№1209
(Башы өткөн сандарда)
Мен дагы жөн тура алган жокмун, 2-3 жолу денесине катуу тийдим. Бирок ал күчтүүлүк кылып, жерге жыга башыма бир тепкен соң эсимди жоготуп жатып калыптырмын.
Эсиме келсем, маңдайымда эки ак халатчан туруптур. Бирок дагы деле ошол холлдогу диванда жатам. Менден алыста Жапар жубайын кучактап туруптур. Врач:
– Эсине келди, алып кетелиби?- деп Жапарга кайрылганда аялы атырылып:
– Өз каалоосу, барса барсын, барбаса жок. Уктуңбу?! Эй, катын! Бүгүнтөн баштап иштебейсиң бул жерде!- деп кыйкырганда Жапар жубайын далысына таптап, жубата:
– Койчу, жаным, болду эми,- деп токтотуп койду. Жаткан жеримден:
– Жөн жерден денеме залака келтиргениңер үчүн жооп бересиңер,- деп араң айтсам, Жапардын кучагындагы аял суурула:
– Карасаң, эй! Бул кайра мага ооз ачып коёт. Турчу бери!- дегенинен күйөөсү кармап калды. Бир топтон кийин акыбалым жок, шалдырап офистен чыктым. Чыгып баратсам, Жапар жаныма жүгүрүп келе:
– Кечир. Кызыктай эле абал болуп калды. Жубайым кызганчаак да. Мен сага иштеген 3 күнүңдүн акчасын дагы, анан бир аз акча кошуп жөнөтүп жиберем. Сенин алдыңда уялып жатам. Капа болбо, ээ?- деп калып калды. Мен үйгө келдим. Күзгүдөн өзүмдү карасам, тарпым кетип калыптыр. Башым бир аз ооругансыйт. Оозумдун бир чети канап кетиптир. Түнү менен ыйлап чыктым. Жаман болдум. Денем ооруп жатты. Өзгөчө түндө башым катуу ооругандыктан, чыңырып ыйлаганга туура келди. Эптеп таңды атырдым. Азыр да башым ооруп турат. Буга чейин деле ооручу, бирок мынчалык эмес. Азыр, күндөлүгүм, сенин барактарыңды толтуруп отурам. Ичимдеги сырым менен бөлүшпөсөм болбойт. Өзүмө катып тура албайм. Кыйналып кетем. Сенин барактарыңды толтурган соң больницага барам деп турам. Башымды текшертейин дейм. Балким, катуу жаракат алгандырмын. Эгер ошондой болсо, Жапардын “чөнтөгүн” кагып алам, чолчоңдогон аялына карабай.
30.10.ХХХХ. Жашоо эмнеге оор? Ал аз келгенсип татаал жана тар. Эмнеге? Жүрөгүмдөн кан агып жатат. Эч кимди угуп, эч бирөөнү көргүм келбей, ансыз да тар дүйнөгө батпай турам. Бул эмнеси? Жыйырма бешке жаңыдан карап калган адам тез эле гүлдөй соолуп калабы? Атам айыкпас, белгисиз дартка кабылып, соолуп жүрүп каза болгонун эжем айтып калчу. Акчанын жоктугунан эле каза болду атакем, болбосо дарыланса айыгып кетет эле деп ойлочумун. Жаңылыптырмын. Жан алгыч оору бар. Атам, көрсө, ошол дартка кабылган тура. Ал дартын үч баласынын ичинен мага аманат кылып калтырып кетиптир. Сага жазып жатып, ыйлап жатам. Ыйлап жатам... Ыйлап жатам. Мен больницага башымды көрсөткөнү баргам. Врачтын: – Ойлонбоңуз. Баары жакшы экен,- деген сөзүнүн ордуна “сиз сөзсүз онкологиялык ооруларга анализ тапшырыңыз. Белгилери бар” деген ачуу сөзүн уктум. Ишенген жокмун. Мамлекеттик ооруканадагы врачтар эмнени билмек эле деп, жеке менчик ооруканага бардым. Көп акча коротуп, анализ тапшырдым. Жыйынтыгы 4 күндө чыкты. Менин деним сак деп текеберленип тургам. Бирок оюмдун баарын таш капты. Баш мээнин рагына кабылганымды кабарлашты. Төртүнчү стадия... Акыркы стадия... Врачтардын сөздөрү дале кулагымда жаңырып турат:
– Бул оору менен ар бир жүзүнчү адам ооруп жатат. Кабатыр болбоңуз. Айыгып жашап жүргөндөр канча? Алматыда онкологиялык клиника бар, ошол жерде мыкты онколог иштейт. Сизди ошол жакка жөнөтөлү. Ал жерде бардык аппарат бар. Дарылоо курсу башталат. Кандай дейсиз? Эч чөкпөңүз.
– Келиңиз эми, реалдуулукка өтөлү. Чынын айтыңызчы, менин канча жашоом калды?
– Сиз жашайсыз. Аракет кылуу керек.
– Башымды оорутпай айтыңыз! Туурасын айтыңыз!- деп бакырып жибердим.
– Көбү бир жыл, баш мээнин рагы билинбей жүрүп өтүшүп кетиптир. Эгер катуу сокку албаганыңызда билбей да калат элеңиз. Үмүт жүздөн бир пайыз,- деп көздөрүн менден ала качты. Калтырап ордумдан араң туруп, эшикке бет алдым. Оорукананын айланасын каптаган бак-дарактар мага ушунчалык кооз көрүнүп турду. Таш... Суу... Жалбырак... Күн... Жадакалса жерде чагылып жаткан мистенин кабыгы да мен үчүн кооз көрүнүп турду. Билесиңби, күндөлүгүм? Бүткүл жашоом бир мүнөттүн ичине батып кетти. Баарын эстедим... Алгачкы окуу, алгачкы сүйүү, жыргал... Билим... Адилет... Алгачкы өбүшүү, алгачкы түн. Достук, сүйүү, кастык, уруш, коркунуч, ый, куса, азап... Баары көз алдыма тартылып кетти. Кызым байкушум, ал эмне болот? Өз энесин билбей жүрө береби? Данегим менин... Апасы аны кандай жакшы көрөрүн билсе кана! Жашоо, эмнеге үмүттү үзөсүң? Мен үчүн жашоонун кызыгы эми башталып келе жатты эле го? Үмүт жок менде. Аракет кылууну да көздөбөдүм. Колдо бар акчамды баркы жок нерсеге коротпой, кызыма жеңилдик түзүп кетейин деп ойлодум. Анын эч нерседен кем болбой жашоосуна аракет кылам. Мына менин үмүтүм. Канча күн болду? Үйдө ичип отурам. Аз жашоом калды. Өзүм үчүн жана кызым үчүн жашайм.
13.11.ХХХХ. Бир чети дартымды эрте билип алганыма сүйүнөм. Ушинтип жазып жүрүп эле, күндөлүгүм, сенин кийинки барактарың толтурулбай калса эмне болот эле? Коштошконго мүмкүн болбой кетип калсамчы? Баары түшүнүксүз болмок, күндөлүгүм. Сени башында өрттөйм дегем, бирок жаңылыптырмын. Сени эң жакын адамыма таштап кетем. Азыр сыр. Мен жөнүндө... Дүйнөнүн бир бурчунда мендей келбеттүү, акылдуу айым жашап кеткенин эл билүүсүн кааладым. Менин басып өткөн ар бир кадамымды билишсин, сабак алышсын. Акыркы айда бир топ арыктап кеткенимди эми байкадым. Ойлочу элем, тамакты аз жеп жаткандан го деп. Көрсө, кептин баары дартта жаткан тура. Өзүмдү күзгүдөн карап жаттым. Күзгүдө мурда өзүмдүн ажарыма суктануу үчүн турсам, азыр билинбей пайда болгон көзүмдүн айланасындагы көгүш өңдү, денемдин арыктыгын башкача көз караш менен карап турдум. Адилетим... Ага эч нерсе айткан жокмун. Эч кимге айтпайм. Мага эч кимдин боору ачыбай эле койсун. Мен өз каалоомдой жашап келгем жана жашай берем. Адилет кабатырланып келди бүгүн. Досунан бардык окуяны угуптур. Камсанаба дедим. Баса, аялы кош бойлуу экен. Сүйүнүп алыптыр. Мен кубанычын тең бөлүшө албадым. Мага бул кабар жаккан жок. Уккум келбей, аны кучагыма тарттым. Азыр мага жөн гана жылуулук керек болуп жатты. Жөн гана эркектин деми. Адилетке эле турмушка чыгып кетпейт белем деп ойлодум. Бирок анда менин башымдан өткөн жашоого кабылат белем? Албетте, жок. Эстегенге кызыктуу эч нерсе жок, кызыксыз жашоодо жашаганыма өкүнмөкмүн. Азыр менде баары жакшы. Баары. Адилет да мени кучагына кысты. Мен аны кучактаганым менен, оюмда Мансурдун кучагында тургандай элестетип алдым. Мага чыныгы жылуулукту Мансур гана берген. Кадырына жетпедим, ишеничин, аруу сүйүүсүн актабадым.
25.11. ХХХХ. Бүгүн өз үйүмдөмүн. Эшиктин суугуна карабай Адилетке айтып, ичине жылуулук киргиздим, ремонт жасадык. Данегимдин үйү бул. Эжемдерге билдирип, кызыма үй калтырганымды айтайын дедим. Оңдоп-түзөөлөр бүткөн соң Оштон эжекемди үй-бүлөсү менен чакырдым. Алар тез эле учуп келишти. Көп өтпөй стол үстүндө "бул Данектин үйү" дедим. Жездем менен эжем таң калды. Кызым анча деле маани берген жок, бала да. Кечинде гана эжем сураганынан айттым, бул үйдү алганыма көп болгонун. Эртеси жездем ишине кетип, эжем, кызым, иним болуп калдык.
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |