№1209
6 жаштагы Эркайым Дуулатбекова 2 жарым жашынан бери нейробластома – балдарда кездешүүчү залалдуу шишиктин оор түрү менен алышып келет. Таежеси Асел Бектемированын айтымында, сиңдиси жалгыз бой эне. Учурда алар Испаниянын Барселона шаарында дарыланып жатышат. Күн сайын өмүр үчүн күрөшүп жаткан эне-бала жардамга муктаж. Аларга дарыланууга жана жилик чучугун алмаштыруу үчүн 462 миң евро керектелүүдө. Алардын абалы тууралуу таежеси төмөнкүлөргө токтолду.
“Биринчи операциясы жакшы өткөн”
– Эркайым сиңдимдин жалгыз кызы, быйыл 6 жашка чыгат. Башында көзүнүн асты саргайып жатканынан сарык окшойт деп врачка көрүнсөк, “андай эмес, УЗИге түшкүлө” деп жиберген. УЗИден бөйрөк үстүндөгү бездин шишиги деп, так аныктоо үчүн онкология борборуна жиберишти. Ал жактан да анализдерин текшерип, чын эле шишик экенин билдик. Кийинки күнү эле ооруканага жаткырышып, химиотерапия жасап башташты. Ошол жактан нейробластома экенин айтышып, “жилик чучугун (костный мозг) алмаштырыш керек, чет өлкөгө барып көргүлө” деди. Биз көп күтпөй эле Түркияга барып, химиотерапия алып, андан кийин жилик чучугун алмаштырган операция жасаттык. Ал жактан баары жакшы болду. Үч ай сайын текшерүүдөн өтүп турасыңар деген. Биринчи барганыбызда анализдердин жыйынтыгы жакшы чыкты. Кайра үч айдан кийин профессор Бишкекке келип, текшерилдик, бирок анализи жакшы чыкпай, кайрадан сиңдим менен Эркайым Түркияга барышты. Көрсө, залалдуу шишик кайра баш мээсинде козголуп чыгыптыр. Ошентип алар Түркияда дарыланганы калышкан. Сиңдим ошондон бери кызынын өмүрү үчүн күрөшүп чет өлкөдө жүрөт. Түркиядан башка да клиникаларды издеп жүрүп, Барселонадан дал нейробластоманы дарылаган клиника табышты. Азыр ошол жакта дарыланып жатышат.
“Айына 70-80 миң евро керектелет”
– Дартты билгенден бери Эркайым химиотерапия, иммунотерапияга, операциялардын көбүн башынан өткөрдү. Кызыбыз бул терапияларда аябай кыйналат, “чыдай албай жатам” деп ыйлайт. Муну көрүп эч кандай жардам бере албаганың эне үчүн кандай оор. Ошентсе да ишеним менен баарыбыз каражат чогултууну токтотпой келебиз. Анткени кандай гана сумма болбосун ал кызыбыздын дарылануусуна жумшалып, өмүрүн узартып жаткан чагы. Айыгып кетүүсүнө үмүтүбүз чоң.
Үч жылдан бери көп каражат кетти. Азыр да ай сайын чогулган акчаны клиникага которуп турабыз. Айына иммунотерапиясына, химиотерапиясына жок дегенде 70-80 миң евро керектелет. Көптөгөн жардам берүүчү уюмдар менен иштешип жатабыз, баарына ыраазычылык билдиребиз. Бирок алдыда дагы операциясы бар, ага 462 миң евро керек. Ошондуктан элибизден, кайдыгер карабаган адамдардан жардам суроону улантабыз. Эркайымды сактап калууга кол сунушуңуздарды суранабыз.
Маалымат үчүн: Балдарда кездешүүчү бул нейробластома дарты жетиле элек нерв клеткаларында пайда болуп өнүгөт. Көбүнчө бөйрөк үстүндөгү безде жаралат, бирок нерв клеткалары жайгашкан башта, моюнда да кездешиши мүмкүн. Дарылоо процессинде алгач шишикти кичирейтүү жана метастаз коркунучун жок кылуу үчүн химиотерапия жүргүзүлүп, андан соң операция жолу менен шишик болушунча алынат. Дагы күчтүү химиотерапиялардан кийин жилик чучугу алмаштырылат. Мындан соң дагы күчтүү химиотерапиялар, нур терапиясы, калыбына келтирүүчү иммунотерапиялар керектелери медициналык булактарда жазылган.
Жардам берүү үчүн реквизит:
Мбанк – 0550 917 564, Бектемирова А.
О!Деньги, Оптима Банк –
0505 240 681, Бектемирова А.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |