№1210
Айрым балдардын энергиясы ашып-ташып, бир орунга отура албай, ары-бери чуркап жаны тынбайт. Кандай учурда балага кадимки активдүү, ал эми кандай учурда гиперактивдүү деген диагноз коюлат? Бул экөөнүн айырмасы эмнеде? Гиперактивдүүлүк эмнеден келип чыгат, калыпка келтирсе болобу? Бул жаатта балдар неврологу Даткайым Ыманбековадан маалымат алдык.
Эки гормон “күнөөлүү”
Балдардагы көңүл буруунун жетишсиздиги жана гиперактивдүүлүк (СДВГ) – бул неврологиялык нормадан четтөө. Кыскартып “гиперактивдүүлүк синдрому” десек болот. Бул синдром кыздарга караганда балдарда 3 эсе көп кезигет. Синдромдо борбордук нерв системи бир калыпта эмес, тескерисинче, бузулуп иштейт. Мындай абалга мээде норадреналин жана дофамин гормондорунун жетишерлик түрдө иштелип чыкпагандыгы себеп. Норадреналин – энергия, эс тутум, үйрөнүү, көңүл буруу, ойду бир жерге топтоо, кыраакылык, стресс, жүрүм-турум, эмоция, сергектикти жөнгө салчу гормон. Ал эми дофамин – мотивация, ырахат, кубаныч, канааттанууга жооп берчү гормон. Максатка жетүү, көңүл буруу, жүрүм-турум жана эмоцияны башкарууда чоң роль ойнойт. Маалыматты эстеп калууга, дененин кыймылын координациялоого жардам берет.
Демек, аталган 2 гормон жетишерлик түрдө иштелип чыкпаганда бала гиперактивдүү болот. Синдромдун жеңил, орто жана оор түрү бар.
Айрым балдардын энергиясы
•Тукум куучулук. Кимдин туугандарында СДВГ болгон болсо, анда баланын гиперактивдүү туулуп калышына 50-80 пайыз коркунуч бар.
• Түйүлдүктүн борбордук нерв системинин жабыркашы. Кош бойлуу аялдын тамеки чегип, ичкилик ичүүсү, ооруп калганда өз алдынча күчтүү дарыны колдонуусу, ара төрөп коюу же төрөттүн узакка созулуп баланын кыйналып калышы.
• Үй-бүлөдөгү эмоционалдык-психологиялык терс кырдаал. Мисалы, үйдө чыр-чатак көп болсо, балага аз көңүл бурулса тез кыжырланма, бир орунда отура албас болуп баштайт. Эркин кармай албаган чыргоолук жаралат. Эс-тутуму начарлайт, жаңы маалыматтарды өздөштүрүүсү кыйындайт жана башка.
Гиперактивдүү балдарга тиешелүү өзгөчөлүктөр
• Ашыкча энергияга ээ. Эмоциясын жана жүрүм-турумун көзөмөлдөй жана башкара албайт. Көзү көргөн жакты көздөй максатсыз чуркай берет. Бир нерсеге көңүл буруп, ой топтой албайт. Маанайы бат-баттан өзгөрүлүп турат. Ошондуктан жашоонун түрдүү тармагында кыйынчылыктарга кезигет.
• Бир нерселерге асылып чыгат, түшөт. Балдар менен мушташат. Канча ирет эскертүү берип, түшүндүрүп, урушуп айтсаң деле укпайт.
• Эркин башкара албагандыктан бир оюнду узак убакытка чейин ойной албайт. Тез эле жинденип, оюнчуктарын ыргытып, жасап баштаган нерсесин талкалап салат.
• Берилген суроолорду аягына чейин укпай, ойлонбостон туруп жооп берет.
• Башкалардын баарлашуусуна, ойноосуна жолтоо болот. Туура эмес кылып жатканын түшүнбөйт.
• Каалоосун ошол замат аткарууну талап кылат, ою ордунан чыкпай калганда дароо жинденет.
• Айрым майда кыймылдарды кыйынчылык менен өздөштүрөт. Мисалы, батинкенин боосун байлоону, кайчыны колдонууну, сүрөт тартууну, жазууну. Тең салмагын сактоо кыйын болгонго велосипедди тебүүнү да кыйынчылык менен үрөнөт.
• Көрүү-мейкиндик координациясы бузулгандыктан спорттук оюндарга жөндөмсүз, өзгөчө топ менен ойнолуучу оюндарга.
• Сабакка бат эле көңүл бурбай калат. Башка нерсеге алаксып, туталанып, чарчай баштайт.
• Класста ордунан уруксатсыз туруп басат, чуркайт. Деталдарга көңүл коюп кароого, мугалимдин айткандарын кунт коюп угууга жөндөмсүз. Ошондуктан тапшырмаларды аткарууда ката кетирет. Сабактан артта калып баштайт. Мугалимдин, жооп берип жаткан окуучунун сөзүн бөлөт. Ойлонуп чыгаруучу тапшырмаларды чыгаруудан качат. Кийимин, окуу куралдарын көп жоготот.
• Өзү теңдүүлөр менен мамиле түзүүдө кыйналат. Анткени анын гиперактивдүүлүгү, сөз көтөрө албастыгы, көп чырдашканы башкалардын жинин келтирет. Ошого бала туталанат, стресске тушугат, түнт тартат. Айрымдарда агрессиясы күчөйт. Өзүн классында, чөйрөдө, алтургай үйүндө да жат сезет. Буга карабастан интеллекти нормада же андан бийик болот.
Активдүү жана гиперактивдүү баланын айырмачылыгы
Активдүү балдар каякка, эмнеге чуркап бара жатканын билишет. Айткан сөзгө көңүл буруп, маани берип, “кой, антпе” дегенди түшүнөт. Үйүнөн шоктук кылганы менен, конокко барганда же элдин көзүнчө өздөрүн жакшы алып жүрүүгө аракет кылышат. Себеби алар башка адамдар менен мамиле куруп, аларга жагууга аракет жасашат. Сабакты, сөздү кунт коюп угууга, сабак бүткүчө чыдап отурууга эрки жетет. Чөйрөсүндөгүлөр менен мамиле куруп кете алат жана башка.
Кантип жардам берүүгө болот?
Баладагы неврологиялык бузулууну коррекциялоого болот, мисалы, жаш кезинде. Андыктан ата-энелер балдар неврологуна, психологго кайрылуулары керек. Алар баланын жашына карап коррекция жүргүзүшөт.
Терапия ичине буларды камтыйт:
• Аутогендик машыгуу. Мындан баланын өзүн, кыймылын көзөмөлдөөсү жакшырат.
• Медитативдүү техника. Бир нерсеге көңүл бурууга, бир орунда эркин кармап отура алууга жардам берет.
• Арт-терапия. Музыка, көркөм сүрөт менен баладагы ашыкча тынчсызданууну калтырууга багытталат.
• Дары-дармектер. Булар нерв системин активдештирип, сергектикти, ойлоо жөндөмдүүлүктү күчөтөт. Мээдеги кан айланууну жакшыртуу менен эс-тутумду, көңүл бурууну, окуп үйрөнүүнү күчөтөт, жаңы маалыматтарды өздөштүрүүгө түрткү болот. Депрессиядан чыгууга жардам берет жана башка.
Ата-эне дагы эмнелерди билиши керек?
• Үйдө тынчтыкты камсыздоо керек.
• Гиперактивдүү балдар эскертүүгө караганда мактоого көбүрөөк көңүл бөлүшөт. Ошого каталарын айта бербей, мактоо кажет.
• Өзүн көзөмөлдөө ыкмаларын психологдон үйрөнүп алып, аны үйдөн үйрөтүү сунушталат. Мисалы, кыска оюндарды ойнотуу, физикалык көнүгүүлөрдү жасатуу аркылуу шарт.
• Эмоцияларын кармана билүүгө жардамдашуу кажет.
• Күн, уйку режимин сактоону, убагында тапшырмасын аткарууну калыптандыруу зарыл.
• Баланын оюн угуп, өз алдынча бир нерсе жасоосуна шарт түзүү керек.
Мугалимдер эмнелерди билиши керек?
• Сабакта балага оор тапшырмаларды ал тажай баштаганга жеткирбей, сабактын башында эле берүүлөрү керек.
• Сабакты бөлүп-бөлүп түшүндүрүү кажет. Ошондо балага түшүнүп, эсинде сактап калуусуна оңой болот.
• Бала башкаларга алаксыбашы үчүн алдыга, мугалимге жакын отургузуу кажет.
• Ордунан ары-бери кыймылдоого уруксат берүү кажет. Анткени алардын кыймылдабай отурууга эрки жетпейт.
• Сабакты көрсөтмө курал менен так, кыска айтып түшүндүрүү абзел. Көп сүйлөгөндө тажап, укпай баштайт жана башка.
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |