№1208
Убагында көпчүлүк сыяктуу эле КВНде жүрүп ийгилик кушун кармагандардын бири. Учурда орус шоу-бизнесинде бакыйган орду бар адам – Азамат Мусагалиев. Куйкум сөзү менен аша чаппай, бирок каршысындагы адамын “чымчып” сүйлөгөнгө маш. Көп кырдуу талант тууралуу маалыматыңыз аз болсо, макаланы окуп толуктап алыңыз.
Толук аты-жөнү: Мусагалиев Азамат Тахирович
Туулган жери: Орусия, Астрахань облусу, Камызяк шаары
Туулган жылы: 1984-жыл, 25-октябрь
Жылдыз белгиси: чаян
Бою: 180 сантиметр
Кесиби: юморист, комик, алып баруучу, актёр, ырчы
Алып барган берүүлөрү: “Однажды в России”, “Где логика?”, “Музыкальная интуиция”, “Концерты”, “Кстати”, “Большое шоу” жана башка
Улуту – казак
Ата-теги казактар, ата-энеси СССР учурунда Астрахань облусундагы Камызяк шаарында жашап, союз тарагандан кийин деле жердеген аймагын алмаштырышкан эмес. Азамат мырза балалыгы шаардын жөнөкөй, таза жана да дээрлик көпчүлүгү юморду түшүнгөн, тамашалай билген тургундарынын арасында өткөнүн айтат. Үйүндө казактардын салты, маданияты муундан муунга өтүп сакталып келет, андыктан каарманыбыз эки тилди билип чоңойгон, үйүндө казакча сүйлөшсө, мектепте орус тилинде билим алган.
Тандаган кесиби
Мектепте окуп жүргөндө футболчу болгусу келчү. Мектептин курама командасында ойноп, андан ары райондукка кошулуп футболдук карьерасы жакшы эле өйдөлөп бараткан. Бирок тизесинен алган жаракаты спортчу болуу кыялына чекит койду.
Апасы баласынын кесиби жөнүндө башка ойдо болчу. Энелик мээрими менен баласын аяп физикалык жумушта эмес, кеңсе кызматкери болсо дейт эле. Ал эми атасы баласын келечекте врач катары көрчү. Атасы дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин анын каалоосун аткаруу максатында Астрахандагы медициналык академияга тапшырып, бирок бул кесип көңүлүнө туура келбестигин байкаган. Кийин техникалык окуу жайдан билим алып, экологдун дипломун колуна алган.
Чыгармачылык чыйыр
Кичинесинен гитара чертип, кыңылдап ырдап коймою бар. Буга апасы себепчи, ал баласын музыкалык мектепке алып барып, кылдуу аспаптар бөлүмүнө киргизген. Ал жерден гитара черткенди үйрөнүп чыккан. Бул таланты анын келечегине, тагыраагы, КВНде да жардам берди десек болот. Кыргызстанда “Тамашоу” долбоору көп адамдын багын ачып, учурда ал жактан чыккан эр-азаматтар маданият чөйрөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү болбодубу. Анын сыңарындай Орусиядагы КВН долбоору да көптөгөн адамдардын талантын ачып, келечек жолун түзүп берди. Арасында Азамат Тахирович да бар.
КВНге мектеп жашынан катышып калганы бар. Досу КВНдеги бир номерде гитара ойноп берүүсүн суранат. Анын суранычын аткаргандан кийин өзү да КВН менен “ооруп” калганын айтат. Ошентип акырындан бул долбоордун схемасын, тамаша ойлоп табуу жана башка майда-чүйдөлөрү менен тааныша баштаган. Кийинчерээк өзү топ түзүп, алгач Астраханды, кийинчерээк Орусиянын башка шаарларын кыдырып гастролго чыга башташкан.
КВН
КВНдин биз көргөн чоң сахнасына 2007-жылы “Камызяк аймагынын КВН курама командасынын” капитаны болуп чыгып, көп ирет Жогорку лигада оюн көрсөтүшкөн. 2015-жылкы Жогорку лиганын чемпиону кубогунун ээлери.
Кыргызстандын юмор дүйнөсүнө да кошкон салымы бар. Тагыраагы, 2013-жылы Бишкекте башталган аймактык “Ала-Тоо” лигасынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана биринчи редактору.
Телевидение
Телевидениедеги активдүү ишмердүүлүгү 2014-жылдан берки мезгилге туура келет. Мурда КВН команданын капитаны катары таанымал болсо, эми конок катары түрдүү шоу-берүүлөргө катышып, экрандан байма-бай чыга баштаган. Анан өзү алып баруучулук чылбырды колго алган “Где логика?” берүүсү чыккан. Азыркы учурда шоумен алып барган берүүлөрдүн саны ондон ашат.
Азамат мырзанын актёрлук талантына күбө болдуңуз беле? Ал катышкан тасма-сериалдарды көрө элек болсоңуз, сизге “шпаргалка” болсун: “Интерны”, “Zомбоящик”, “Напарники”, “Холоп”, “Толя-робот”, “Иван Васильевич меняет всё” жана башка тасмаларга тартылган.
Саясат
Саясий талаада да аты жаңырып турат. 2018-жылдагы президенттик шайлоодо Владимир Путиндин ишенимдүү өкүлү аталган. 2023-жылы Орусия-Украина тиреши курчуп турган маалда Мусагалиев Донбассты бошотуунун 80 жылдыгына арналган концертке катышкан. Мындан улам Украинанын “кара тизмесинен” орун алып, ал эмес Казакстандын аймагында юмористтин жана “Камызяки” КВН командасынын гастролдук туруна тыюу салынган, “көрүнүктүү адамдын иш-аракеттери боюнча коомдо резонанстуу терс пикирден улам” деп. Бул тыюу салынганга чейин Казакстанда активисттер Мусагалиевге жана “Камызяки” командасына каршы петиция жасап, артисттердин өлкөдө коюла турган концерттерине тыюу салуу керектиги боюнча талап менен чыгышкан: “Биз, казакстандыктар, өз өлкөбүздө эгемендүү Украинага каршы агрессияны колдогон адамдарды көргүбүз келбейт”,- делет петицияда. Буга карабай 2024-жылы Азамат мырза кайрадан Владимир Путиндин ишенимдүү өкүлү болгон.
Үй-бүлөлүү
Өзү үй-бүлөдө кичүү бала, агасы жана эжеси бар. 2006-жылы Техникалык университетте окуп жүргөндө болочок жубайы Виктория менен таанышкан, көрсө, ал дагы Камызяктан келген экен. 2008-жылы экөө баш кошушкан, жубайынын улуту да казак. 2 кыз, бир уулдун ата-энеси. Азамат мырза бош убактысын үй-бүлөсү менен өткөрүүнү жактырат. Чогуу машинага түшүп алып саякаттоо, сейилдөө, кызыктуу видеолорду тартуудан ырахат аларын айтат. Чыгармачылыгындагы эң негизги сынчысы – жубайы. “Виканы күлдүрүү үчүн тер төгүү керек. Аны күлдүрө алсаң, демек, ойлоп тапкан тамашаң көпчүлүк көрөрманга да жагат деп эсептей берсең болот” дейт юморист.
Кыскача фактылар
* Музыкага болгон кызыгуусун таштаган жок. Денис Дорохов, Гарик Харламов менен биргеликте «Купание обезьяны в тёплой воде» деп аталган ска-топто ырдайт, гитара чертет.
* Балалыктагы футболчу болуу кыялын аз да болсо канааттандыргандай. Азыркыга чейин футбол күйөрманы. 2022-жылы кесиптеши Денис Дорохов менен биргеликте “10” аталышындагы медиафутбол клубун түзгөн. 2025-жылы клуб Медиалиганын кубогун утуп алышты.
* Машина айдоодон эс алган адамдардын катарына кирет.
* Спорт түрүнөн футболдон сырткары хоккейге да кызыгат. Мүмкүнчүлүк болгондо матчтарга барып көрүп турат.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |