№1209
Анаконданы көпчүлүгүбүз тасмалардан гана көрсөк керек, бул жыланга болгон реакция ар түрдүү, бири атын укканда эле дирилдеп корксо, экинчиси жакшы көрүп, суктанат. Табышмактуу, сүрдүү анаконда тууралуу кызыктуу фактылар назарыңызда.
Мекени
Көбүнчө Түштүк Африканын тропикаларын мекендейт, сууда жашоочу, уусу жок, бирок кармаганын муунтуп өлтүргөн удав-жылан. Жер жүзүндөгү салмагы боюнча эң чоң жылан – бул албетте, анаконда. Анын узундугу 5-7 метрге чейин, салмагы жүз килограммдан ашат. Жашоосунун көп бөлүгүн сууда өткөрөт, жай аккан дарыя жана саздуу жерлерде жашайт. Кургактыкка аңчылыкка гана чыгышат. Үй шартында бакма анакондалардын жашоосу 6-7 жылдан ашпайт. Ал эми жапайы жаратылышта канча жашаары белгисиз бойдон.
Каннибал
Капибара, кайман (аллигатор түрү), таш бака жана башка жандыктар менен тамактанат. Өзүнөн кичирээк, алсызыраак анакондаларды деле кармап жей берет, андыктан каннибал жандыктардын катарына кирет. Чоң анакондалар бир кишини бүкүлү бойдон жутканга алы жетет. Чоң өлчөмдөгү “тамакты” жуткандан кийин 2-4 апта аны сиңирип жата берет. Тамагын сөөгү менен кошо сиңиргенге ашказанындагы кычкылдар жардам берет. Тамагы жок 1 жылга чукул жашай алышат.
Ургаачылары чоң
Чынында эле ургаачылары эркектерине караганда узундугу жагынан да, салмагынан да бир жарым эсе чоң келет. Уруктануу маалы март-апрель-май айлары. Боюнда 6-7 айга чейин көтөрүп жүрөт. Уруктанганда алгач жумуртка пайда болуп, ал апасынын денесинде өсүп отуруп, жарыкка келерде кичинекей жыланга айланат. Бир туулганда 30-40 жылан жарыкка келет, бирок алардын басымдуу бөлүгү өлүп калат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |