№1209
Экрандан кызыктуу тасма көрүп жатканда анда роль аткарып жаткан актёр-актрисалардын кандай кыйынчылыктан өткөнүн билбейт эмеспизби. Роль үчүн эмнеге чыдоого туура келет, кандай курмандыкка барды, кандай жаракат алды? Бул ирет корей тасмаларында актёр-актрисалар алган жаракаттар тууралуу кабардар кылууну туура көрдүк.
“Кальмар оюну-2де” T.O.P’тун кабыргасы сынып...
2024-жылы чыккан айтылуу “Кальмар оюну-2” сериалында 230-номурдагы Танос аттуу каармандын ролун ойногон рэпер, ырчы, актёр T.O.P (Чве Сын Хён) жаракат алган. Сериалда Танос менен 333-номурдагы Ли Мён Ги (актёр Им Си Ван) дааратканада мушташкан эпизод бар эмеспи. Дал ошол эпизодду тартуу учурунда T.O.P жаракат алып, кабыргасы сынганы белгилүү болгон. Дарыгерлердин тартуу процессине катышпоо талабына баш ийбей, актёр ооруну басаңдатуучу дары ичип алып ишин уланткан.
“Императрицанын кадыр-баркында” актёрго 30 тигиш салынган
2018-жылы “Императрицанын кадыр-баркы” дорамасы чыкканда эч нерседен кабарыбыз жок эле сүйүнүп көрүп койгонбуз да. Ал мезгил тартуучу топ үчүн кооптуу учурлары менен эсте калган. Тарыхый сериалды тартуу учурунда актёр Чве Жин Хёк бетинен травма алып, жыйынтыгында дарыгерлер жаракатты 30 тигиш салып тиккенге туура келген.
Бул эле эмес, сериалга тартылып жаткан дагы бир актёр Шин Сон Рок бутундагы бир манжасын сындырып алган. Айтор, дорама аман-эсен аягына чыкканына шүгүр.
“Жубайлардын дүйнөсүндө” деңиз өзүнө тартып...
Учурунда катуу талкууга алынган, Түштүк Кореянын өзүндө көрсөтүүгө тыюу салынышы керек делген, ошентсе да популярдуу болгон дорамалардын бири – “Жубайлардын дүйнөсү” (“Мир женатой пары”). Эч кандай экшн сценасы жок дорамада кандай кырсык болушу мүмкүн дейсизби? 14-серияда актриса Ким Хи Э менен актёр Ли Му Сэн толкуп-ташып турган деңизде тартылган эпизод эсиңиздеби? Тартуу учурунда катуу толкун актёр менен актрисаны жээктен ары тартып кетип, аз жерден чөгүп кете жаздашкан. Бактыга жараша алдын ала куткаруучулар чакырылгандыктан, алар кооптуу учурду байкап, каармандарды суудан чыгарышкан. Кийин куткаруучулар чынында эле актёрлор чөгүп, трагедия болушу толук мүмкүн болгонун айтышкан.
“Күн мураскерлеринде” сынган кол...
Актёр Сон Жун Ки менен актриса Сон Хе Гёну бириктирген сериал – “Күн мураскерлери”. Тартуу учурунда экөөнүн ортосунда сүйүү оту тутанып, үйлөнүшкөн эле. Тилекке каршы, көп өтпөй ажырашып кетишти. Бирок сөз бул туурасында эмес. Аталган сериал ондогон өлкөлөрдө хит болгону чын. Капитан Ю Щи Жинге ашык болгон кыздар канча эле... Анын ролун аткарган актёр Сон Жун Ки алгач экшн сценалардын биринде тизесиндеги байламтасы үзүлүп кетип, 3 ай дарыланып, кайра тартуу иштерине кайткандан кийин колун сындырып алган. Бирок тартуу иштерин дагы токтотуудан баш тартып, гипс капталган колу менен тартылган. Дораманын акыркы серияларында капитан тирилип келип, палаткада тамактанып жатып видео чалууда кол булгалаган эпизод атайын колдонулган реквизит эмес, чыныгы гипс.
“Каннамдын башка тарабында” -15 градуста жеңил көйнөкчөн Биби...
Триллер, драма, криминал жанрындагы “Каннамдын башка тарабы” дорамасында да актриса жаракат алган учур бар. Биби аттуу каймана ат менен таанымал актриса, композитор, ырчы Ким Хёнсо дорамада түнкү клубдун кызматкеринин образын жараткан. Кыштын күнү, эшикте -15 градус суукта 12 саат жука көйнөк менен тартылганга туура келген эле. “Ушунчалык тоңуганымдан жылынуу үчүн дароо душка ысык суунун алдына киргем. Антпеш керек экен эле. Муздактан дароо ысыкка киргенде бутумдун кан тамырлары дароо кеңейип кетип, ооруканага түштүм. Операция жасатканга туура келди. Суук катуу тийгенден көпкө чейин дарыланып жүрдүм”,- дейт актриса.
“Кымбаттуу Х'те” кол сынып...
Былтыркы жылдын талкууда болгон сериалдарынын бири – “Кымбаттуу Х” болду. Андагы көрүнүктүү ролдордун бирин ойногон актёр Ким До Хун велосипед менен тартылган эпизоддо жыгылып, колун сындырып алган. Актёрдун агенттиги билдиргендей, анын калыпка келүүсүнө 24 апта убакыт кеткен.
“Кыялда” кан көп кетип...
Режиссёр Ким Ку Дуктун “Кыял” тасмасы көптөгөн кино сыйлыктарга татыганын көпчүлүк билет. Бирок дал ушул тасмадан кийин режиссёр бир топко чейин башка тасма тарта албай жүргөн. Буга тартуу учурунда актриса Ли На Ён алган жаракат себеп. Тасмада каарман өз жанына кол салып, билегин кескен эпизод бар. Бул сцена реалдуу көрүнүшү үчүн Ли На Ён дублёрдун жардамысыз, өзү аткарып көрүүнү чечкен. Колун ушунчалык терең кесип салганын актриса да, тартуучу топ да билген эмес. Качан гана актриса эс-учун жоготуп жыгылганда “Тез жардам” чакырышкан. Дарыгерлер кан көп кеткенин, жардам көрсөтүлбөсө актриса өлүп калышы мүмкүн болгонун айтышканда режиссёрдун жүрөгү түшүп калган. Бул кабар коомчулукка тарап, ЖМКларда көпкө чейин чагылдырылып турган. Ким Ку Дук өзүн күнөөлүү сезип, көпкө чейин жаңы долбоор баштай албаганын айтканы бар.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |