даярдык менен, жоопкерчилик менен жүрүүгө аракет кылам. "Жер жарылса, жарака акындын жүрөгү аркылуу өтөт" дегендей, ар бир эл арасындагы актуалдуу маселени ойлоп, анализдеп айтышка даяр жүрөм.

– Төкмөлөр бүгүнкү күндө эркин эле жашап жатышабы же кандайдыр бир кысым барбы?                                  

– Жок, эркин эле жашап жатышат. Бирок төкмөлүк мындан да эркин жашашы үчүн ар бир төкмө акын издениши кажет. Азыр элдин баары билимдүү болгону үчүн кээ бир нерседе биз артта калып калгандай сезилет. Акын эркин, бирок адилеттүү болуп, элдин үнү менен бийликтин үнүн таразалай билиши керек.

– Акынды азыркы заман түшүнбөй жаткандай сезим болбойбу?                                         

– Болот. Себеби келечек муун батыштын же чыгыштын идеяларына, түрдүү агымдарга берилип кеткен учурлар болууда. Кээде таптакыр кыргыз жыттанбаган жаштарды да көрөбүз. Кыргыз экенин унутуп калгандар бар. Төкмөнү түшүнүү үчүн чыныгы кыргыз болуу керек. Салтты, наркты, сөз маанисин түшүнгөн адамдар көп болсо акындык дагы өркүндөйт.

– Салтты бузбай сактоо же жаңыланууга умтулуу. Сиз үчүн кайсынысы маанилүүрөөк?                                       

  – Экөө тең маанилүү. Салт деп эле “чаңын” сүртпөй колдоно берүү болбойт. Азыр заманбап жашоо, технология өнүгүп жатканда заман менен тең жарышуу зарыл. Ошол эле учурда жаңыланып жатабыз деп эле салт-санаанын баарын тепселей бербеш керек. Түпкүлүгүбүздү замандын агымына жараша өзгөртүп, бирок өзөгүн сактап калуу керек.

– Интернеттеги социалдык тармактар төкмө акын үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди окшойт?            

   – Мүмкүнчүлүктүн чоң дарбазасы ачылды десе болот. Мурункудай концерт уюштуруп отурбай, жеке баракчаң аркылуу оюңду айта берсең болот. Табылды Эгембердиевдин айтканы бар: “Кыргыз акындары бир чекке келип калды, азыр дүйнөлүк деңгээлде беш тилди төкмөлөр билишсе, бул уникалдуу өнөр дүйнөгө таралмак”,- деп.

– Кийинки муунга эмне калтыргыңыз келет?                                               

 – Төкмөлүк кесипти, сөз кудуретин, анан көп шакирт калтыргым келет. Элге кылган кызматың, тилге кылган кызматың ошол болот го дейм.

– Айтыш – айыгышкан мелдешпи же руханий ырахатпы?                                            

 – Руханий сынак, баарлашуу жана улуулукту даңазалоо. Бул шоу эмес, ошондуктан элди күлдүрүү гана максат болбошу керек. Элдин рухун, духун ойгото турган сөздөр айтылганы жакшы. Айтыш – бул сөздү уйкаштыруунун эле эмес, акылдын, дүйнө таанымдын, руханий бийиктиктин мелдеши.

– Сөз аягында сурай кетейин, үй-бүлөңүз кандай? Бактылуусузбу?

– Атам менен апам бар, Кудайга шүгүр. Кеп-кеңешин айтышат, оңдоп-тескеп турган эң чоң байлыктарым. Бир туугандардын улуусумун, алар да жашоомдо чоң тирек. Келинчегим кашымда, беш балам жанымда, эл ичинде бактылуу инсандардын бири болуп жашап келем.

– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат! Бар болуңуз!  

 

Нуржамал Жийдебаева

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо