Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Уланбек Сактанов: «БИЗДИН ДИ-ДЖЕЙЛЕР КӨМҮСКӨДӨ, КӨРҮНБӨЙТ»

№436 11-17-март, 2011-жыл

Адатта, радио айдыңында эмгектенген инсандарды жүздөрүнөн көп тааный бербейбиз. Бүгүн биз «ЭлFM» радиосунун жетекчиси менен таанышууну көздөдүк.

АНКЕТА
Толук аты-жөнү –
Сактанов Уланбек Ибраимович
Туулган жылы, айы, күнү – 1981-жыл, 7-январь
Туулган жери – Кара-Суу району
Кесиби – Инженер-программист
Үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы

– Улан байке, "ЭлFM" радиосу качан түзүлүп, сиз кандайча иштеп калгансыз?
– “ЭлFm” радиосу 2010-жылдын 15-мартынан тарта обого чыккан. Радионун ачылышына чоң көмөк көрсөткөндөр – ЭлТРдин экс-жетекчиси Нурланбек Шакиев жана техникалык директору Бекмамат Көчкөнов. Радиону маркум Медер Осмоналиев жетектеп баштаган. Анын күчү менен элдик радио тез аранын ичинде коомчулукта өзүнүн ордун таба алды жана спутник аркылуу дүйнөгө жар салынды. Медер каза болгондон кийин бул радиону мен жетектеп калдым.
– Радиодо канча ди-джей эмгектенет?
– Бизде 7 ди-джей бар. Турсун Умар жаңылыктарды даярдап, андан сырткары программаларды эфирге алып чыгат. Бул жигиттен акча үзүлбөгөндүктөн, «банк» деп коёбуз. Ныяз Ташматов – угарман кыздардын сүймөнчүгү. Акмаанай Эшпаева «Мурас» программасын алпарат. Мээрим Абдыкадырова жана Уулкан Дүйшеева – биздин «будильнигибиз», таң эрте элди уйкудан ойготушат. Бегимай Койчуманова – «Кечки учак» берүүсүндө «стюардесса». Расул Рахманалиев – кенжебиз. Биздин ди-джейлер көмүскөдө, көрүнбөйт. Алардын жүзүн, буюрса, май айында өтүүчү бир жылдык концертибизде көрүүгө болот.
– Кандай жааттагы берүүлөрдү алпарасыңар?
– Бизде мыкты программалар, оюн-зооктор орун алган. Андан сырткары биринчилерден болуп чет жерде жүргөн кыргыздар үчүн СМС-портал ачтык. Мигранттар эл-жерине болгон сагынычын, ата-энесине, жакын туугандарына болгон ак тилектерин биздин радио аркылуу жеткиришет.
Эфир учурунда кандай кызыктуу окуялар кездешет?
– Бир жолу ди-джей кыздарыбыз эфирде сүйлөбөй эле күлүшөт. Көрсө, Талант Анарбаев деген куудул жигитибиз мимика менен алардын боорлору эзилгенче күлдүргөн экен.

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(4)
12.03.2011. 04:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
internette uguuga bolobu radionu?
13.03.2011. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
internetten kayil sayttan uksak bolot?suranych jazyp koisonuzdar !!!!
14.03.2011. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Инеттеги адресин жазып койсонор
14.03.2011. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спутник аркылуу укса болорун билем, бирок кайсы жыштыкта экенин билбейт экенмин. Ал эми алыстагы мекендештер eldikradio@mail.ru дарегине кат жонотсо болсо керек, бул эми менин радиодон укканым боюнча.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо