Мамбеттокто Мамбеторозо уулу, төкмө: “ЭСТРАДАДА ЫРДОО ҮЧ УКТАСАМ ТҮШҮМӨ КИРГЕН ЭМЕС”

№1208

Айтышта курч, баарлашууда салабаттуу, обон жаратууда бай Мамбеттокто Мамбеторозо уулу бүгүн кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Кытайдагы кыргыз айылынан түптөлүп, Бишкектен тамыр жайган өнөр казынасы, айтыштын өйдө-ылдыйы, ырчылык, обончулук талант... Булар биздин бул жолку баарлашуунун негизги темалары.

 

– Саламатсызбы, Мамбеттокто мырза? Кытайда калган ата-энеңиз менен 9 жылдан кийин, былтыр гана көрүшкөн экенсиз. Ушул окуя менен маегибизди баштасак...

– Саламатсыздар. Ооба, өнөрдүн аркасынан түшүп Кыргызстанга келгеним 2015-жылдарга туш келет, ата-энем Кытайда эле. Ошондон бери видеобайланышта эле көрүшпөсөк, жүз көрүшө элек болчубуз. Бул арада үйлөнүп, үч балалуу болдум, неберелерин да келип көрүштү. Дубаларымда дайыма ата-энем аман болсун, жүз көрүшөлү деп дуба кылчумун. Жолугушкан учурдагы сезимдерди эми сөз менен айтып жеткизе албайм го дейм. Түш сыяктуу болуп ишене албай да жаттым. Ыйлап жиберсем керек дегем, ыйлай албадым бирок... Алар болсо кайра коштошуу учуру келгенде ыйлашты, “антпеңиздер, дагы келесиздер да” деп сооротуп узаттым.

 

– Он жылга жакын көрүшпөй, бир топ эле өзгөрүү болуптурбу?

– Ооба, алар 19 жаштагы чыпалактай арык баланы жиберишкен да. Келсе эле салмактуу, үч балалуу чоң кишини көрүп жатышса, бир башкача сезим болдубу деп да ойлойм. Атам “балам, аябай толуп кетипсиң, арыкта” деп күндө айтып жатты. Ден соолугума кабатыр болду окшойт. Негизи, ден соолугума кам көрөйүн деп былтыр спорт залга бир жылдык абонемент алгам. Анан ал жактын дареги жашаган жериме алыс болуп, 18 жолу эле барыптырмын бир жылда. Анан быйыл кайра жакын жердеги спорт залга барып баштадым.

 

– Сиз үйдүн жалгыз уулу экенсиз. Ата-энеңиз алыска кантип жиберди болду экен?

– Эркектен жалгызмын, эже-карындаштарым бар. Өнөрдүн толкуп-ташып турганын, өзүңдүн дилгир болуп турганыңды ата-эне сезет экен. Жумамүдүн Шералиев атабыздын элесине арналган иш-чарага катышууга келгем. Негизи Кыргызстанда окуйм, өнөрүмдүн аркасынан түшөм деген ой менен келгеним ырас. Албетте, оңой болгон жок, “ата-энесин таштап кетип калды” деген да сөздөр чыкты. Бирок андай эмес, алардын ак батасын, ыраазычылыгын алып келгем.

 

– Келгенде кандай кызыктар болду анан?

– 7-класстан баштап жатак мектепте окугам, эрте эле үйдөн алыстагандыктан ошого бир аз жеңил болду окшойт. Башында кайра кетип калгым келип жүрдү. Айтыш чөйрөсүнө келип, өнөргө аралашып кеттим. Студенттик жатаканада жашап, кийин батирге чыгып, ошентип көнүшүп кеттим. Бишкек гуманитардык университетине тапшырып, бюджетке өткөм. Бирок кийин окууга бара албай калып, диплом албай калдым. Деканга эмнем жакпай калды билбейм, “сени Кытайга кетирем” дей берчү (күлүп).

 

– Учурда “Маралдайым” деген ырыңыз хит болуп жатат, вокал боюнча атайын билим алгансызбы?

– Жок, музыкалык билимим жок. Комуз черткен адамды элестете албай жүрүп чоңойдум. Биздин айылда жок эле, DVD-дисктерден гана көрүп суктанчумун. Күүнү да бирөө үйрөткөн жок, телефондон карап өзүм тырмалап жатып үйрөнүп кеткем. Комузду болсо бир жолу мейманга жездемдикине барып, үйүнөн көрүп калдым. Атама “алып бериңиз” дегендей кылсам, көнбөдү. Мал кайтарып жүрчүмүн да, жездемдикине барып “каалаган козуңузду салып кетесиз” деп соодалашып комузду алгам. Ошол комуз менен үйрөнгөм. Азыр деле ал комузум бар.

 

– Төкмөлүк менен ырчылыкты бирдей алып кетейин деп биротоло чечтиңизби?

– Эстрадада ырдайм деген үч уктасам түшүмө кирген эмес (күлүп). Мени менен унаада узак жолго чыккан киши тажап кетет, анткени жомокторду же адабий аудиокитептерди коюп алып угуп кете берем. Ушуга чейин деле унаада баратып ыр укпайм. Жашоо түшүңө кирбеген нерселерди кылдырат тура, үй-бүлөнү багуу керек болду. Акындарды эл көп чакырбайт, тойго көбүнчө ырчыларды чакырат эмеспи. Алгач “Бир кыз көрдүм” деген ырды жаздырып көрүп, тойго чыга баштап эле кийин уланып кетти. Комуз менен ырдап жүрүп, айдап жүргөн машинемди сатып аранжировкасын жаздыргам.

 

– Келинчегиңиз да эр жүрөк экен. Ата-энеңиз Кытайда болсо, өзүңүз жапжаш жигит болсоңуз, ишенип тагдырын тапшырыптыр...

– Ооба, үйлөнүп жатканда “мен анан комузум эле барбыз, ошого даяр болсоң баш кошолу” дегем. Макул болду, ишенди. Бел байлап жашап кеттик. 21 жашта болчумун, бул жерде турукташып калуу үчүн да үйлөнүү керек экенин түшүндүм. Ырыскыны биз берчүдөй болуп, үйлөнгөндөн коркуп жүргөн жигиттер да бар. Жаратканга баарын тобокел кылып баш коштук.

 

– Азыркы учурда “төкмөлөр "Манас" театрына ишке кирип, мамлекеттен маяна ала баштагандан кийин курч айтышпай калышты” деген пикирлер бар, буга оюңуз кандай?

 

– Мен да ошол жерде иштейм. Акындар мурункудай эле табында, айтышып жатышат. Анан айтат десе эле чукулай берген жакшы эмес. Биринчи эмнени айтуу керек, ошону тактоо кажет. Коомдо бул Токтогул, бул Арзымат деген да түшүнүк бар. Өкмөт камкордугуна алып койсо эле Арзымат болуп калбайбыз. Айтчу нерселер айтылып эле жүрөт. Акыйкат деп айткан нерсе андай эмес болуп калышы да мүмкүн.

 

– Сиздин төкмөлүк тажрыйбаңызда унутулгус жеңиш кайсы?

– Толкунданган жеңишим 2022-жылы Казакстанда болду. Кыргыздан эки акын: Изат Айдаркулова эже экөөбүз барганбыз. Кыргыздар тарыхта биринчи жолу баш байге алышкан учур ушул экен. Мурункусун билбейм, жакынкы отуз жылда дегеним.

 

– Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев да казактардан баш байге албаган бекен?

– Мен эми ал залкарлардан кыйын болгонум үчүн алдым деп айта албайм. Казактардын саясаты эми өзгөрө баштагандыр, балким. Же менин багыма ушул сыйлык туш келдиби, билбейм. Мурун кыргыз акындарына баш байгени беришчү эмес экен. Биринчиликти берсе да баш байге берилбептир. Бул эми тарыхта калат жана ошол адам мен болуп калганым үчүн бактылуумун. 

 

– Айтышка түшүүнүн ырахаты жана кыйынчылыгы эмнеде?

– Айтыш болот дегенде өзүңдү унутасың, даярданасың. Каршыңдагы акынды угуп, ошол эле учурда жообуңду даярдап, уйкаштырып ага обонду ылайыктап, айта турганыңды элге жеткирүү, эл аралык сыйды бузуп албоо оюңда турат. Андан тышкары харизма, элдин көңүлүн буруу маселеси да бар. Тетикте турган октой турасың. Мээң ошондо 100 пайыз иштеши керек болот. Ошондон жеңип алсаң, бакыт ошол. Инкубатордун жөжөлөрүндөй окшош төкмө акындар да жок эмес бирок... 

 

– Эл аралык мамилеге доо кетирип албайлы деп этияттап турат экенсиздер да, демек?

– Жалпы кыргыз акындары адеп жана сый менен айтышабыз. Бирок болбой эле аша чаап, элиңе тийишип жатса катылгандын катыгын берүү керек болот. Бирок ошондо да жалпы элдин наамына сөз тийгизбей айтышканга аракет кылабыз. Акын тарыхты жакшы билиши кажет, мен да өткөндө кыргыздар казактарга кандай жардам бергенин айтып бердим.

 

– Үйдө кандай атасыз деп сурагым келди...

– Өзүм катуу тартипте чоңойдум. 5-6 жашымда мектепте окуп, атам имам болгондуктан Куран жаттачу элем. Жаттай албай калсам атам карга карабай, суукка карабай сыртка чыгарып койчу. Муну туура эле көрөм, атам антпегенде менде көп мүнөз курчумак эмес. Мен эми анчалыкка барбайм, бирок балдарымдын тартиптүү болушун каалайм жана талап кылам. Эртең менен ойгонгондо бешенелеринен өөп турам.

– Маегиңизге рахмат! Бар болуңуз!

 

Нуржамал Жийдебаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо