Ильяз Андаш: “ӨЗ ҮНҮН ЖАКТЫРБАГАН ЫРЧЫЛАРДЫН БИРИМИН”

№1209

Белгилүү ырчы Ильяз Андаштын чыгармачылыгында кандай жаңылыктар бар? Байкалганы – акыркы учурларда ырларынын сөзүн өзү жазууда. Шоу-бизнестеги интригалардан алыс жүрүүнү каалаган, салмагын такай көзөмөлдөгөн, жубайынын ишенимине таянган ырчынын сырлары, тойдогу кызыктуу окуялары, чыныгы жашоосу кандай экени ушул маекте толук камтылды. 

 

– Ильяз мырза, “Мага сүйүү керек” деген жаңы ырыңыздын тарыхы кандай? Жеке жашооңузга байланышы барбы?

– Былтыр жайында үйдө гитара чертип отуруп обонун жараткам. Андан кийин сөзүн жаздым. Жаш кездеги сүйүүнүн толкуну, “мага сүйүү керек”, “мен сүйсөм баары сонун болот” деген кыял, таза сезимдер тууралуу жазылган. Албетте, менин жашоомо да, ар бир адамга тиешелүү. Анткени жашоодо сүйүү бар жерде баары жакшы болот деген ишеним бар эмеспи. Текст өзү эле махабат темасына бурулуп кетти. Ооба, ой толгоо сыяктуу угулат, ошондон улам ар кандай суроолор жаралып калып жатат (күлүп).

– Ырчынын ички абалынан улам жазылганбы деген ой келет экен...

– Биз, чыгармачыл адамдар баштан өткөргөн сезимден, жашоодон эргүү алабыз да. Махабат – дүйнөнү сактап турган күч. Ырчыбы же унаа жуучу жерде иштеген жигитпи, баары махабатка муктаж. Анткени махабат бар жерде жүрөк тирүү, ар бир адамдын жүрөгүндө сүйүү болушу керек. Сүйүү келгенде адамда максат пайда болот. Үйлөнсөм, балалуу болсом, бактылуу жашасам деп жакшы жашоого умтулат. Максат, аракет, үмүт баары махабаттан башталат. Жашоонун нуру өчпөшү үчүн, адамдын ички дүйнөсүндө боштук болбошу үчүн сүйүү керек. Кыскасы, сүйүү адамды күчтөндүрөт, шыктандырат, жашоого дем берет.

– Сизди “үнү жагымдуу” дешет, үнүңүздү өзүңүз кандай баалайсыз?

– Чоң рахмат, кубанычтамын. Ооба, тааныштар айтып калышат ошентип. Ырчылардын арасында өзүнүн үнүн жактырбагандары да бар, мен да алардын катарындамын. Өзүмдүн үнүмдү көп жактыра бербейм. Өзүмө аябай сынчымын. “Бул жерде туура эмес ырдадым окшойт, муну ашырып жибердимби, тигини башкача кылсам болмок” деп өзүмдү талдай берем. Ошол ички күрөшүм катуу. Адам өзүнө калыс болуп, өзүн өстүрүп турушу керек. Менин эң чоң атаандашым – өзүм. Эл баалаганда “демек, жаман эмес экен” деп сүйүнөм.

– Чыгармачылыкты таштайм деген учур болду беле?

– Бир кездери чыгармачылыгымда кыйынчылыктар болгон. Телеканал, радиолорго чыга албай калган учурлар кездешти. Чыгармачылыктан материалдык каражат таба албай, башка иш менен алек болом дегем. Бирок жүрөгүм ырдай берди, эл алдында болууну самадым. Ошол  кыйынчылыктар мага сабак болду. Өсүшүмө чоң салым кошту. 2-3 ырдан банкрот болуп таштап койбой, ырчылыкты кесип катары кабыл алып, катарынан ырларды жаздыра бердим. Он ырыңдын бирөө элге жакса, жетишкендик экен. Алдыга жылууну үйрөндүм, кыйын учурларда чыгармачылыкты таштап салган жокмун.

– Күйөрмандарыңызга кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Алты ырым катарынан жарыкка чыгат. Мисалы, февраль айында “Мага сүйүү керек” деген чыгармам жарыкка чыкты. Март айында бир жакшы киного саундтрек катары жазылган дагы бир ырым чыгат. Анын сөзү-обону өзүмө таандык, март айында тыңдайсыздар. Клиптер чыгат. Каракол шаарында мен бирге чоңойгон ырчы Зуура Төлөмүшова менен жаңы шаңдуу дуэт жаздырып жатам. Ошондой эле жер, бала, махабат темасындагы ырларымды угармандарга тартуулайм.

– Элдин жакшылыктарында жүрөсүздөр, сизди абдан таң калтырган той ээлери болгонбу?

– Күтүүсүз окуялар болот. Бир жолу бир тойго бардым, алыскы аймакка. 7 ыр ырдадым, той да аяктап калган эле. Той ээси “дагы ырда” деп акымды бербейт. Келинчеги болсо “жолдошум менен сүйлөш” деп койду. Жөнөкөй эмес, колунда бар, мыкты эле жашаган байке болчу. Төлөбөй койду. Жүрөктөн чыкпаган акчаны алгым келген жок, кетип калдым. Себеби каражатка кошо жакшы тилек да болушу абзел. Ошол каражат менен үй-бүлөмдү багам да. Ал тойдун ээси эртеси байланышат деп ойлогом, чалган жок. Ошентип акымды бербей койгон. 

– Кесиптешиңиз Курал Чокоев менен дуэт аткаруу идеясы кимдики?

– Так белгисиз. Тойлордо көрүшүп, эски ырларды чогуу ырдап калчубуз. Ошол кездерде чогуу дуэт жаздырууну сүйлөштүк. Досубуз Эркин Эгембердиев “Ак кеме” киносундагы “Сейдакматтын ырын” сунуштап калды. Ырдын автору Каракол шаарында жашаган Мукан Рыскулбеков агайдын үй-бүлөсү менен жолугуп, алардын макулдугу менен ырдап чыктык. Чыгарманын текстин бир аз өзгөрттүк. Элге жакшы таанытты, ал ырдын артынан материалдык каражат таптык.

– Курал мырза менен тамашалуу видеолорду тартып каласыздар. Анда дайыма Курал мырзанын образы өзгөчөрөөк...

– Курал досум көп тартынбайт. Мен видеолорду сунуштап турам, ал көбүнчө “жок” дебейт. Айрымдарына макул болбойт. Биздин максатыбыз – юморду, тамашаны тамаша катары кабыл алуу. Албетте, кээде адамдар жаман сөз, хейт жазышат. Биз андай сөздөрдөн таасирленбейбиз. Ар бир адамдын пикири ар башка, биздин оюбуз да ар башка. Эң негизгиси, артисттер элге маанай тартуулайбыз. Эгер аудитория туура кабыл алса, анда биз чыгармачылыгыбызды жандандыра беребиз.

– Байкашымча, шоу-бизнестеги тойлордон көрүнбөйсүз...

– Шоу-бизнестеги мааракелерге көп катышпайм, көбүнчө жумуш менен алекмин. Ошондуктан бара албай калам, кээде гана барам. Өзүмө ылайык иш кылгым келет. Ар бир адамдын өз жашоосу бар, кантип жашашты өзү билет. Ошондуктан мен жеке чөйрөмдү сактап, негизги иштерге басым жасайм. Хайптан алыс жүргөн жагат.

– Маанайыңыз жакшы кезде же ачууланганда кандай Ильязсыз?

– Маанай жакшы кезде менден өткөн сонун инсан жок (күлүп). Эгер маанайым бузулса, сүйлөшпөй калам, байланышпайм, жооп бербей, өзүм менен өзүм болуп калам. Кыскасы, өзүмдү көзөмөлдөп, тынч жүрүүгө аракет кылам. Залакам тийбесин дейм. Андай учурда мага сүйлөбөй эле койгон жакшы.

– Келинчегиңиз жана балдарыңыз тууралуу уксак...

– Турмуш курганыбызга 13 жыл болуп калды. Бул мезгил ичинде биз чоң үй-бүлө болдук. Учурда бир кыз, эки уулду тарбиялап жатабыз. Бул жагынан жашоомо толук канааттанам жана ыраазымын. Мен көбүнчө жумушта болгондуктан балдарга тарбияны апасы берет. Балдарымды “сиз” деп сүйлөгөнгө, аяр мамиле кылганга үйрөтөм. Мектеп, бала бакчага өзүм алып барам. Жумшак атамын. Аябай эркелетпей же катуу кармабай, тең салмакта кармаган атамын.

– Романтиксизби?

– Жүрөгүмдө ыр жазуу, кыялдануу жана ырахаттануу чоң орунду ээлегени менен, жашоодо романтик эмесмин. Бирок сезимдеримди билдирип, жубайымды кубандырып турганга аракет кылам. Көп нерсени музыка, ыр аркылуу жеткирүүгө умтулам.

– Ар дайым бир калыпта жүрөсүз, салмагыңызды такай көзөмөлдөйсүзбү?

– Сөзсүз салмагымды көзөмөлдөп турам. Спорт менен машыгам, тамактанууга да өзгөчө көңүл бурам. Таттуудан, тамакты ашыкча жегенден алысмын. Саат 18:00дөн кийин тамак жебегенге аракет кылам. Буга чейин салмак кошуп көргөм, 85 килограммга чейин жеткен учур болду. Өзүмө да оор сезилчү, жалкоолук, чарчоо, кыймылдын азайышы байкалган. Ошондон кийин өзүмдү колго алдым. Азыр салмагымды көзөмөлдөп, 75 килограммдан ашып кетпөөгө аракет кылам. Кээде өзгөрүүлөр болот, көп эмес. Эл алдында жүргөндүктөн сырткы форманы да көзөмөлдөп туруу керек.

Мээрим Дербишалыева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо