БЕЛГИЛҮҮЛӨРДҮН БЕЛГИСИЗ ЖАКТАРЫ

№1208

Ар бир адам уникалдуу, сөзсүз башкаларга окшобогон өзгөчөлүгү болот. Бул өзгөчөлүк адамдын келбетинен гана эмес, мүнөзүнөн, жүрүм-турумунан, көз карашында жана башкалардан көрүнөт. Атактуулардын кимисинде кандай өзгөчөлүк бар? 

 

Гүлжигит Аалиев, хирург: “Врачмын, бирок аллергикмин”

– Мен оңою менен тердебейм жана суусабайм. Түштү көп көрөм, аян түштөр да кирет. Жашоомдо маселе жаралганда, кыйналганымда көзү өткөн чоң атам, чоң апам, таята-таенем кирип, “муну мындай кыл” деп жол көрсөтүшүп, акыл-насааттарын айткандай болушат. Алар айткандай кылсам, ишим туура болот, маселем чечилет. Анан аллергикмин. Ачуу калемпир, теректен учкан пух, шыбак чөп, краска жана башка бир топ нерсеге аллергиям бар. Кыялкечмин, азыр деле кыялданам. Хоббим – балык уулоо, мергенчилик кылуу. Мурун тынбай барчу элем, кийин азайып кетти.

 

Тотомидин Жолдошов, ырчы: “Бала кезден унутчаакмын”

– 1 жашымда тилим чыгып, эрте сүйлөптүрмүн. Оң колум менен оң бутум берки кол-бутума салыштырмалуу чоң. Ички туюмум абдан күчтүү. Мисалы, той ээси менен биринчи сүйлөшкөндө эле ал мартпы, сараңбы, той кандай өтөрүн билип калам. Атыр жыт болсо деле көңүлүм айланат, ошого атыр колдонбойм.

Бала кезден унутчаакмын, жашым өткөн сайын мунум күчөп кетти. Салмагым 105 килограмм болгондуктан кышында өзүмө өзүм жылуу, жайында салкын сезилем. Көп суусайм, турганда эле 1 литрдей суу ичпесем болбойт. Дайыма жанымда суу жүрөт.

 

Амантур Мусаев, актёр: “Оңою менен тердебейм”

– Кичинемде 2 жашка чыкканча баспаптырмын. Бир күнү үйдөгүлөр тамак ичип отурганда туруп дароо эле басып кетип таң калтырган экенмин. Колу-бутум боюма салыштырмалуу чоңураак. Анан оңою менен тердебейм. Түшүмдө айыл, шаар, тоолордун үстүнөн уча берем. Көп чочуйм. Эс-тутумум жакшы, кыялкечмин.

 

Камил Мамадалиев, манасчы: “Баш бармагым абдан кыска”

– Өзгөчөлүктөрүм бир топ. Тилим 1 жашымда чыгып, 1 жашымда басыптырмын. 2 баш бармагым башкалардыкына салыштырмалуу көп эле кыска. Абдан терчилмин. Аян түштөр көп кирет. Учурда “Манас ордо” комплексинин директорумун. Ушул кызматка келерде аян түш көргөм, анда “бул орун талаш болот. Анан сени бекитишет” деп айтылган. Дал ошондой болгон. Уктап жатып кээде өлүп калгандай болуп кетем да, чочуп ойгоном. Тоо, жайлоолорго чыгып турбасам, эч жакка батпай кыйнала баштайм.

 

Калдарбек Абдраманов, кардиохирург: “Оң колум менен оң бутум кыска”

– Менин эл билбеген жагым – бир колум менен бир бутумдун кыскалыгы. Тестиер кезимде моюн омурткамда шишик пайда болуп, ошонун терс таасиринен улам оң колум менен оң бутум жакшы кыймылдабай калган. Врачтар консилиум кылышса да так диагноз коё алышкан жок, бирок 1 сыйра дарылап көрүштү. Дарылагандан шыпаа болгон жок. Ошентип 10 жашымда операциянын 1-этабын, 12 жашымда 2-этабын жасап айыктырышты. Ошондо баарыбыз абдан сүйүндүк. Шишиктин айынан оң колум менен оң бутум жакшы өспөй калды, берки буту-колума караганда 2 сантиметрге кыска.

 

Азиз Батыров, ырчы, дастанчы: “Ысыкка чыдамым жок”

– Бир нерсеге бир аз кыжалат болсом эле тердей баштай турган жагым бар. Чоочун үйдө укташым кыйын. Ышка аллергиям бар. Той-ашта от жагылып, ыш чыгып жаткан жерге жолобойм. Ыш чыккан жерде бир аз туруп калсам эс-учумду жоготушум мүмкүн. Жаралышымдан сологоймун. Оң кол менен тамак жегенге аракет кылам, бирок унутуп калып эле сол менен жей баштайм. Сол бутум да жакшы иштейт оңго караганда. Эркектерге тиешелүү крем, “жумшак жыттуу” атырларды колдоном. Ысыкты көтөрө албайм.

 

Жанета Баялиева, ырчы: “Менде ориентир деген жок”

– Ички туюмум күчтүү болгонго бир жакка барарда ишим оңунан чыгарын же чыкпасын сезип турам. Алкоголдук ичимдиктерден аллергиям бар. “Ориентир” деген менде жок. Мурун бир эмес, эки-үч жолу барган жеримди боолголоп таба албай айланып жүрө берем. Дайыма үшүп жүрөм. Реалистмин, кыялданбайм. Сууда сүзгөндү, лыжа тепкенди жакшы көрөм. Атырды ушунчалык жакшы көрөм, 1 күндө 3-4 түрүн себинген учурларым болот.

 

Сабыр Жумабеков, ортопед: “Денемде тырыктар көп”

– Бала кезде тентек болчумун, көп мушташтым. Ошого денемде тырыктар көп. 3 жашымда ит тиштеп алган. Ойноп жатып белимди темирге тилдиргем. 7 жашымда жүгөрү тигүү кезинде башыма кетмен тийип, башым жарылган, айтор, ушул сыяктуу. Чуркоо, велосипед тебүү менен алектенем, турникке тартынам. 

 

Алсейит Сейитмырза уулу, ырчы: “Адамдарды өң-түсүнөн эстеп калышым кыйын”

– Кичинемде созулган жоош бала болгон экенмин. Айылдагы өзүм теңдүүлөрдөн эң артында, кеч басыпмын. Эмне экенин билбейм, түшүмдө бийиктиктен кулай берем. Мурун машинада бара жатып жол кырсыгына кабылгангабы, айтор, машинада уктап кетсем эле коркуп чочуп ойгоно берем. Сологоймун. Комузду да сол колум менен үйрөнүп, анан оң колум менен черткенге аракет кылам. Оң колумда күч жок, алсыз. Тамакты оң кол менен жегенди азыркыга чейин толук өздөштүрө элекмин. Эске тутуум начарыраак. Адамдардын атын, өң-түсүнөн таанып калуу кыйын. Ошого мурун таанышкан адамдар таарына беришет, "мени унутуп калдыңбы" дешип. Жаңы адамдардын ауралары кандай экенин билмейинче аларга аралаша албайм.

 

Уларбек Батырбеков, актёр: “Мандаринден оозум шишийт”

– Мен үйдөгүлөрдүн айтуусу боюнча, 1 жашымда баскан экенмин. Столду тегеренип басып жүрүп, шыр басып кетипмин. Түшкө, түш жорууга маани бербейм. Оңою менен чочубайм. Мандаринди көп жесем оозум шишип кетет, сыягы, мага ушундай терс таасир берет окшойт. Ысыкчанмын, кышта да жеңил кийинем. Ашыкча кыялкечмин, мисалы, тарыхта калсам деп кыялданып калмайым бар. 

 

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо