НурЧолпон, ырчы: “ЖҮРӨГҮМДҮН ЭЭСИ – МУЗЫКА”

№1208

Белгилүү ырчы НурЧолпон абройлуу эл аралык маданий иш-чарага катышып, анда “Беш ыргай” ырын аткарып чыкты. Дүйнөлүк жылдыз Димаш Кудайберген уюштурган реалити -шоуго катышкан ырчы “Супер-Инфого” эксклюзивдүү маек куруп берди.

 

– НурЧолпон, учурда сиз катышкан реалити-шоу уу-дуу болуп жатат. Ушул долбоор тууралуу айтып берсеңиз...

– 2025-жылы ырчы Димаш Кудайберген өткөрүп жаткан реалити-шоуго чакыруу алдым. Көптөр мурун “Димаш менен дуэт аткарсаң сонун болмок” дешчү эле. Ошол тилектер орундалып, заманыбыздын залкары менен таанышып, баарлашып калдым. Долбоордун шарты боюнча, катыша турган адам бир канча музыкалык аспапта ойной алган, бир канча жанрда ырдай ала турган, өзү да музыка жаза билген композитор болушу керек экен. Бул талаптардын баарына жооп бергендиктен мени чакырышыптыр. Биз бир ай бою Казакстандын шаарларында даярдык көрдүк. Сынакка алты өлкөдөн сегиз катышуучу катышты. Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Малайзия, Сербия, Италиядан катышуучулар болду.

– Долбоордо ырчылык жоопкерчилик менен кошо өлкөнүн атын даңазалоо милдети да жүктөлдү да сизге?

– Албетте. Бул иш-чара элдердин улут аралык ынтымагын бекемдөө, маданият алмашуу максатында болду. Андыктан мен өзүмдү элимдин маданиятын, ырын, жан дүйнөсүн жана кыргыз эркиндигин даңазалаган өкүл катары сездим. Талантымдын аркасынан кыргыз элинин чыгармачылыгын ачып берүүгө бардык күчүмдү жумшадым. Сентябрь айында тартуу иштери жүрдү, бир ай ал жакта жүрдүм, менин жашоомдогу эң татаал долбоор болду десем болот. Чоң стресске кабылдым, Кытай эли эмгекчил, тырышчаак эл эмеспи, долбоорго да ошондой мамиле жасалды. Кытайдан келген катышуучулар тырышчаак жана өжөр келишет экен, алардын фонунда башка өлкөдөн келген биз чарчап калып жаттык. Өздөрүн аскердик даярдыкта жүргөндөй алып жүрүштү.

Бул жерде бир эле талантың менен чыга албайт экенсиң, стресске туруктуулук, ийкемдүүлүк, менталдык жактан күчтүү болуу керек экен. Мен үчүн бул долбоор чыгармачылыкта дагы бир тепкичке жогорулоого мүмкүнчүлүк болду.

– Реалити-шоу же ушул сыяктуу сынактарда таланттан да күчтүү факторлор барбы? Тааныш-билиш, фортуна жылмайышы балким...

– Албетте, колдоо чоң жардам болот. Ырдоо – бул психологиялык процесс, артыңда күчтүү бирөө турганын сезүү менен потенциалыңды толук ачып бере аласың. Эл аралык сынактарда сени колдоо үчүн мамлекетиңден күчтүү бир адам жаныңда болушу керек экен. Мен ал жерде жалгыз жүрдүм, өз киндигимди өзүм кестим дегендей. Башка мамлекеттерден келген катышуучулардын жанында кеңешип, колдогон адамдары жүрдү. Казакстандын катышуучусунун жанында Димаш Кудайберген колдоп, “азаматсың” деп дем берип жүрдү. Мындай жерде барган ырчы гана эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы да мааниге ээ болуп, ойлондурат тура. Ошондуктан башкалар потенциалыңды басып койбогондой, жаныңда күчтүү адамдын болгону дурус экен, ошол өксүктү жон-терим менен сезип келдим.

– Демек, бул долбоор сиздин мүнөзүңүздүн курчушуна да себеп болгон көрүнөт...

– Ооба, мүнөзүмдү өзгөртүп гана тим болбостон, өзүмө өзүмдүн жүзүмдү ачты (күлүп). Мени дагы да күчтүү кыла алды десем жарашат.

– Долбоордо элдик ыр “Беш ыргайды” аткардыңыз. Бул ырды атайын тандадыңызбы же элдик ырларды ырдоо деген шарты бар беле?

– Мен жеке ырларымды жана элдик ыр “Беш ыргайды” тандадым. Кыргыз элинин маданиятын, чыгармачылыгын даңазалоо үчүн элдик ырларды аткарсам, ал эми композитордук чеберчилигимди ачуу үчүн жеке ырларымды ырдадым.

– Негизи ушул сыяктуу долбоорлор талантты, өлкөнү даңазалай турган платформабы же шоу-бизнес машинесиби?

– Аны долбоор бүткөндө байкайбыз деп ойлойм. Катышуучулар эл аралык деңгээлге чыгып ырдап калышса, карьерасында чоң бир секирик болсо, анда таланттарды ачкан долбоор катары бааланат. Ал эми катышуучулар калган ордунда эле калышса, шоу-бизнес машинеси деп кабыл алсак да болот го.

– НурЧолпон кандай инсан?

– Ал көп адамдар менен сүйлөшпөгөн, ашыкча көп сүйлөшсө же иш-чараларда көбүрөөк болуп койсо, үйүндө эки-үч күн жатып күч топтогон адам. Ошол эле учурда бала кыял, эркин, эрке кыз. Маал-маалы менен түнкү клубдарда бийлегенди жакшы көрөт (күлүп).

– Инсан катары эң чоң жеңишиңиз сахнадабы же жан дүйнөңүздө болдубу?

– Сахнада жүрбөгөн адам билбеши мүмкүн. Бирок ички дүйнөсүн жеңе алган, аны иреттей алган адам гана сахнада жүрө алат деп ойлойм. Ичиндеги көрө албастык, өз күчүнө ишене албагандык болсо, ал кыйналып калат. Турмуштагы толгон-токой нерселерди жеңүү менен сахна адамы боло аласың деп ойлойм. Ички дүйнөнү анализдеп чыкканда гана сырткы дүйнөгө күчтүү адам боло аласың. Ошондуктан эл көзүндөгү адам алгач жан дүйнөсүн көзөмөлдөп алуусу шарт. Мен ички дүйнөмдү жеңгендерге кирем.

– Аялдык бакыт, үй-бүлө куруу жөнүндө ойлор болуп жатабы?

– Мен толук кандуу Жаратканга ишенген жана сүйгөн инсанмын. Убагы келгенде мага Жараткан толугу менен аялдык бакытты берет деп ишенем. Эгерде азыр карьера тараптан мага жол ачылып жаткан болсо, демек, ушундай болуусу керек. Качан үй-бүлөгө даяр болгонумда, каалаганымда ал жакка жол ачылат. Ошондуктан бул нерсе тууралуу такыр ойлонбойм. Азыркы учурда жүрөгүмдүн ээси – музыка.

 

 

Нуржамал Жийдебаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо