№1209
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, анын орун басарлары кызматтан алынгандан кийин саясий майданда кандай өзгөрүүлөр болууда? Бул аптада орун алган окуяларды тизмектейбиз.
Президент: “Досума тынч жүр дедим”
16-февралда президент Садыр Жапаров “Кабарга” маек куруп, анда Камчыбек Ташиев тууралуу көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп берди. Президент Ташиев эч кандай кызматка дайындалбай турганын билдирди.
– Жолуктук. “Эс ал, досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр” дедим... Дос бойдон кала беребиз, бирок ал киши кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбейт. Дос эс алсын, ден соолугун карасын. Тегерегиндеги “ак сакал, көк сакалдардан” арылсын, тазалансын. Тергөө кызматы баарын аныктап, тазалап берет. Албетте, азыр ырахмат айтпайт. Капа болот. Бирок жылдар өткөндөн кийин “досум, сен ошондо туура кылыпсың” деп рахматын айтат,- деди Жапаров.
УКМКнын жаңы төрагасы болуп Жумгалбек Шабданбеков расмий түрдө дайындалып, ишине киришти. Анын орун басарлары да дайындалышты.
УКМКнын ишмердүүлүгү иликтенет...
Атайын кызматтын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Элдар Жакыпбеков кармалып, 2 айга камакка алынды. Ага “Коррупция” беренеси боюнча айып тагылууда. Интернет желесинде “Элдар Жакыпбековдун тобу” деп кылмышка шектелип жаткан ондогон адамдар тууралуу видеолор тарады. Бийлик өткөн аптада УКМК кызматкерлеринин иши иликтене турганын, мыйзам бузгандар болсо жоопко тартыларын эскерткен эле.
3 министр кызматтан алынды...
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана жаратылыш министри Медер Машиев кызматтан алынып, ордуларына жаңылары дайындалышты. Транспорт министрлигин Талантбек Солтобаев жетектесе, жаратылыш министри кызматына Акыл Токтобаев, өзгөчө кырдаалдар министри кызматына Урматбек Шамырканов дайындалды. УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Салмоорбек Жумабеков, УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын башчысы Тынчтык Субанкулов да кызматынан бошотулганы кабарланды. Прокуратура органдарында да кадрдык алмашуулар орун алды.
Шайырбек Ташиев: “Мандатымды тапшырбайм”
Парламент депутаты, Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев агасын кызматтан алганы боюнча президенттин чечимине комментарий бербей турганын билдирди. Ошондой эле депутаттык мандатын тапшырбай турганын айтты. “Бирөө мандатыңды тапшыр десе эле коркуп кала турган адам эмесмин. Мага шайлоочуларым гана мандатыңды тапшыр деп айта алат”,- деди Шайырбек Ташиев. Бул арада экс-төрага Нурланбек Тургунбек уулу мандатын тапшырышы мүмкүн деген сөздөр чыкты. Депутат Элдар Сулайманов депутаттык мандатын тапшырып кетти. Дагы бир катар депутаттар ордун бошотот деп күтүлүүдө. 17-февралда Камчыбек Ташиев өлкөдө убактылуу чыгып кеткенин анын жардамчысы тастыктады. Кайсы өлкөгө, эмне себептен кеткени, качан кайтып келери маалымдалган жок.
Конституциялык сот: Президенттик шайлоо 2027-жылы, 24-январда өтөт
Өлкөнүн Конституциялык соту президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча президент Садыр Жапаровдун сунуштамасын карап чыкты. Кароо жазуу жүзүндөгү жол-жобо тартибинде (тараптардын катышуусусуз) жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынганы айтылды. Айта кетсек, буга чейин президент аталган органга кайрылып, президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча Баш мыйзамдын нормаларын чечмелөөнү суранган эле. Конституциялык сот келерки президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтөрүн билдирди. Жогорку Кеңеш шайлоону 4 ай мурда, тагыраагы, 2026-жылдын 24-сентябрына чейин жарыялоого тийиш.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |