№1209
18-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттарын каттады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Депутат болуп Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов жана Айгүл Карабекова бекитилди. БШК депутаттарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер бериле тургандыгын кошумчалады.
Борбордук шайлоо комиссиясы 13-февралдагы жыйынында №13 көп мандаттуу шайлоо округунда мурда жокко чыгарылган шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгып, шайлоону өттү деп тааныган. Бул арада чечим боюнча талапкерлердин бири Бишкектин административдик сотуна кайрылып, бирок сот БШКнын чечимин күчүндө калтырды.
Эскерте кетсек, былтыр 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо 13-округдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, быйылкы март айына аталган округ боюнча кайра шайлоо дайындалган эле. Кайра шайлоого талапкерлер катталып, жарыш башталарга жакын БШК кайра чечимин өзгөртүп, мурунку шайлоодо алдыга озуп чыккандарга мандат берди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |