БЕНЖАМИН ФИКУСУ

№1207

Бенжамин фикусу – дайыма жашыл болуп өсүп туруучу дарак. Бадал түрүндөгүсү да кездешет. Жапайы түрдө бийиктиги 25 метрге чейин өсүп, Индия, Кытай, Филиппин, Индонезия, Сингапур, Малайзияда жана Австралиянын түндүгүндө кездешет. Көп түрлөрү бар, көбүнүн жалбырактарынын четтери ала-була. 

Аталган даракты үй шартында өстүрүү Европада 1846-1927-жылдары кеңири тарала баштайт. 20-50 жылга чейин жашайт, аталышы адамдын атына байланыштуу эмес. Аталышы боюнча 2 көз караш бар. Биринчисинде аны илгери парфюмерияда колдонулуучу жыттуу бензой чайырын бөлүп чыгарат деп туура эмес эсептешкен. Бирок чайырдын аталышынан улам бенжамин аталып кеткен. Экинчи көз карашта индиялыктардын “баньян” сөзүнөн келип чыккан. Индиялык соодагерлер узак жолдон чарчаганда чоң дарактын түбүнө көлөкөлөп эс алышкан. “Соодагер” деген сөз индустардын тилинде “баньян” деп аталат. Жалпылап айтканда, “соодагерлер дарагы” дегендей түшүнүктү берет. Баньян сөзү англисче бөлөкчө окулуп, бенжамин деп аталып калган деген маалымат бар.

Кыргызстанда майда жука жалбырактуу түрү көп кездешет. Жалбырактарынын узундугу 3-6, жазылыгы 1-3 сантиметрге жетет. Туура кам көрсө бою 2-3 метрге чейин жетет. Тамыры жакшы өнүккөн гүл. Гүл үчүн бөлмө температурасы жайкысын 25-30, кышында 16-20 градус болушу шарт. Жакшы жарыктандырылган, жарым көлөкө жерде өстүрүүнү талап кылат. Бардык бөлмө гүлдөрүнө арналган даяр топуракка отургузса боло берет. Көп сугарса жалбырактары саргайып түшө баштайт. Ошого топурагы кургап баштаганда гана суу куюу жетиштүү. Бөлмө ысык болсо 2 күндүн биринде суу куйган туура.

Ошондой эле туруктуу өсүп жаткан жеринен башка жакка которгондо “стресске” учурап, жүдөп кетет. Бир орунда, кенен жерде өсүүнү сүйөт.

Туура бутап, форма бербей жөн койсо арбайып-тарбайып өсөт. Гүлдү жаңы өстүрүп, форма берүүнү билбегендер 2-3 көчөтүн бир жерге бир тигип өстүрсө, шагы коюу болуп, көрктүү көрүнөт.

Маалыматтарга таянсак, учурда Шри-Ланкада 150 жылдык фикус өсүп турат. Жергиликтүү эл анын формасына жана көп жашаганына карап “таш бака” деп атап келишет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо