№1207
– Бул энемдин орду, тур, өзүңдүн ордуңа барбайсыңбы...- деди 5 жаштагы кыз тепилдеп.
– Энең азыр жок да, коноктон келсин, анан бошотом,- деди атасы.
– Жо-ок, бул энемдин орду да...- деп болбой жатты кыз. Дайыма ушундай, чоң энесин, негизи эле үйдөгүлөрдү толуктап, бардыгына тегиз жетишин көзөмөлдөп турат. Бүгүн да чоң энесинин ордуна отуруп телевизор көрүп жаткан атасын ордунан тургузуп жиберди. Бир маалда дарбазанын тарсылдаганын угуп эшикке учуп чыкты, “эне, мага эмне алып келдиң?” деп. Энеси экөө кобурашып алып үйгө киришти. Коноктон келген баштыкты столдун үстүнө төгүп, адатынча конфеттерди бөлүштүрүп кирди кыз.
– Ата, бул сага, бул апама, бул бөбөгүмө, бул мага, бул энеме...
– Энеңдикин мага бер, ага таттуу жегенге болбойт да.
– Жок, эне, айтчы, жейсиң, ээ?
– Жаным менин, мен ооруйм да, конфет жегенге болбойт. Сен жей бер,- дейт энеси.
– Жок, энемдикин алба,- деп чырылдайт кыз. Акыры энеси өзүнө бөлүнгөн конфеттерди алып чөнтөгүнө салганда гана тынчып калат небереси. Бул адатка айланган кыймыл-аракетте канчалык жылуулук, улууларга болгон сый жатканын байкаган энесинин жүрөгү жылып турду. Кант диабети менен ооругандыктан таттуу-маттуу жегенге болбойт эле. Аны кичинекейдин акыл-эси түшүнгөнгө али эртелик кылат. Ошондуктан чырылдап талашканы талашкан. Чөнтөккө түшкөн конфеттерди кайра эле өзүнө берет энеси. Кошумча баштыгына өзүнчө бөлүп алып коёт, үйдө конфет жок калганда берем деп. Небереси аны да билет “эне, бир нерсе жегим келип жатат” деп көзүн ойноктотуп келип калат.Ата-энеси менен бир жерге баратканда чоң энеси үйдө калса кыжалат болот, “энем коркот да, аны да чогуу алып алалычы” деп. Кээде өзү калып калат “энем менен калам” деп.
Энеси жаш кезинде көп балалуу болсо да алардын кантип чоңойгону азыр эсинде көп жок, жумуш, үй тиричилиги деп жүрүп өз балдарыңдын чоңойгон процессине көңүл бөлбөй калат окшойсуң. Неберелүү болгондон кийин гана кичинекей баланын таттуулугу сезилет окшобойбу. Эртең менен эрте туруп небересине тамак даярдайт, бала бакчага курсагы ток кетсин деп. Анан экөө жетелешип алып бала бакчага барышат, кечинде энеси бышылдаган боюнча кайра бакчага барып, небересин алып, экөө кобурашып күндүн кандай өткөнүн сүйлөшүшөт. Урушуп кетмейлери да бат, урушканын унутуп элдешкени да бат.
Бүгүн кыз ооруп, дене табы көтөрүлүп төшөктө жатат. Энеси айланчыктап жанында.
– Эмне болуп калдың, каралдым? Кечээ эле жакшы жүрбөдүң беле? Кызыма дары бергилечи, кыйналып жатат...- деп уул-келиндин көзүн карайт.
– Апа, бала деген ооруйт. Дары берчү убагы келе элек, 8 саатта бир бериш керек,- деген жоопту угат.
Маанайы жок, тамак ичпей жаткан, көзүнөн жаш аккан небересин көрүп энеси кошо ыйлай баштайт, “Кудайым, кызыма бергиче мага бер бул дартыңды” деп.
– Ой, апа, эмне ыйлап жатасыз? Кан басымыңыз дагы көтөрүлөт. Жакшы болуп кетет, организм жаш да...- деп баласы урушат. Бирок энесинин жүрөгү тынчыбайт. Качан гана кызы жакшы болуп, ордунан туруп, миң суроосун четинен берип, ары-бери чуркап баштаганда гана баары унутулат.
– Кызым, сен энесинин эмнеси элең?
– Энесинин эрмегимин...
– Ооба, сен менин эрмегимсиң, жаным го жаным,- дейт элжиреген энеси. Экөөнүн бекем байланышын, сүйүүсүн, мээримин сырттан караган адамдын жүрөгү жылыйт. Бардык балага чоң эне, чоң аталарынын эрмеги болуу бактысы буюрсун...
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |