№1210
Белгилүү актриса Зарема Асаналиеваны жакындан билгендер “абдан эмгекчил, башкалар чарчаса да, ал чарчабайт” дешет. Чын эле ошондой инсанбы? Сырдаш курбусу ким? Ырчы болууну да кыялданабы? Ушул жана башка суроолорго жооп алдык.
– Зарема айым, кесиптештериңиз менен бирге вайндарды тартып жатасыздар. Мисалы, абысындар тууралуу вайндардын идеясы кимдики?
– Биз, актрисалар деле заман талабына жараша иш кылбасак болбойт экен. Идея курбум Асел Шалтаеваныкы. Ал бир күнү “чогуу вайн тартпайлыбы?” деп сунуштап калды. Мен ага чейин анча-мынча вайндарды тартып калгам да, макул болдум. Бирок “тартканыбыз элге жакпай калсачы?” деп да ойлондук. Баары бир “тобокел кылбаган адам шампан ичпейт” дедик дагы, эртеси ишке кириштик. Арабызга башка актрисалар да кошулушту. Ошентип 6 айдан бери абысындар темасында видео тартып жүктөйбүз. Эл абдан жакшы кабыл алып, кызыгып көрүп жатат. Анткени кызыктуу, андан ар бир келин өзүн көрөт. Түрдүү мүнөздөгү абысындарды мимика, жесттери менен кошо ачып берүү кыйын экен.
– Сизди күйөрмандарыңыз эмнеге жакшы көрөт деп ойлойсуз?
– Куулук-шумдугу жок, чынчыл, баарын бетке айткан жанмын. Кошоматчылык дегенди такыр билбейм. Жаман иш жасабайм, интригаларга аралашпайм. Мүмкүн, ошондуктан жакшы көрүшөттүр. Тыңсың деген комплименттерди да угуп калам, бул балким, балдарымды жалгыз багып, үйгө кирип аялдын, сыртка чыгып эркектин ишин бүтүрө турганым үчүн айтылат.
– Сизди сындап, терс пикир айткандарга мамилеңиз же көз карашыңыз кандай?
– Элдин баарына жагуу мүмкүн эмес. Бирөөгө бетим, бирөөгө мүнөзүм жакпашы мүмкүн. Сындагандар бар, бирок абдан аз. Аларга көңүл деле бурбайм. Бирок чектен ашып, адилетсиз сөз жазышса мен да аларды ордуна коюп коём. Негизи адам болгон соң бирөөнүн көңүлүн оорутпай, бирөөнүн жашоосуна мурдуңду тыкпай жашоого эмне жетсин. Кайтар дүйнө дейт, жактырбай сындаган нерселериң эртең өз башыңа келип калышы мүмкүн.
– Улуттук “Ак илбирс” сыйлыгын алгансыз. Дагы кандай сыйлыктар сизге мотивация берет?
– Кино дүйнөсүнө аралашканыма 20 жыл болуптур. Бул аралыкта көбүнчө тасмалары кино сыйлыктарга көрсөтүлүүчү мыкты режиссёрлор менен иштештим. 20дай тасмага тартылдым. “Ак илбирс” сыйлыгын 2012-жылы “Күкүк Шахрадагы” ролум үчүн алгам. Ал мага чоң стимул болгон. Театрдан “Мыкты дебют” сыйлыгына татыгам. Башка сыйлыктарым да бар. Азыр жашмын, 38ге чыктым. Андыктан мыкты тасмаларга тартылып, эл аралык сыйлыктарга татыктуу болчу роль жаратам деген тилектер, албетте, бар.
– Курбум Асел Шалтаева деп калдыңыз, сиздердин достук тууралуу сурагым келди...
– Экөөбүз мындан 21 жыл мурун таанышканбыз. 9-классымда атактуу актриса Жамал Сейдакматова баштаган таланттар айылга гастролдоп барып калышты. Ошондо апам Жамал эже менен сүйлөшүптүр. 11-классты бүткөндөн кийин Жамал эженин колуна бардым. Эженин үйүндө жашап, театрда чогуу иштеп, анын кызындай эле болуп калгам. Асел анын келини эмеспи, ошентип таанышканбыз. Аселди курбумдан да ашыкча, бир тууганымдай көрөм. Эң жакын сырдашым да Асел.
– Атыңыз элге таанылгандан кийин кандай өзгөрдүңүз?
– “Боз салкындан” бери элдин көзүндө, сөзүндөмүн. Негедир менде өзгөрүү болгон жок. Жакындарым деле жылдыз оорусу менен оорубаганымды, мурун кандай болсом, азыркыга чейин ошондой экенимди айтып калышат.
– Ички туюмуңуз күчтүүбү?
– Ооба. Андан тышкары адамды бир карап анын кандай экенин болжолдоп билип алчу да жөндөмүм бар. Ошондуктан баары менен эмес, тандап, жылдызым келишкен адам менен гана сүйлөшөм, келишпесе, жок. Бирөөлөр менен шатыра-шатман сүйлөшүп, сырымды ача бербейм. Жеке жашоомо оңою менен бирөөлөрдү киргизбейм. Мага жакпаган адам сүйлөсө, суроо берсе жооп берип коё берем, бирок сөздү улантып кетпейм.
– Эйфорияга жетеленип, башкача таасирленип тартылган тасмаңыз кайсы болду?
– Ролдорумдун дээрлик баарын жан дүйнөмдү төшөп, майын чыгарып аткарам. Үстүртөн эле эптеп ойноп коюу жакпайт, андайды искусство да, жан дүйнөм да кечирбейт.
– Адам жашоодо көбүнчө эки нерсеге таянат, акыл жана жүрөк. Сиз кайсынысына басым жасайсыз?
– Мурун көбүнчө акылга салып эле чечип койчумун. Жаш өткөн сайын акыл менен чеччү иште акылды колдонуп, жүрөгүңдү укчу жерде аны угуп калат экенсиң. Буга чейин жашоодо кагылып-согулдум, көптү билдим. Балдарым чоңоюп бараткангабы же жашым келдиби, айтор, мүнөзүм жумшарып баратат. Көп нерсеге кайгырбоону, болор-болбос нерсеге нерв коротпоону үйрөндүм. Өзүмдү сактоону, баалоону өздөштүрдүм.
– Чыгармачыл адамдарга эргүү маанилүү эмеспи. Эргүү келбей кыйналган учур болобу?
– Кээде болуп калат. Киного тартылууда аткарган ролуңдун ичине сүңгүп кирип ойноп, ошол образда жашап каласың. Ошондой учурларда физикалык, эмоционалдык жактан да күч келип, ташыркай түшөсүң. Эргүү келбей калат. Канча бир убакыт эс алышым керек болот. Анан кызыгы – айрымдарга эргүү үчүн тынчтык керек болсо, мага тескерисинче, элге аралашуум керек.
– Айрымдар инсандыгын сыпаттоодо “менде 2 адам жашайт, экөө эки бөлөк адам” деп калышат. Сизде кандай?
– Менде Зарема деген бир эле адам жашайт. Ата-энең, досторуң, мектеп, чөйрөң, алган тарбияң адам катары калыптанышыңа, албетте, таасир этет. Бирок акыл кирип калгандан тартып ак-караны, жакшы-жаманды талдап билип баштайт экенсиң. Айрымдар досторуңдун тизмесинен чийилсе, кээ бирлер кошулат дегендей. Кичинемден атамдан айрылып калганга ата тарбиясын албай калдым, бирок апамдыкы экөөнө тете болду окшойт.
– Айрым актёр-актрисалар тасмага чогуу тартылуу учурунда бири-бирин жактырып калышат. Сизде да мындай болушу мүмкүнбү?
– Андай учурлар болгон эмес жана болбойт. Мен башынан эле “чыгармачыл адамга турмушка чыкпайм” дечүмүн. Ошол талап азыркыга чейин жашайт.
– Бир кезде ырчылыкка да кызыгып жүргөн элеңиз, ал пландар дагы деле күчүндөбү?
– Кичине кезимде ырдап жүргөндө “кийин ырчы болом” дечүмүн, бирок бешенеме актрисалык жазылыптыр. Азыр деле ырдайм, бирок профессионал эмесмин да. “Эч качан эч качан деп айтпа” деп коюшат го. Мүмкүн, эми деле ырдап чыгып калармын, ким билет?! Жаздырган ырларым бар. Ал эми актрисалык – нан таап жечү, эч качан таштабай турган кесибим.
– Жаз майрамдары келе жатат. Кучак толо кызыл роза тартуулачу мырза барбы?
– Бул суроого жооп бербей эле коёюн, ээ?
– Амбицияңыз күчтүүбү?
– Ооба. Амбициясы жок адам чыгармачылыкта жүрө албайт.
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |