Нурдана Кожоматова, 39 жашта: “КЫЗЫБЫЗ БАСЫП КЕТСЕ ДЕП ТИЛЕЙМ”

№1208

Биздин кеңсеге кайрылган каарманыбыз “кичүү кызым врачтардын шалаакылыгынан майып болуп калды” дейт. Айтымында, анын басып кетиши үчүн дарылатууга чоң сумма керек болууда. Керектүү сумманы топтой албагандыктан элге кайрылууну чечкен. 

 

“Денеси сары болуп төрөлдү”

– Мен Нурдана Кожоматова, 39 жаштамын. Кара-Көл шаарында туулуп-өскөм, кесибим боюнча энергетикмин. Бирок балдар менен үйдө болуп, кесибим боюнча иштей элекмин. Жолдошум, 4 балам болуп учурда Кара-Көл шаарында жашайбыз. Жолдошум сантехник болуп иштейт. Балдарыбыз 7, 5, 4-класстарда окушат. Эң кичинекей кызым Нуриза 2023-жылдын 8-апрелинде төрөлгөн. Ушул кызым оорукчан болуп калып, дарылатуу үчүн элден жардам сурап чыкканга аргасыз болуп жатабыз. Кызым курсакта кезинде бир ирет сасык тумоолоп, өз алдымча дары ичкем. Башка ооруган эмесмин, кош бойлуулук мезгили жакшы эле өткөн.

Кызым Кара-Көл шаарындагы төрөт үйүндө жарыкка келди. Ыйлап, денеси сары болуп туулду. Врачтардан “кызымдын денеси сары экен, текшергилечи” деп сурансам, алар “өзү кетип калат” деп коюшту. Билирубиндин өлчөмүн билүү үчүн кызымдан кан алып текшеришкен жок. Төрөт үйүнөн эле балдарга сайылуучу эмдөөнү сайышты.

 

“Балдардын шал оорусу деген диагноз коюшту”

– Үйгө чыгып келген күнү көтөрүп жүрсөм, кызым 2-3 мүнөттөй көгөрүп, катып калды. Анан кайра өзүнө келди. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы педиатрлар үйгө келип текшеришкенде кызымдын денеси сары экенин көрүп, “ооруканага алып баргыла” дешти. Алып барсак педиатрлар “сарысы өзү кетип калат” дешти. Туулганына 7 күн дегенде кызым эмчек эмбей, ыйлактады. Эртеси ооруканага алып бардык. Кара-Көлдө балдар неврологу жок, бизди Бишкектеги балдар ооруканасына жиберишти. Барсак, ал күнү орун жок экен. Эртеси жаткырышты палатага. 10 күн жаттык. Атайын кымбат укол бар экен, ошону сайып дарылашып, билирубиндин өлчөмүн түшүрүп беришти.

Кызым ошентип чоңоё берди. 6 айга чейин башын кармай алчу эмес, шылкылдап турчу. Кошумча тамакты кашык менен берсек жеп алчу. Кызыма 3 ай болгондо калтырап-титиреп 2 күн ооруп, кыйналды.  Жалал-Абаддагы жеке клиникага алып барсак, бизди кайра Бишкекке жөнөтүштү. Ооруканага жаттык. Текшеришип, балдардын шал оорусу деген диагноз коюп, дарылашты. Дарылардын бирин 3 маал берип жаттык. Аны үйгө чыккандан кийин да врачтын айтканы боюнча улантып 7 ай ичирдик.

 

“Эмдөө алдырбаш керек болгон экен”

– Ошол дарылануудан кийин кызым кашык менен тамак иче албай калды. Бөтөлкө менен жасалма тамактандырып баштадык. Мурдагыдай үн да чыгарбай калды, өсүүсү артка кетти. Кызым 1ге чыгайын дегенде Бишкектеги жеке балдар клиникасына алып барып текшерттик. Алар “балаң туулганда денеси сары болуп турса, эмдөө сайылбашы керек болчу. Ошондон жаралды оорусу” дешти. Ошондо гана мен муну билбей эмдөөгө уруксат берип ката кетиргенимди, врачтар да ката кетиргенин билдим. 

Жеке клиникадан кызыма ЛФК, парафин, массаж, ток менен дарылоо жана башкаларды алдык. 10 күн дарылатканга 100 000 сомдой акча кетет экен. Өзүбүздө анча сумма жок болгонго банктан чоң суммада насыя алып, ошол акчадан алып дарылаттык. Ал насыя акчаны эмдигиче төгүп кутула элекпиз. Элден жардамга каражат чогултуп, кызыбызды өткөн күзгө чейин дарылатууга жетиштик.

 

“Баспайт, сүйлөбөйт”

– Дарылануулардан кийин моюну шылкылдабай, башын кармап калды. Бирок баспайт, сүйлөбөйт. Акыл-эси канчалык бир деңгээлде өспөй калган. Бирок бизди тааныйт, сүйлөсөк реакция кылат. Бир нерсе жакпай жатканын, ысыганын, үшүгөнүн, ачка болгонун көзүнөн, маанайынан билип турабыз. Шал оорусунан жабыркаган балдар үчүн майыптар арабасы бар дешти, ал 400 миң сом турат экен. Муну алсак да жакшы болмок.

Кызымдын басып кетиши үчүн дагы үзгүлтүксүз дарылатышыбыз керек болууда. Башкасын айтпаганда деле эң керектүү 1 флакон дарысы 31-35 миң сомдун тегерегинде турат. Алдыдагы март айында дарылануусун кайрадан башташыбыз керек. Кытайдагы клиникалардын бири менен кабарлашып, сүйлөшсөк “45 күндүк дарылатууга 17 миң доллар кетет” дешти. Биз "дарылатууну 90 күнгө узартып бере аласыздарбы" десек “бере алабыз” деген жооп айтышты. Узартсак, ошого жараша төлөнүүчү каражаттын суммасы өсүп, 34 миң долларды түзүп калат. Мында да бастырууга мүмкүн болбосо, дагы дарылатууга муктажбыз. Ошого жолдошум экөөбүз элден жардам сурап чыгууга аргасыз болуудабыз. Кызыбыздын басып кетишин көрсөк дегенде эки көзүбүз төрт. Ошого салым кошсоңуздар, сиздерге бизден кайтпаса да, Кудайдан кайтар дейбиз.

 

Жардам берүү үчүн реквизит:

Мбанк: 0220 801111

О!деньги: 0505 840084

Элдик банк: 0223 505 051  

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо