№1209
Белгилүү музыкант Залина Касымова кандай айдоочу? Унаасына кандай кам көрөт? Жолдо жүрүп кандай кызыктуу окуяларга туш болгон? Ушул жана башка суроолор боюнча ырчы айымды кепке тарттык.
Үлгүсү – Kia Sportage
Чыгарылган жылы – 2021-жыл
Кыймылдаткычынын көлөмү – 2000 сантиметр куб
Эң жогорку ылдамдыгы – саатына 240 чакырым
Баасы – 17 миң доллар
– Салам, Залина! Канчажылдан бери рулдасыз?
– Айдоочулук күбөлүктү 2011-жылы окуп алгам. Ага чейин 1 жыл унаа айдап үйрөнүп, тажрыйба топтогом. Жанымда үйрөтүп бирөө жарым жүрчү. Айдоочулук күбөлүк колума тиери менен унаамды жалгыз айдап кеткем. Бишкектин так ортосундагы көчө менен зуулдатып айдап баратып бир аз жүрөксүдүм, корктум. Бирок тормоз менен газды алмаштырып албай жакшы айдадым. Ошол убактан бери керектүү жерлерге унаам менен барып, өлкөбүздүн көптөгөн өйдө-ылдый жолдорун таптап келе жатам.
– Унаа айдоо сизге эмнеси менен жагат?
– Ишенсеңиз, гастролго же бир жактарга эс алууга кеткенимде унаамды кадимкидей сагынып калам. Унаа айдаганымда негедир ырахаттанып, эс алгандай болом. Мен үчүн медитациянын бир түрүнө окшошуп кетет унаа айдаган. Алыс сапарга жалгыз айдаганды жактырам. Жол бою жакшы музыкаларды, пайдалуу подкасттарды угам. Чаржайыт ойлорумду иреттеп алам. Жакшы идеялар жаралат. Айрым тааныш айымдар “узак жолго жалгыз айдап чыккандан коркобуз, сен жүрөктүүсүң” деп калышат.
– Темир тулпарыңыз “таарынып, тултуңдап” калган учурлар болобу? Ага кандай мамиле жасайсыз?
– Ооба, аны менен кадимкидей сүйлөшүп, эркелетип, жандуудай эле аяр мамиле жасайм. Анткени ал бизге чарчабай кызмат кылып жатат. Кээде бордюрду тепсеп өтүп кеткен, жолдогу чуңкурларга түшүп кеткен учурлар болот, ошондо “кечирип койчу” деп калам. Мезгил-мезгили менен “кийимин” (ред.: чехол, полик) жаңыртып турам. Үйгө кирсең бөлмөлөр, унаага түшсөң салонуң таза болсо маанайың да жакшы болот. Ошондуктан унаамды дайыма таза алып жүрөм. Аял киши болгондон кийин керек-жарагыбыз көп да, унаамда өзүмдүн формаларым, балдарымдын кийимдери жүрөт. Өткөндө балдарым менен Вьетнамда эс алып келдик, келерим менен унаама салам айтып, "чаң басып жүдөдүңбү" деп жуудуруп жаркыратып койдум.
– Эреже көп бузбай, жакшы эле айдайсызбы?
– Айдаганымды көргөндөр, жанымда отургандар “улкулдатпай-жулкулдатпай, кайрылыштардан чорт буруп жибербей бир калыпта жакшы айдайт экенсиң” деп калышат. Балдарым кичине кезинде унаага салып жанымда көп алып жүрүп калдым. Ошого катуу айдасам жыгылып кетишпесин, уктап жатышса ойгонуп уйкулары бузулбасын деп акырын, бир калыпта айдап жүрчүмүн. Ошол адат калыптанып калган.
– Демек, айып пул деле төлөбөйт экенсиз да. Же көчөнүн баары видеокамера болгондуктан баары бир илинип каласызбы?
– Мурун азыраак айып пул төлөгөн учурларым болгон. Жол эрежесин оңою менен бузбаганга аракет кылам. Эрежени бузуу, өзүңдүн, жаныңда отургандардын, жөө жүргүнчүнүн өмүрүнө коркунуч келтирүү да. Ошондуктан кылдат, этият айдайм. Эрежени билбей олду-солду айдагандар жолугат. Алардын айдоочулук күбөлүктү сатып алгандары билинип турат. Эми 10 ай окуй турган болушса, ошондо тартиптүү, маданияттуу айдоочулар көбөйөт, жол кырсыктары азаят го деп ойлойм.
– Шашып жатсаңыз да катуу айдабайсызбы?
– Жаштык кез алып-учкан убак болот экен. Кээде ылдамдыкты ашырып жиберген учурлар болуп калчу. Көп ишке жетишейин, бүтүрөйүн деген убак эле да. Азыр балам мага “мурункуга караганда жайыраак айдап калдыңыз” дейт. Бул, мүмкүн, жаш өткөн сайын токтолуп, акыл калчап калгандан болсо керек. Мүмкүн, балдарым жанымда көп жүргөнгө сактанып жай айдап калгандырмын. Кыскасы, унааны катуу айдаганга кызыкпай калыпмын. Жол-белден, Кудай сактасын, сүзүлүп же бирөөнү сөзгөн учурум болгон эмес, ылайым болбой эле койсун.
– Номери өзүңүзгө жагабы?
– Жагат. Мындан мурунку Тойота Камримдин номерин туулган күнүмдүн санына окшотуп сертификат менен сатып алган элем. Аны 6 жыл айдадым, бышык унаа болчу.
– Унааңызды бирөөлөр сураса бересизби же жеке өзүңүздүн гана колдо болобу?
– Ата-энемдин, бир туугандарымдын баарынын уунаалары бар. Ошондуктан алар менин унаамды сураган учур боло элек. Тескерисинче, мен унаа алмаштырайын деп сатып жиберип, кайра ала элек кезде бир туугандарымдын унаасын талашып айдап калам. Мисалы, бул жаңы унаам келгиче 1 ай инимдикин айдап жүрдүм. Мурун унаамды анда-сандаа тааныштарга жакын жерлерге барып келүүгө берип калчумун. Бирок негедир башка бирөө рулуна отурса эле бузулуп баштайт. Ошого кийин досторго бербей калгам. Унаа оңдогонду билбейм, бирок кайсы тетиктери каерде жана эмне милдет аткарарын билем.
– Кыялыңыздагы унаа кайсы?
– Айрымдар унаанын үлгүлөрүнө карап “эмкиде тигиндей же мындай алам” дешет. Унаа мен үчүн статус эмес, керектүү жерге жетүү каражаты гана. Мага башкысы чыккан жылы жаңыраак, ыңгайлуу, бензинди көп “ичпеген” болсо болду. Статус деп кымбат унаа алгандар бар, бирок анысын жакшы карабай, кир кылып жүрө беришет. Негизи унааны кандай айдаганына, кандай күтөрүнө карап адамдын мүнөзүн билсе болот. Жүрөк менен айдасаң унаанын кандай жүрүп жатканын да сезесиң. Унаамдын бузулуп жатканын үнүнө карап эле билем. Негизи ишим чала бүтсө же убагында бүтпөсө кыжаалат боло бермей жагым бар. Ошого эртең, бүрсүгүнү деп жүрө албайм, унаамдын бир жери бузулуп баштаганынан шекшисем дароо устага алып барып оңдотмоюн жаным тынбайт. Убагында майларын алмаштырып, оңдотуп, анан бейкапар жүргөн жагат.
– Мисалы, жолдо баратып дөңгөлөгү жарылып калды дейли, сиздин биринчи аракет?
– Кээде ошондой болот. Мисалы, былтыр шаар ичинде айдап баратып байкабай калыпмын, дөңгөлөгү жаңы эле жарылыптыр. Бир нерсе боло түшкөндөй сезилди дароо. Аялдамага жакын жер болчу, жол чырактан өтүп токтодум. Аялдамада курсант балдар туруптур. Алар “келиңиз, дөңгөлөгүн алмаштырып берели” дешип, багаждан “запаскасын” алып чыгып, заматта бүтүрүп бере коюшту. Аябай ыраазы болуп калдым. Негизи өзүмдүн жолумдан окшойт, ошентип дөңгөлөгүм жарылган учурда эле бирөөлөр жардамга келе калышат.
– Бензинге кетчү акча чөнтөккө күч келтирбейби?
– Күнүнө бензинге канча акча кетерин эсептеп көрбөптүрмүн. Бакты толтуруп алам да жүрө берем. Түгөнөйүн дегенде кайра куям.
– Кандай айдоочуларга жиниңиз келет?
– “Парковка” кыла албай, кайрылыштан “поворотнигин” жакпай койгондор, кайчылаш жолдордо тез, туура кайрыла албай жүдөгөндөр бар. Обу жоктонуп себепсиз эле газды түбүнө жеткире тепкендер көп. Ошолорго жиним келет.
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |