№1209
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарындагы жыйында укук коргоо органдарына ишкерлерге болгон негизсиз текшерүүлөрдү токтотуу боюнча тапшырма койду.
– Укпайын мындан кийин. Текшерүүлөргө мораторий жарыяланган. Эгерде мыйзам бузуп жатышкан болсо, анда бир жөн. Жөн эле барып алып, “мынча бер, тигинче бер” деген токтосун. Мен биздин балдарды да жөнөтүп турам, сурамжылатып да турам. Экономикага алардын салымы абдан чоң. Алар салык төлөшөт, дал ошол салыктын эсебинен өлкөдө курулуштар жүрүп жатат. Кыргызстан эми кичинекей эле мамлекет, андыктан сөздөр угулат, жетет,- деди ал.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |