№1208
Эки жарым жылдык тыныгуудан кийин чыгармачылыкка жаңы ырлары менен кайтты биздин бул жолку каарманыбыз – эстрада ырчысы Бурул Арунова. “Ырчылык жумушум менен жеке жашоомду чогуу ала кетип, энергиямды эми толугу менен сахнага арнайм” дейт ырчы айым.
– Бурул айым, чыгармачылык тыныгуу алдыңыз окшойт. Кызыңыз чоңоюп калдыбы?
– Кызымдын аты Айсель, 5 жашта. Учурда өзүнүн жөндөмдөрүн көрсөтө баштады. Жакындарымдын айтымында, мүнөзү мага окшош. Тырышчаак, аракетчил жана бир нерсеге кызыкса, аны дароо өздөштүрүүгө умтулат. Музыкага өзгөчө жакын, угуу жөндөмдүүлүгү жакшы өнүккөн. Ыр-бийге кызыгат, көп нерсени өз алдынча эле үйрөнүп алат.
– Эне катары өзүңүзгө кандай талап коёсуз?
– Кызым менен мүмкүн болушунча көп убакыт өткөрүүгө аракет кылам. Азыр чоңоюп калгандыктан, көбүнчө жумуш менен алекмин. Ошентсе да бош убактыбызды чогуу, пайдалуу өткөрөбүз. Кичинекей кезинде жаңы оюн аянтчалары ачылса, сөзсүз биринчилерден болуп барчубуз. Учурда жакшы көргөн тамактарын чогуу жасап, үй иштерин да бирге кылып, ойнойбуз.
– Кызыңыздын кыялдарына карап, өзүңүздүн бала кезиңизди эстеген учурлар болобу?
– Азыркы балдардын кыялдары абдан кенен, чеги жок. Кызым учак менен Дубайга, Америкага барууну кыялданат. Заман менен кошо өсүп жаткан аң-сезимдин белгиси. Жакын арада кызымдын тилегин аткарам. Кичинекей балдарга тиешелүү чет элдик чыгармачыл кумирлери менен жолугууну самайт. Ар бир ийгилик кичинекей кыялдан башталат. Өзүмдүн балалыгымды эстесем, күзгүнүн алдында таракты микрофон кылып, чоң сахнаны элестетип ырдачумун. Ал кезде бул жөн гана оюндай сезилсе да, дал ошол кыялдар мени бүгүнкү жолго жеткирди.
– Азыркы учурда вокалдык топту жетектейт экенсиз, ошол тууралуу айтып берсеңиз?
– “Ананайка” вокалдык тобу жаш жеткинчектерден түзүлгөн. Бул багытта 15 жылдан бери үзгүлтүксүз иш алып барып келем. Кыргызстандагы балдардын көркөм чыгармачылыгын өнүктүрүүгө өз салымын кошуп, улуттук баалуулуктарды даңазалаган кыргыз ырларын жайылтсам деген тилек. Эл аралык сынактарга катышып, бир топ абройлуу сыйлыктарга ээ болуп, өлкөбүздүн маданиятын чет мамлекеттерде таанытууга жетиштик.
– Эмне үчүн мектеп курагындагы балдарды тандадыңыз?
– Таланттуу балдар абдан көп. Ар кандай себептер менен көмүскөдө калышууда. Биз балдарга дем берип, чыгармачылыкка болгон кызыгуусун өчүрбөй сактап калууну каалайбыз. Жөн гана музыкалык топ эмес, тарбиялык мааниси бар демилге десем болот. Себеби чоңойгон сайын кызыгуулары жоголуп кетет. Мекенди сүйүүгө, улуттук баалуулуктарды сыйлоого үндөгөн ырлар жаралса дейбиз. Патриоттук сезимди ойготкон, таза ой жүгүртүүгө чакырган чыгармалар аркылуу жаш муунга туура тарбия берели дедик.
– Топтун иштери деп жүрүп өзүңүздүн жеке чыгармачылык аксап жаткан жокпу?
– Туура айтасыз, чынында эле оор. Мугалимдик – көрүнбөгөн эмгеги көп кесип. Сахна артындагы түйшүк, ата-энелер алдындагы жоопкерчилик, топту жетектөө кыйын. Мунун баары чоң күчтү талап кылат. Ошол себептен өзүмдүн чыгармачылыгыма энергия калбай, аксап калганым чын.
– Сахнада бир деңгээлге жетип, анда кармалып туруу канчалык кыйын сиз үчүн?
– Кыйын эле. Ийгиликке жетүү үчүн тынбай, тездик менен иштөө жана изденүү зарыл. Шашпай иштөөгө болбойт. Чыгармачылык тынымсыз эмгекти талап кылат. Учурда менин чыгармачылыгым тыныгууда. Бул токтоп калуу эмес, жаңы ойлорду топтоо, багытты тактоо, алдыдагы иштерге даярдык көрүү. Ар бир тыныгуунун артында жаңы дем, жаңы чыгармалар жаралат да.
– Максатка умтулууда жүрөккө көбүрөөк ишенесизби же акылгабы?
– Адамдын тилеги жашоонун ар бир баскычында өзгөрүп турат. Эң башкысы максаттарды акыл менен таразалап, шашпай кадам таштоого аракет кылам. Учурда негизги максатым – материалдык жактан өзүмдү толук камсыз кылуу жана кызымды чет мамлекеттерге алып чыгып, дүйнө таанымын кеңейтүү. Ырчы жана мугалим катары өнүгүү пландарым бар. Жаңы нерселерди үйрөнүп, билимимди кеңейтип туруу мен үчүн маанилүү. Кыскасы, көңүлдү финансылык тармакка буруп жатам. Бул келечектеги пландарды ишке ашыруунун ишенимдүү пайдубалы.
– Убакыттын өтүшү менен сизде кайсы мүнөз өзгөрдү?
– Жашоодо ар кандай себептерден жана кырдаалдардан улам адам өзгөрөт экен. Убакыт өткөн сайын мүнөзүм аябай өзгөрдү. Табиятымдан ачык-айрым, адамдар менен бат тил табышкан, сыр катпай жүргөн адам болчумун. Азыр жеке жашоомо ар кимди чектен ашык жакындатпай калдым. Убактымдын баасын түшүнүп, аны туура бөлүштүрүүгө үйрөндүм. Кимдер мени жеке кызыкчылыгы үчүн гана колдонуп жатканын байкасам, убакыттын өтүшү менен алардан алыстап жатам. Жаман сөз айтпайм, талаш-тартыштан алыс болууга аракет кылам. Учурда саналуу гана жакындарым менен байланышып, ички гармонияны баалай баштадым. Бул да жашоонун мага берген маанилүү сабактарынын бири.
– Сиз колдоо күткөн адамдар ишеничиңизди актаган жокпу?
– Жашоодо өйдө-ылдый учурларда эң жакын деген адамдарыңдан колдоо күтөт экенсиң. Бирок кээде дал ошол адамдар четтен гана карап, сени сынап турганын байкайсың. Муну түшүнгөндөн кийин ашыкча жакындашпай, белгилүү аралыкты карманам. Бул таарыныч эмес, сый мамиле. Аралыкты сактоо азыркы жашоомдогу эң маанилүү принциптердин бири.
– Ата-энеңиздин кайсы сөзүн же насаатын турмушта көп эстейсиз?
– Ата-энемдин ар бир айткан акыл-насааты баалуу. Адам жашоодо жаңылат, мүдүрүлөт, кээде туура эмес чечимдерди кабыл алат. Бирок кандай гана кырдаал болбосун, баласын ошол бойдон кабыл алып, түшүнгөн бир гана ата-эне. Ошондуктан ата-энемдин маанайын көтөрүп, акыл-кеңешинен чыкпай жашоого аракет кылам. Алардын колдоосу күч берет. Жакшы көрөм, абдан сыйлайм, жашоодогу эң чоң байлыгым.
– Коомчулук сырткы окуяны көрөт, ички күрөш көрүнбөй калат. Сизди алдыга сүрөгөн негизги күч эмне?
– Албетте, эл алдында жүргөн адам катары ички сырларды ачыкка чыгарбайсың. Көп жагдайлар коомчулукка белгисиз бойдон калат. Ар бир ырчынын тандоосу жана ички тартиби бар. Мен үчүн негизги күч – ата-энем, кызым жана чыгармачылыгым. Дал ушул үч таяныч мага жашоодо да, сахнада да алдыга умтулууга дем берет. Алар бар кезде кандай гана кыйынчылык болбосун, аны жеңүүгө күч табам.
– Жеке жашоодо жаңы барак ачууга даярдык барбы?
– Жеке жашоом өз нугу менен уланууда. Жигитим бар. Жүрөктү жаап, кулпулаган жокмун. Эшик ачык сыяктуу (күлүп). Ошол эле учурда ашыкча талкууга салбайм. Ар нерсенин өз убагы, өз орду бар.
– Алдыдагы чыгармачылык пландарыңыз кандай?
– Буюрса, жакшы жаңылыктар бар. Акыркы эки жарым жыл аралыгында чыгармачылыктан тыныгуу алып, мугалимдик тармакка өттүм. Бул убакытта билим алып, өзүмдү башка нукта өнүктүрүүгө аракет кылдым. Чыгармачылык эргүү азайып, баары кызыксыздай сезилди. Бирок жүрөгүмдө чыгармачылыкка болгон сүйүү, сахнага болгон сезим эч качан өчкөн жок. Акыркы жарым жылдан бери кайрадан идеялар келе баштады. Ага кошумча тойлордо, кечелерде колдоо көрсөткөн күйөрмандарым да чоң стимул берди. Жай мезгилине жакын жаңы ырларымды жана клиптеримди угармандарга тартуулоону пландап жатам.
Мээрим Дербишалыева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |