Анжелика Кайратова, ырчы: “БАРДЫК ИЙГИЛИК ЖАН ЧЫДАГЫС СЫНОО МЕНЕН КЕЛЕТ”

№1207

“Супер-Инфо” гезити Анжелика Кайратова менен 15 жашынан бери кызматташып келе жатат. Гезиттин башкы бетине алгачкы жолу чыкканда ырчылыкка жаңыдан кадам таштаган секелек кыз эле, азыр белгилүү бизнесвумен, коуч, блогер жана үч кыздын апасы. Биздин гезиттеги мурдагы маектери, андагы окуялар, жеке жашоосу, ийгилик жаратуу тууралуу пикир алыштык. 

 

– Саламатсызбы, Анжелика айым? Маектин башында өткөн күндөргө бир аз кылчайгыбыз келип турат, биринчи жолу “Супер-Инфонун” башкы бетине чыкканыңыз эсиңиздеби?

– Саламатсыздар. Ооба, анда мен мектеп окуучусу элем. Башка гезиттер анда ак-кара түстө чыкчу эле, түстүү болуп да чыгары оюма келбептир. Эсимде, күчүктү кармап түшкөм сүрөткө, анткени ит жылы эле (күлүп). 15 жаштагы секелек кыз элем, гезит колума тийгенде Голливудга интервью бергендей сүйүнүп, толкундангам. Ошондон кийин эле мен гезиттин тумары сыяктуу болуп калдым. Анткени ар бир мааракесинде чакырылып, гезиттин урунттуу окуялары болгондо мени башкы бетке чакырчусуздар.

– Сиздин маектин баш сөздөрү да элдин эсинде кала тургандай болуп чыкчу, мисалы, 2012-жылы “Сахнага кайра кайттым” деген экенсиз...

– 2006-жылы турмушка чыккам. Кыздарымды төрөп, намаз окуп, бала тарбиясында отурган учурум эле, чыгармачылыктан алыстайм деп. Келин болуп үйдө отурганда негедир сахнага кайра кайтпай тургандай сезчүмүн. Бирок кыздарым чоңойгондон кийин кайтууну чечтим.

– Келин демекчи, жакында блогер келиндердин башын бириктирген иш-чара уюштурдуңуз, максатыңыз кандай эле?

– Кыздарымды төрөп үйдө отуруп калганымда шерине же тойлорго баруудан тартынчумун. Бир көйнөк сатып алып, сулуулук салонуна барып жасануу – мен үчүн бакыт эле. “Эмнеге келиндер бара турган, көңүл ачып, оюн эркин айта ала тургандай аянтча жок?” деп ойлогом. Ошол кыялымды эми ишке ашырдым. 50 миң келин катышып, ичинен 100 келин тандалып алынды.

– Бирок иш-чарада Баткенден келген бир айым сизге нааразычылыгын билдирип, талкууга жем таштады. Окуя чын эле ал айткандай болгонбу?

– Сиз деле той берсеңиз, ичинен бирөөнө сөзсүз жакпай калат. Жылкы тартуу кылсаң деле “ноктосу начар экен” деши мүмкүн. Биздин иш-чара дагы бир айымга жакпай калыптыр. Байланыштым, көрсө, ал айым түшүнбөй калыптыр. Түшүнүштүк, таарынычтар жазылды.

– Жылдар өттү, мезгилдер алмашты, устатыңыз Айчүрөк Иманалиева тууралуу оюңуз кандай азыр?

– Мени эл 8 жашымдан бери тааныйт. Бул теманы биз канча жолу жапсак деле эл ача берет экен. Ким эмне десе да, мен Айчүрөк эженин шакирти катары кала берем. Он жыл бою жанында жүрдүм. Ошол эле Мирбек Атабеков, Султан Садыралиев продюсерлер менен иштешти. Бирок аларда ортодогу эмгектен ким канча акча алары так чечилген. Ал эми бизде ошондой нерсе жок болуп калды, “сен мага карызсың, мен сага карызмын” темасы калып кетти. Кандай болгон күндө да менде Айчүрөк эжеге чоң ыраазычылык бар, анткени мен анын жанында жүрүп быштым, күчтүү адам болуп калыптандым.

– Кайрадан мурдагы маектериңизге көз жүгүртсөк, бир жолу “Жолдошума уул төрөп бергим келет” деген экенсиз. Уулдуу болууну кааладыңыз беле?

– Ооба, мурунку жолдошума уул төрөп бергим келип аябай аракет кылгам. Гезитке чейин айтыптырмын го (күлүп). Уул төрөө бир гана айымдан көз каранды эмес экен, муну медицина тастыктады. Уул төрөп бере албасам да, алтындай болгон үч кыз төрөп бердим. Кыздарым жакшы жигиттерге турмушка чыкса деген тилегим бар, жакшы чыкса ошолор уул болуп берет. Жараткан тартуу кылган үч кызыма ушунчалык ыраазымын.

– Үч кызыңыздын кимиси сизге көбүрөөк окшош, мүнөзү жагынан...

– Ишенесизби, үчөө тең менмин. Түрдүү вариантта. Айыманы атасына окшош болот  деп ойлочу элем, бирок мага окшош. Чечкиндүүлүгү, күчтүүлүгү, айтор, мүнөзүнүн көп жактары мага окшош. Алар өздөрүн чоң кишидей алып жүрүшөт, кээде мага кеңеш беришет. Элима модель катары өзүн сынап жүрөт, көз карашы, баскан-турганы бүт мага окшош экенин байкап таң калам. Кичүүм деле мага окшош. Мен бир нерсеге багыт берген жокмун, өздөрү өздөрүнө жол салып кетип бара жатышат.

– “Мен баарын жеңгенге даярмын” депсиз 2017-жылы, сиз үчүн оор жылдардын бири болгон окшойт...

– Ооба, мурунку жолдошум менен ажырашууга арыз бергем. Ушул сүрөттөгү той берген күнү эле ажырашууга арыз бергем. Ошол тойдо силердин гезиттен журналисттер келмек, жолдошум мени коргоо максатында интервью берет эле. Анткени мен тууралуу жалган маалыматтар тарап кеткен. Бирок ал “мен сага интервью бергичминби, бербейм” деп мени сөгүп салган. Ошондо “мени эмнеге коргогон жок?” деп катуу намыстанып ыйлаган элем. Биз ажырашкандан кийин үч кызым менен көчөдө калгам, салонум, үйүм, эч нерсем жок эле. Ушундай чоң сыноо башымдан өткөн. Бардык нерсе жакшылыкка чечилет экен, эгерде ошондо үйүм болуп турса, көчөдө калбасам, мен ырчылык менен жүрө берсем керек эле. Азыркы бизнес жаатындагы эмгектерим, дүйнөлүк долбоорлор, балким, болмок эмес. Бардык ийгилик жан чыдагыс сыноо менен келерине ынандым.

– Дүйнө кыдырып, Кыргызстандын алкагынан чыккандан кийин максаттар да бийиктей баштайт бекен? 

– Мурун өлкөдөн чыксам эле сагынып, куса боло берчүмүн. Акыркы учурда ааламдын адамы болуп бара жатам. Америкада, Дубайда, Түркияда жашап келдим. Эл аралык деңгээлдеги адамдар менен мамиле түзүп, элим, өлкөм тууралуу маалымат берип, инвесторлорду тартуудамын. Былтыр дүйнөлүк ишкер, бизнесмен Маргулан Сейсенбайды өлкөбүздө тосуп алдык. Эми жакында Инд океанындагы жети аралга бара жатам. Бул менин 20 жылдан берки кыялым болчу.

– “Ал мени он жыл күткөнгө даяр”, “Колумду сурады” деген темалар менен да маектериңиз чыгыптыр...

– Он жылдан кийин баш кошууга макул болом десем керек. Жакшы көрүп, сүйлөшүп жүргөн адамым болгон. Бирок кыздарым менин колумда болгондуктан, башка адам менен жашап жатканымды элестете албай койгом. Ошого он жыл керек, кыздар студент болуп, өздөрүнчө бөлүнүп жашай турган куракка келсин деген ой болгон. Кыздарым эч кандай травма албай, эркин чоңоюшсун дегем. Бул башкы бетке жоолуксуз чыккан акыркы сүрөтүм экен. Ушундан беш күндөн кийин кыздарым менен жол кырсыгына кабылганбыз. Ал сыноодон да өттүк.

– Кийин ишке аштыбы оюңуз?

– Кыздарым менен чогуу жашабасак да, бири-бирибизди колдоп, чогуу ийгиликтерди багындыралы деп экинчи жолу нике болгон. Бирок, тилекке каршы, ал киши менен эки жолго түшкөнбүз. Сурай электе айтайын, аны менен нике кыйганда “он жылдай эч жерге интервью бербейм” дегем. Бирок эки жолго түшкөндөн кийин белди бекем бууп, чоң долбоорлор менен иштөөгө туура келди. Сөздүн ачыгы ошол, азыр калп айтпай, болгонун болгондой эле айтуу актуалдуу болуп жатпайбы. Ошондуктан мен баарын ачык айттым.

– Башыңыздан көп нерсе өтүптүр, депрессияга алдырган учуруңуз болгонбу?

– Дайыма “депрессия жок” дечү Анжелика өткөн жылы сентябрда биринчи жолу өзү ошол аңга түшүп кетти. Сепарация деп коёт эмеспи, киндиктен байланып калган нерсени кесүү оңой эмес экен. Себеби апам менен аябай бекем эмоционалдык байланышыбыз бар эле. Мен апамдын, ал болсо менин жашоом менен жашап алыптырбыз. Ошону түшүнгөндө апамды коё бердим. Чоңойдум. Ошол эле учурда кыздарым чоңоюп кетишкенин байкадым, аны да кабыл ала албай жүрдүм (күлүп). Карасам эле бойлору менден узун, өздөрү акча тапкан, акылдуу, ишенимдүү, суйкайган кыздар болуп жанымда турушат. Ушул убак өзүмө көп суроо берген, жооп таппай кыйналган учурларым болду. Бирок адам жеңбеген нерсе жок. Мурун чет өлкөгө чыксам, кыздарды же апамды алып кетчү элем. Бирине бала карагыч, бирине гид болуп, эс албай эле келчү экенмин. Бул жолу Америкага жалгыз кеттим, жалгыздык көп нерселерди ойлонуп, өзүм менен өзүм болууга жардам берди.

 

Нуржамал Жийдебаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо