№1209
Бул ырчы ырларында ата-энеге, айымдарга болгон урматын, сүйүүнү, достукту даңазалап келет. Өзү достукка, сүйүүгө кандай? Таанымалдуулугун кантип пайдаланат? Үйүндө жазылбаган кандай мыйзамдар бар? Маектешим – эстрада ырчысы Ишен Назаров.
– Ишен мырза, кандайсыз? Чыгармачылыкта жаңылыктар барбы?
– Учурда жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатам. Негизи чыгармачылыктын казанында кайнап баштагандан бери репертуарымда 30 чакты ыр бар. Сахнага чыккан алгачкы жылдары тааныштар “жалаң эле мааниси терең ырларды аткарганга басым жасайсың. Шаңдуу ырларды эмнеге ырдабайсың? Же аларды ырдоону жүрөк каалабайбы?” деп көп сурашчу. Ошондо ойлонуп көрүп, элди кайгыртып, ыйлата бербейин деп шаңдуу ырларды да ырдаганга өткөм. Жаңы чыкчу ырларымдын арасында шаңдуулары да бар.
– Сиздин чыгармачылыктын алгачкы кадамдары да көптөр сыяктуу Бишкектеги кафе, чайканалардан башталды окшойт...
– Ооба, ал убак студенттик кезим болчу. Бир жолу чоң курстун балдары “биз чайканаларда ырдайбыз. Бизге аккордеончу керек болуп жатат, кошулбайсыңбы?” деп мени кошуп алышты. Чайканаларда “кабинкаларга” кирип ырдайбыз, эс алуучулар көңүлүнөн чыгарып акча беришет. Ага чейин курулушта да иштеп, кечке чейин тапканым 300 сом болчу. Чайканада болсо 2 саатта эле ошончо акча таап баштагам. Анан тойлорго да бара баштадык. Ошол кездердин чыгармачылыгыма, ырчы катары калыптанышыма, өнүгүшүмө пайдасы тийди. Тапкан каражатымды үнөмдөп чогултуп, ырларды жаздырчумун. “Апакем” чыгармасы хит болуп, элге мени тааныткыча бир топ эле ырларды жаздырып, алар элге сиңбей чыгым болуп, маанай түшүп, кайгырган учурлар болгон.
– Ырчылык жолдо эң кыйыны эмне экен?
– Каражат, атыңды чыгаруу башка маселе, бирок атыңды таанытып алгандан кийин ошол боюнча сактап туруу, менимче, эң кыйын нерсе окшойт.
– Сахна адамынын музыкалык аспаптарда ойной билүүсү жакшы. Сиз азыр кайсы аспаптардын тилин билесиз?
– Комуз, аккордеон, фортепиано, гитарада ойнойм. Мага диапазону кыска ырлар негедир көп жакпайт. Мага жаккан ырлар – төмөнкү тон менен башталып кеңейип отуруп, анан бакырып ырдай турган ырлар. Ошол жарылып кете тургандай болуп ырдала турган ырларды аткарганымда кадимкидей жүрөгүм ырахаттанып, жеңилдеп калам.
– Музыкалык аспаптардын да жан дүйнөсү болот дешет, образдуу айтканда. Сизге сезилеби?
– Мен аккордеондун жан дүйнөсүн сезем. Аны ийинге асынганда эле үнүм ачылып кетет. Мындай ырдасам кээ бир ноталарды ала албай калам. Бир жолу студияда үн жаздырган жигит анымды байкап калып, колума бир чоң сумканы аккордеон сыяктантып көтөртүп алып ырдатып, үн жаздырганы эсимде. Сахнага аккордеонсуз чыксам да колумду кайда коёрумду билбей жүдөй берчүмүн.
– Жаңы чыгып келе жаткан айрым ырчылар сизди сыйлаарын айтышат. Аларга кеп-кеңеш берүүдөн качпайсызбы?
– Эгер сыйлап жатышса, демек, мен жакшы мамиле кылам. Менде жөнөкөйлүк, кичи пейилдик сапат бар. Ким менен сүйлөшпөйүн, ким менен мамиле кылбайын ошонумдан жазбайм. Акыл-кеңеш сурап калышса, чын дилимден айтам. Бой көтөрүп керкейбейм. Негизи эле чыгармачыл адамдарды жолдон чыгаргысы келгендер, азгырыктар көп болорун билип калдым. Бирок мен чуулгандуу иштерге аралашпадым жана аралашпайм го деп ойлойм.
– Үнү жок, бирок хайп жарата алгандар алдыга кетип, мыктылар көмүскөдө калып баратат дешет айрым кесиптештериңиз. Кошуласызбы?
– Ар ким маңдайына жазылганын көрөт. Анын үстүнө “аракетке берекет” дейт эмеспи. Үнү жок болсо да ырдап, замандын талабына жараша социалдык тармактарда активдүү болуп жаткандар бар. Өзүн антип элге таанытуу да талант окшойт деп калдым. Мисалы, мен андай кыла албайм. Эл аларды угуп, көрүп жатса, демек, элге таасири болуп жатат.
– "Жашоо – бумеранг, бирөөгө кылган жакшылыгың да, жамандыгың да өзүңө кайтып келет" дегенге ишенесизби?
– Буга толук кошулам. Өзүм да кабылып келем, бирок жаман жагынан эмес, жакшы жагынан. Азыр деле мындай нерселер болуп турат. Кыйналган бирөөгө жардам берсем, ажаатын ачып койсом, ата-энемдин көңүлүн алып, белек, акча берип кубантсам, тез эле мага билинбей күтпөгөн жакшылыктар келет. Кетирген каражатымдан көбүрөөк тыйын келет дегендей. Кыскасы, бергеним айланып ашыгы менен келет. Ошондуктан кайрымдуулук, жакшылык кылгандардын каражаты азайбай, көбөйүп жүрүп отурат экен дейм ичимден.
– Келиңиз, эми үй-бүлө тууралуу сүйлөшсөк. Үйүңүздө жазылбаган кандай мыйзамдар бар?
– Буюмдардын баары ордунда турушу керек. Ар ким өзүнө тийиштүү ишти аткарышы кажет дегендейлер эле, ашыкча мыйзам деле жок.
– Айрым белгилүү инсандар үй-бүлөсүн эл көзүнөн оолак алып жүрүп, көз тиет деген ишенимди карманышат. Сиз андай нерсеге ишенбейсизби?
– Үй-бүлөнү элден жашырып кармоо мен үчүн эмес. Социалдык тармактарга бала-чакам менен кайда жүрсөм да сүрөт, видеолорду жүктөй берем. Кызым мени менен ырдап чыгып жүрөт. Ушулардан улам күйөрмандарымдын ичинде “кызыңды элге алып чыкпа, көз тиет”, “кызың жаш, элдин оң, терс энергиясын көтөрө албайт”, “кызыңа көз мончок тагып алып жүр” деп комментарий жазгандар көп. Көз тиет дегенди угуп жүрсөм да, негедир коркпойм жана көңүлүмө албайм. 6 ай мурун “Байлыктарым” ырымдын клибине үй-бүлөмдү тарткам. Анда Адеми, Даяна кызым да ырдашат.
– Үй-бүлө курганыңызга 10 жыл болуп калыптыр. Убакыттын өтүшү менен “желек” аялдардын колуна өтөрү тамаша-чын катары айтылып жүрөт. Силерде желек кимде азыр?
– Желек сандыкта эле жатат деп койбоюнбу... Жубайлар бири-бирин түшүнүшсө, сонун жашай беришет. Көп учурда уруш акча маселесинен чыгат эмеспи. Мен Бишкекке келгенден баштап эле тойлорго көп барчумун. Пайдубалын, балким, түзүп койдумбу, бизде андай болгон жок. Кээде бардык жубайлардай эле таарынышып кетебиз, бирок ал таарыныч үйдөн чыкпайт.
– Туулган айылыңызга барганда “жылдызсызбы” же жөнөкөй эле Ишенсизби?
– Өзүмдү “жылдызмын” деп айта албайм. Сен балакет болсоң деле баары бир айылдан чыккан баласың да. Ошондуктан жөнөкөй эле аке, инилер, коңшу-колоңдор менен баарлашкан, алардын жакшылыктарына кубанган мурдагы эле Ишенмин.
– Таанымалдуулуктун жай турмушта пайдасы көп тиеби?
– Пайдасы тийген учурлар көп эле болот. Буга шүгүр дейм. Таанымал болбосом бул ишим узакка барып бүтмөк экен, көп убара тартмак экенмин деген учурлар болот.
– Жашоодо токтоп туруу деген болбойт, же алдыга жыласың, же артка кетесиң. Сизди алдыга жылдырган максаттар кайсы?
– Кудайдын берген талантын таарынтпай, мындан кийин да жакшы ырларды ырдап, элдин керегине жарай берсем деген тилегим бар.
Мээрим Дербишалыева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |