№1209
Эстрада жылдызы, бүгүнкү күнгө чейин 298 ырга обон жараткан Сайкал Садыбакасова “Мен үчүн чыныгы бакыт – тынч жашоо жана сүйгөн адамым менен бирге болуу” дейт. Сайкал айым жакында жаңы ырлары менен күйөрмандарын кубандырмакчы. Ал кыялдары, турмуш сабактары, энелик колдоо, уулу тууралуу кызыктуу маек куруп берди.
– Сайкал айым, маектешүү алдында “үйдө усталар бар” деп калдыңыз, жаңы үй алдыңызбы?
– Бул суроону буга чейин эч ким берген эмес эле. Ошондуктан элге жарыя кылган эмесмин. Негизи, жеке жашоомду жарыялай бергим келбейт. Үй, машина – ар бир адамдын жеке мейкиндиги. Бардык нерсени милдеттүү түрдө элдин билиши шарт эмес. 2019-жылы Бишкек шаарынын борборунан үч бөлмөлүү батир алгам. Ак эмгегим менен топтогон акчага алынган үй. “Чет элдик ырчы менен ырдайм” деген ойдо 15 жашымдан тарта акча топтоп баштагам. Кийин чет элдик ырчы менен ырдагым келбей калды. Анан 18 жашымда тапкан каражатымдын бир бөлүгүн депозитке салып баштадым. Убакыт өтүп, топтолгон акчага үй алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ичин оңдоп-түзөгөндөн кийин гана апама айттым. Апам абдан сүйүнүп, “азаматсың” деп батасын берди. Мен үчүн бул эң чоң сыймык.
– Демек, апаңыз учурда Бишкек шаарында сиз менен чогуубу?
– Азыр апам менен уулум Амантур жанымда. Мурда апам көбүнчө Ошто жашачу. Ал мага “клип тартпай калдың, иште, алдыга жүр” деп дайыма дем берет. Чыгармачылыгыма ишенип, колдоо көрсөткөн демөөрчүм – апам Гүлшайыр Садыбакасова. “Токтобо, иште, алдыга!” деген сөздөрү мага чоң мотивация берип келет.
– Чет элдик ырчы менен ырдагым келчү деп калдыңыз. Кайсы өлкөнүн сахнасында ырдоону кыялданасыз?
– Азыр башка бир өлкөнүн сахнасын кыялданбайм. Албетте, ар бир ырчы дүйнө жүзүндө хит болууну каалайт. Бирок менин эң биринчи максатым – Кыргызстан. Эң чоң сахна – элимдин алдында ырдоо. Кыргызстандын ар бир жаранынын жүрөгүнөн орун ала турган чыгармаларды жараткым келет. Ар бир облуста, ар бир аймакта концерт бергим келет. Кыялым – өз жеримде, өз элим менен бирге болуу.
– Соңку учурларда сахнадан да, социалдык тармактардан да аз көрүнөсүз. Себеби эмнеде?
– Ооба, бул аралыкта өзүмдүн үстүмдөн иштедим. Сахнадан бир аз алыстай түштүм. Жашоомдо оор мезгил болду, депрессияга кабылып, өзүмдү табуу кыйынга турду. Абдан эмоционалдуу адаммын, баарын жүрөгүмө жакын кабыл ала берем. Ошол абалдан чыгууга апам чоң колдоо көрсөттү. Апамдын мээрими, ишеними мени кайрадан жашоого, чыгармачылыкка кайтарды. Акыркы жаңылыктарымды күйөрмандарым көрүп жатышкандыр. Туулган күнүмдө белектерге бөлөндүм, автоунаа, iPhone 17 алдым. Апамдын бул белеги жөн гана белектер эмес, мага берилген көңүл, колдоо болду. Жашоомду жаңы барактан баштагандай сездим. Азыр мен мурдагыдан да күчтүүмүн. Жаңы ырлар, жаңы максаттар менен эл алдына чыгууга даярмын.
– Жашоонун жаңы этабынын башталышы десек болобу муну?
– Жаңы этап, өсүү мезгили. Оор күндөр болду, сынган жокмун. Мындай абалга жашоодо үчүнчү жолу туш болуп жатам. Бир кездерде да эки жылдай чыгармачылыктан алыстап, токтоп калган учурум болгон. Анан кайра жаңыланып, башкача дем менен кайтып келгем. Ар бир сыноодон сабак алганды билем. Ката кетирсем, аны кайталабаганга аракет кылам. Биринчиси тажрыйба, экинчиси сабак, ал эми үчүнчү жолу ошол эле катаны кайталабоого милдеттүүсүң. Жашоодо да, чыгармачылыкта да ушундай принцип менен жашайм.
Тойлордо байма-бай ырдап жатам. Болгону аны социалдык тармактагы баракчама киргизбейм. Быйыл көп эле кызды турмуш жолуна узаттым. Кыз узатуу тоюнда “Жан кызым” деген ырымды көп суранышууда. Жаңы ырларды да жаздыргам, көпчүлүккө чыгара элекмин.
– Чыгармачылыкта дагы кандай жаңылыктарыңыз бар?
– Кудай буюрса, жакында чоң жаңылыктар болот. Акыркы үч жыл талыкпас эмгектин мезгили болду. 2023-жылдан бери күн сайын 9-10 сааттан репетиция кылып келем. Репетиция – чарчоо эмес, өсүү экенин түшүндүм. Азыр өзүмө ишенимдүүмүн. Үч жылдык эмгектин жыйынтыгын элим менен бөлүшүүгө даярмын. Азыр альбом чыгаруунун үстүндө иштеп жатам. Альбомдо жети ыр бар, сүйүү темасында, жүрөктөн чыккан, абдан сезимтал чыгармалар.
– 300гө жакын обон жаратуу – жөн гана сан эмес, бир өмүрдүн күндөлүгү сыяктуу сезилеби?
– Жалпы 298 обон жаздым. Бирок сан үчүн эмес, сапат үчүн. Обончулук жана ырчылык деңгээлимди өстүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатам.
– Азыркы учурда ыр жаратууда сизди кайсы темалар көбүрөөк кызыктырууда? Сүйүүбү?
– Темага эмес, сезимге көбүрөөк таянам. Кайгылуу ырларды көбүрөөк ырдайт экенмин. Өзүм кайгырып турбасам деле, жүрөккө жеткен муңдуу обондорду жаратууну жана ырдоону жактырам. Депрессия учурунда да көптөгөн муңдуу чыгармалар жаралган. Тематикалык чыгармаларга өзгөчө маани берип жатам. “Апа” сыяктуу жүрөккө жакын ырлар, патриоттук сезимди ойготкон чыгармалар. Мындан тышкары коңшу өлкөлөр Өзбекстан, Тажикстандан келген угармандар үчүн да атайын ырларды даярдап жатам. Багытым – сүйүү темасы жана патриоттук чыгармаларды жаратуу.
– Сахнадагы эң кызыктуу же унутулгус окуя кайсы сиз үчүн?
– Эң эсимде калган окуя 15 жашымда болгон. Аскер бөлүгүндө “Эстедим” деген чыгармамды ырдап жаткам. Бир учурда фонограммадан калып кеттим, ыр бүттү деп таазим кылып турсам, ыр аяктай элек экен. Баары мени карап турат. Бир азга эмне кыларымды билбей туруп калып, аягында эч нерсе болбогондой ырдап бүттүм. Ошол окуя мага чоң сабак болду. Сахнада күтүлбөгөн окуялар боло турганын ошондо түшүндүм. Ал концерт өткөн жерге азыркыга чейин бара элекмин. Анткени ошол окуя мен үчүн уят, күлкүлүү, эстен кеткис сабак болгон.
– Сиз үчүн бакыт жана сүйүү деген эмне?
– Бакыт – тынч жашоо. Үй-бүлөлүк нерселерди сыртка чыгарбаш керек. Ар бир адам ички дүйнөсүн, жеке жашоосун сактай билиши зарыл. Баарын эле элге айта берүү бакытты көбөйтпөйт. Тынчтыкты сактоо – бакыттын негизи. Менимче, чыныгы бактылуулук – сени түшүнгөн адамды жолуктуруу. Сүйүү да түшүнүүдөн башталат экен. Балалык сүйүүлөр болот, сезимдер болот, убакыт өткөн сайын сени тереңирээк түшүнгөн, жан дүйнөңө жакын адамды издей баштайт экенсиң. Азырынча андай адамды жолуктура элекмин.
– Уулуңуздун тарбиясында эмнелерге маани бересиз?
– Балам быйыл бешке чыкты. Мүнөзү жоош, бирок чыныгы эркектик сапаты бар. Апама абдан жакын. “Апамды кара, кан басымы көтөрүлсө дароо мага айт” деп жоопкерчиликке үйрөтөм. Чындап эле апамдын абалын биринчи байкаган адам – балам. Баламды урушпайм. Ката кетирсе кыйкырып эмес, түшүндүрүп сүйлөшөм. Экөөбүз көбүнчө дос сыяктуу баарлашабыз. “Сен акылдуусуң, сен чоңойдуң” деп ишеним берем. Кийин чоңойгондо сыр жашырбай, маселесин мага ачык айтышын каалайм. Ошондуктан ортобузда ишенимди бекем куруп жатам. Эң маанилүүсү – балам коркпой, ишенимдүү сүйлөй алган уул болуп өссө болду. Үйдө ар дайым кыргызча сүйлөшөбүз, ошондо өз тилин жакшы үйрөнөт. Албетте, орусча да жакшы билет, бирок кыргыз тили биринчи орунда.
– Апаңыздын эрмеги экен да...
– Балам көбүнчө апамдын жанында. Апамдын мээрими жана тажрыйбасы анын тарбиясына абдан чоң таасир берди. Үч жашынан бери так, түшүнүктүү сүйлөйт, абдан акылдуу. Кээде менден да акылдуу сөздөрдү айтып коёт. Мени “Кыз-Бурактын” кыздары чоңойтту, анткени апамдын убактысы аз эле. Азыр апам Амантур менен ар дайым чогуу. Балама бир гана аталык тарбия жетишпей жатат. Буюрса, түбөлүк жарымды жолуктурсам, баламдын атасы болсо деген тилегим бар.
– Тилегиңизге жетиңиз, ийгилик каалайбыз!
Мээрим Дербишалыева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |