№1208
БИВОЛ ЫСЫК-КӨЛДӨ МАШЫГУУДА
Белгилүү мушкер Дмитрий Бивол менен эки жолку Олимпиада чемпиону Баходир Жалолов Кыргызстан курама командасы менен бирге Ысык-Көлдө машыгуу жыйынын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу улуттук Бокс федерациясы маалымдап, видео бөлүштү. “Бул – биздин спортчулар үчүн тажрыйба алмашууга, дүйнөлүк элитанын деңгээлин көрүүгө жана өздөрүн дагы да күчтөндүрүүгө өзгөчө мүмкүнчүлүк”,- деп айтылат маалыматта. Дмитрий Бивол – азыркы учурдагы эң техникалуу мушкерлердин бири, IBO жана WBA курларынын ээси. Ал эми Баходир Жалолов — өзбекстандык мушкер. Жогоруда айтылгандай, бокс боюнча эки жолку Олимпиада чемпиону. 2024-жылы Парижде өткөн Олимпиадада 92 килограммдан жогоркулар арасында алтын медаль уткан.
КЫРГЫЗ ДЗЮДОЧУСУ АБУ-ДАБИДЕ АЛТЫН МЕДАЛЬ УТТУ
Кыргызстандык дзюдочу Ислам Баялинов Бириккен Араб Эмираттарында өткөн "Open Masters Games-2026" мелдешинде алтын медаль утту. Бул тууралуу 11-февралда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын дзюдо боюнча кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Ислам Баялинов 73 килограмм салмак категориясында күч сынашып, таймашты 1/8 финалдан баштады. Мелдештин жүрүшүндө 40 жаштагы спортчу бразилиялык жана казакстандык атаандаштарын катары менен төрт беттеште жеңип, жыйынтыгында алтын медалга ээ болду. Белгилей кетсек, мелдеш 7-февралда Абу-Даби шаарында старт алган.
КЫШКЫ ОЛИМПИАДА: АЛГАЧКЫ ЖАРЫШ ИЙГИЛИКСИЗ БОЛДУ
Спортчу Артур Сапарбеков Италияда өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында алгачкы стартка чыгып, лыжа жарыштары боюнча күч сынашты. Бул тууралуу Кышкы Олимпиаданын расмий сайтына жарыяланган.
Маалыматка ылайык, 10-февралда коньки ыкмасы менен өткөн “спринт” дисциплинасында жалпысынан 94 спортчу катышты. Квалификациялык жарышта Сапарбеков 91-номер менен жарышка кошулду. Ал 800 метр аралыкты 2 мүнөт 23,8 секундда басып өтүп, жарышты 4 мүнөт 36,85 секундда жыйынтыктады. Жыйынтыгында кыргызстандык спортчу 94-орунду ээледи. Квалификациядан эң мыкты 30 спортчу кийинки баскычка — чейрек финалга жолдомо алышты. Бул аралыкта норвегиялык атактуу лыжачы Йоханнес Клебо эң мыкты жыйынтык көрсөттү.
Артур Сапарбеков Олимпиададагы мелдештерин 13-февралда улантат. Ал күнү 10 чакырым аралыкка эркин стилде өтө турган жарышка катышмакчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |