“КӨЗҮМ ӨТҮП КЕТСЕ, КЫЗЫМ ЭМНЕ БОЛОТ ДЕП САРСАНААМЫН”

№1209

Багдагүл апа жашы 70ке таяп калса да 45 жаштагы майыптыгы бар кызын багып келет. 45 жыл баласын жүрөгүнө, колуна көтөрүп келген эне учурда жардамга муктаж. “Дары-дармегибизге, ичкен-жегенибизге, кызымдын арабасына каражатыбыз болсо” деген Багдагүл апанын тагдырын угуп кайттык.

“Такай жанында жүрөм, жетелеп, көтөрүш керек болот”

– Өзүбүз Сокулук районунун Жыламыш айылынан болобуз. Бирок үч жылдан бери Сокулуктун борборунда батирде Эленора (ред.: майыптыгы бар кызы) менен жашап келем. Кызым төрөлгөндө эле шал оорусу менен төрөлдү, көп отура албайт, чыгырыктын жардамы менен үйдө бир аз басат, андан кийин баса албайт, бат шайы кетет. Акыл-эси орточо жакшы, бирок сүйлөгөндөн кыйналат, булдуруктайт. Такай жанында жүрөм, жетелеп, көтөрүш керек болот. Жашыраак кезде билинбептир, улам карыган сайын алым жок, көтөрө албай баратам. Өткөндө сасык тумоо катуу жүргөндө буту-колумдан бери ооруп, көтөрө албай калдым.

Атасы да 2019-жылы инсульт алып, үч жыл төшөктө жатып калды. Аны кызым менен кошо эле карадым. 2022-жылы о дүйнөгө кете берди.

Кызым кичине кезинде невропатолог, ортопеддерге байма-бай каттадык, бутуна операция да жасатып көрдүк, болгон жыйынтыктар ушул болду.

 

“Балам казино ойной калып, үйүбүздөн кол жуудук”

– 5 балам бар, 4 кыз, 1 эркек. Үч кызым тең турмушка чыккан, экөөнүн бештен баласы бар, бирөөсү ажырашып кетти, баары батирде турушат. Уулумду болсо бир-эки жыл мурун шайтан азгырып, телефон аркылуу казино ойноп жатып, Жыламыштагы үйүбүздөн кол жуудук. Карызга батып калган экен. Баламды түрмөдөн көргөндөн көрө, үйдү саталы дедим. Ал да жалданма жумуштарда иштеп, үй-бүлөсүн араң камсыздап жатат. Кызым экөөбүзгө анда-санда жардам берип калышат, бирок шарттары деле жок.

 

“Кызыма майыптардын арабасы болсо деп жүрөм”

– Кызымдын пенсиясы 8 миң сом, меники 7 миң сом. Батирибиздин акысы кышкысын 11 миң сомго чейин чыгат, жайкысын бир аз арзаныраак болот. Айына 4-5 миң сом ашат, бир айлык тамак-ашыбыздын, дары-дармегибиздин акчасы. Ай сайын дүкөнгө карызга жазылганга туура келет. “Мага бир нерсе болсо кызым кантет?” деп сарсанаа болом. Эленора үчүн өзүмө Кудайдан ден соолук тилеп, зикир чалып отурган кезим. Өзү болсо “мен турмушка чыгам, иштейм” деп айта берет. Жардам сурап социалдык кызматтарга да кайрылдык, бирок ошол кайрылган учурда тамак-ашыбызга жардам кылышат. Экөөбүз тең жумушка жараксызбыз, кызымдын келечеги үчүн аргасыздан жардам сурап кайрылдым. Кызыма өзү жүрүүчү майыптар арабасын алып берсем, ипотекадан үй алып калсак деп тиленип жатам. Өкмөт майыптарга үй берип жатыптыр деп уктум эле. Алып калсак, батирге берген акчабызды төлөп болсо да кутула берет элек.

 

Жардам берүү үчүн реквизит:

Мбанк – 0507 882540
Багдагуль М. 

 

Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо