№1209
Белгилүү актёр Уланбек Султангазиев үчүн азыркы учур – өзүн таануу, өткөндү анализдөө жана жашоонун баасын түшүнүү мезгили экен. Бул маек актёрдун ийгилиги тууралуу ода эмес. Алсыздыкты моюнга алуу, коркууларды ачык айтуу жана жыгылган учурда кайра тура билүү жөндөмү тууралуу маек.
– Улан мырза, бир аз сыркоолоп жаткан экенсиз, азыр жакшысызбы? Ден соолук “эркелеп” жатабы?
– Акыркы убактарда ден соолук бир аз “эркелеп” жатат. Мурда көп жолу операция жасаткандыктан организм алсыз болуп калган окшойт. Улгайып да бара жатат окшойм (күлүп). Оору – бул мага келген сыноо экенин мурун эле түшүнгөм. Бирок шүгүр, ар бир сыноо адамды бышырат, сабырды үйрөтөт, жашоонун баркын сездирет. Ден соолук эң чоң байлык экенин ооруган жан жакшы түшүнөт эмеспи. Оорусам да өзүмдү бактылуу сезем. Эң негизгиси, ниет бекем, дух сынган жок. Кудай буюрса, баары жакшы болот.
– Сиз кадимки жашоодо жашырып, бирок ролдор аркылуу кыйкырып айткан сезимиңиз барбы?
– Ар бир артистте болот андай сезим. Каармандын көз жашы сенин ички тынчсызданууң болушу мүмкүн. Анткени искусство – бул жөн гана оюн эмес, бул адамдын ички дүйнөсүнүн бир бөлүгү. Бирок менде андай мүмкүнчүлүк боло элек.
– Кайсы ролуңуз жан дүйнөңүздөгү эң оор жараны козгоду?
– Андай оор жара менде көп. Негизи эле бул дүйнөдө адилеттүү болуп жашаш оор экен. Ошон үчүн мени көбү сүйө бербейт. Анткени жүрөгүм эмне десе, эч жасалмасыз, акыйкатты, болгонун болгондой айтып салам.
– Эл билген Уланбек менен өзү жалгыз кездеги Уланбек канчалык айырмаланат?
– Элге көрүнгөн Уланбек – болгону образ. Кинодогу же коомчулуктагы Уланбек – бул кыргыз жигитиндеги жоопкерчиликтин улутка, мекенге болгон образы. Жалгыз калган Уланбек – бул чындык. Суроолор менен жашаган, ойлонгон, кээде алсыздыкты, жалгыздыкты сезген адам. Кинодо терс каармандарды ойногон болсом, жашоодо колунан келген жардамын эч кимден аябаган, жок дебеген, берешен инсан. Бирок экөөндө тең жасалмалуулук жок.
– Актёрлордун эң чоң коркунучу – унутулуп калуу, суроо-талапка ээ болбой же бааланбай калуу болуш керек, менимче?
– Жок, мени унутулуп калуу же бааланбай калуу коркутпайт. Анткени адамдын баасын убакыт берет. Эрте, мүмкүн, кечирээк. Атак эмес, из калтыруу маанилүү. А унутулуп калуу – табигый нерсе. Баарыбыз убакыттын агымында из болуп гана калабыз. Ошол из кандай из? Тикенби же гүлбү? Элдин эсинде калуу максат эмес. Жашоодон өзүңдү таба албай калуу – бул коркунуч!
– Актёр болбосоңуз, талантыңыз кайсы жол менен чыкмак?
– Эгер актёр болбогондо, ички энергиям сөзсүз сүрөт аркылуу чыкмак. Анткени мен актёрлукка чейин сүрөтчү болчумун. Экөөнүн түпкү табияты бир, экөө тең ички дүйнөнү сыртка чыгаруу. Болгону эки бөлөк кыймыл менен. Эгер актёр болбосом, балким, боёктор менен ошол эле сезимдерди ойномокмун.
– Кинодогу жоопкерчилик канчалык сизде?
– Кинодон чыккан сайын көрөрман, коом, улут алдында турасың. Роль тандоодо да өзүмдүн чегим бар. Мисалы, мурун түрктөр өздөрүнүн тасмасына чакырган. Сценарий боюнча кыргыз баатыры барып, түрктөрдөн чоролору менен кырылып калат экен. Мен “кыргыз баатыры түрктөрдү кырып, анан өлсө мен макулмун” дедим (күлүп). Ушул сыяктуу жоопкерчилик бар, абийирге, намыска, улуттук баалуулуктарга шек келтирген образдар болсо баш тартам. Албетте, искусство эркиндик, бирок өзүңдүн да чегиң болууга тийиш.
– Бала кездеги Улан мырза бүгүнкү сизди көрүп сыймыктанмак беле же суроо узатмак беле?
– Чынын айтсам, балалыктагы Уланбек мени көрүп дароо эле сыймыктанмак деп айта албайм. Балким, ал суроо узатмак... “Сен кыялдарыңа канчалык бекем болдуң? Жүрөгүңдү таза сактай алдыңбы?” демектир. Мен үчүн эң маанилүүсү ошол кичинекей Уланбекти уят кылбоо. Атак-даңк же жетишкендик эмес, адам бойдон калуу. Эгер ал бүгүн мени көрүп, “сен өзгөрдүң, бирок өзүңдү жоготкон жоксуң” десе, мага ошол жетиштүү.
– Сизди ыйлаткан акыркы окуя кайсы болду?
– Акыркы жолу ыйлап жатканымды эстесем, эң терең жоготуу – ата-энемдин дүйнөдөн кайткан учурлары. Кийин 12 жыл сүйлөшкөн сүйүктүүмдү жоготуу да катуу тийди. Бул окуялар жүрөктө түбөлүк из калтырды.
– Өзүңүздү жеткиликсиз сезген учурлар болобу?
– Ооба, мындай учурлар болот. Кээде муктаждарга жетишерлик жардам көрсөтө албаганымда өзүмдү жетишсиз сезем. Бул сезим күч берет, бирок ал мени аракет кылууга түртөт. Негизи эле өзүм үчүн же өз кызыкчылыгым үчүн жашабайм. Карапайымдарды сүйөм! Ошон үчүн көчөдөн элди күлдүрүп пранк кылып жүрөм. Алар күлсө мен ырахаттанам.
– Сиздин күчтүү жагыңыз жана алсыздыгыңыз...
– Менин эң чоң ички күрөшүм – бул жалган дүйнө менен эмес, чындык менен акыреттик жашоого даярдануу. Акча, дүнүйө, атак-даңк же тез ийгиликке жетүү мени эч качан толук канааттандырбайт жана кызыктырбайт.
Үзүм ойлор...
• Чыныгы сүйүү адамга берилсе, кыска өмүр болсо да – бул Кудайдын чоң белеги. Ал өзгөртөт. Жараат калтырса да, мен жарадар болбойм. Сүйүү менен жашоомду улантам. Анткени кичинемде көзүм эмнени көрсө, жүрөгүм эмнени туйса, баары сүйүү деп билгем. Дегеле сүйүүнү биз жуптарга гана чектеп алганбыз. Жок, сүйүү жандууга да, жансызга да тиешелүү. Ошон үчүн мага эч ким чоочун туюлбайт.
• Мен үчүн чыныгы тынчтык жалгыздыкта болот. Элдин кол чабуусу, кубаттоосу – кыска мөөнөттүк сүйкүмдүү элес. Жалгыздык – бул ой жүгүртүү, рухту жаңылоо, өзүн угуу, толгонуу.
• Образ аркылуу бул дүйнөдөгү кыялдарымды чагылдырмак болсом, жүрөктүн тазалыгын көрсөткөн каарманды тандамакмын.
• Эл колдойт мени. Кээде терс каарман ойносом деле, мага жылуу сөзүн айтып, сыймыктанарын билдиришет. Көчөдөн, жолуккан жерден... Кызыгы, терс каарман ойносом, мен бул жашоодо дагы деле өзүмдү бардай сезем. Бирок тартылган тасмаларымдан чыныгы ырахат алгандай, туу чокусуна жеткендей учур боло элек.
• Эгер жан дүйнөм тасма болсо, сөзсүз түрдө ал драма жанрында болмок. Үмүт бере турган фильм болмок.
Жаркырап бул жашоодо,
Күлкүм бар, күйүтүм бар.
Жабыксам өбөк болор,
Жыгылсам жөлөп коёр,
Ап-апакай үмүтүм бар...
Нуржамал Жийдебаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |