ТАШИЕВ ИШТЕН АЛЫНДЫ: БИЙЛИКТЕГИ ДОСТУКТУН ДООРУ БҮТТҮБҮ? 

№1208

Акыркы аптада өлкөдө күтүүсүз саясий окуялар орун алды. Президент УКМК төрагасын 3 орун басары менен кошо кызматтан бошотуп, ошол эле күнү ордуна башка адамдарды дайындады. Кадрдык алмашуулар уланууда. 

 

Күтүүсүз кызматтан бошотуу...                     

  10-февралда президент Садыр Жапаров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан бошотту. Бул күтүүсүз жаңылыкты көпчүлүк “аш кыла албай” турганда президент мындай чечиминин себебин түшүндүрдү. “Баарынан мурда бул чечимди мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн, коомдо, мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосунда ажырым жаралбашы үчүн кабыл алдым. Бул кадам биримдикти бекемдөөгө багытталды”,- деди Садыр Жапаров өзүнүн басма сөз катчысы аркылуу. Бул билдирүүдөн кийин эл арасында “Ташиев биримдикти бузуп жаткан бекен?” деген мыйзам ченемдүү суроо жаралды. Мындан кийин маалымат катчы ажонун сөзүнө кайрадан түшүндүрмө берди. Президенттин “мындай чечимди коомдо бөлүнүп-жарылууга жол бербөө үчүн кабыл алдым” деген пикиринин Камчыбек Ташиевге тиешеси жок экенин белгиледи. Ташиевдин атын жамынып күмөндүү аракеттерди жасап жаткандар (төмөндө сөз болот) бар экени айтылды.                                         

Кресло көпкө бош калган жок...             

   Ушул эле күнү УКМКны жетектөөгө Жумгалбек Шабданбеков дайындалып, УКМКнын курамынан Мамлекеттик чек ара кызматы чыгарылды. Ошондой эле УКМКнын 9-кызматынын базасында президентке түз баш ийген Мамлекеттик күзөт кызматы түзүлгөнү жарыяланды. Бул кызматтарга жетекчилер дайындалышты. Камчыбек Ташиевдин артынан анын 3 орун басары кызматтан алынды.                              

 Ташиев ооруканада жаткан...                   

Кызматтан алынган учурда Камчыбек Ташиев Германияда дарыланууда жүргөнү айтылды, Кыргызстанга кайтып келе элек. Кызматтан бошотулганы боюнча Ташиев буларды билдирди:

–Урматтуу эл-журт! Мен ооруп калып, президенттин уруксаты менен Германияга келгем, себеби мурдагы операция болгон жерге көрүнүүгө туура келди. Бирок, кечээ мени жумуштан алышыптыр, мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли-журтубуз, президентибиздин алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанам. Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт. УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдирем, ийгиликтерди каалайм. Ал эми өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуш үчүн эч ким, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот.                       

 Ташиевден кийинки кызматтан кетүүлөр...     

Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышынан кийин коомчулукта ага жакын бир топ кызмат адамдарынын креслодон кол жууй турганы айтылып жатат. Алардын катарында Жогорку Кеңештин төрагасы, Ош шаарынын мэри да бар. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу 12-февралда кызматтан кетерин жарыялады. “Мен эки же бир адамга эмес, өлкөгө кызмат кылам”,- деди ал. Ал эми Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып “президент кызматтан кет десе, кетүүгө даярмын” деген жооп узатты.                        

Чуулгандуу 75 демилгечи...                      

     Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы алдыдагы президенттик шайлоого байланыштырылып жатат. 9-февралда 75 коомдук жана саясий ишмерден турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жолдоп, анда президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү сунушташкан.

– Жетишкендиктер менен көйгөйлөрдү тизмектөө – коомчулукту негизги жыйынтыкка алып келет. Ал жыйынтык – учурдагы бийликтин ишмердүүлүгүнүн биринчи этабы логикалык жактан аяктады дегенди билдирет. Андыктан, азыркы тапта Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жаңы стимулу керек жана экинчи баскычтагы сапаттуу, жигердүү ишке өтүү зарыл деп эсептейбиз. Анын үстүнө акыркы мезгилде коомдо президенттик шайлоо боюнча кызуу талкуулар жүрүп жатат. Бул талкуунун негизи – учурдагы президент мурдагы Конституция боюнча шайлангандыгы, ал эми мамлекет азыр жаңы Конституциянын негизинде иштеп жатканы менен байланыштуу. Биз белгилеп кетчү жагдай, учурдагы мамлекет башчысы 2021-жылы эски Конституция боюнча 6 жылдык мөөнөткө шайланган. Ошол эле жылы апрель айында жалпы элдик добуш берүү аркылуу жаңы Конституция кабыл алынып, анда президент 5 жылга шайланары көрсөтүлгөн,- деп айтылат кайрылууда.

Шайлоо мөөнөтү боюнча коомдо талаш-тартыштарды болтурбоо үчүн президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү сунушу берилген.                      

Байсалов кырдаалды ачыктады...                              

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президент менен Ташиевдин ортосундагы мамилеге президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгеси себеп болгонун билдирди. “Акыркы убакта генералдын атын жамынган саясий эски жүздөрдүн тымызын аракетинен улам өлкөдө каршылашкан, опурталдуу абал түзүлдү. Натыйжада түшүнүксүз жагдайлар пайда болду. Коомдо кош бийлик, мөөнөтүнөн мурда шайлоо зарылдыгы жана азыркы бийликтин мыйзамсыз отурганы тууралуу пикир жарала баштады. Дал ушул чагымчылдар жана алардын амбициялары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымды пайда кылып, бул коомду жана мамлекетти бөлүп-жаруу коркунучун туудурду”,- деди Байсалов. Буга чейин “Жапаров менен Ташиев сүйлөшүп алып ушундай кадамга барышты” деп тургандар Байсаловдун ушул билдирүүсүнөн кийин “эки достун” мамилесине чын эле жарака кеткен окшойт деген ойго кептелишти.

Жогоруда сөз болгон 75 адамдын айрымдары ИИМ тарабынан кармалышты. Коомдук-саясий ишмерлер Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев, Курсан Асанов камакка алынышты. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси боюнча кылмышка шектелип жатышат.                  

Президенттик шайлоо качан өтүшү керек?           

11-февралда президент Садыр Жапаров президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу Конституциялык сотко кайрылды. Конституциялык сот президенттен сунуштама түшкөнүн ырастап, кайрылууда коомдук-саясий мейкиндикте учурда иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, кезектеги же мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кызуу талкуу башталганы себеп катары көрсөтүлгөнүн белгиледи. Президент Жапаров президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча Баш мыйзамдын жоболорун чечмелөөнү суранганын белгилейт аталган орган.                          

Маалымат үчүн...                                     

  Президент Садыр Жапаров 2021-жылы январда өлкө президенти болуп шайланган. Ал шайланган Баш мыйзамда президент 6 жылдык мөөнөткө 1 гана жолу шайлана алары жазылган. 2021-жылы апрель айында өлкөдө жаңы Конституция кабыл алынган, анда бир адам экиден ашык мөөнөткө президент болуп шайлана албастыгы жазылуу. Талаш-тартыштарга акыркы чекитти Конституциялык сот коёру күтүлүүдө.   

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо